ТААНЫМАЛ УКУК ТААНУУЧУНУ КУТТУКТАШТЫ

ТААНЫМАЛ УКУК ТААНУУЧУНУ КУТТУКТАШТЫ

Сүрөттө: Оли Мажилистин төрагасынын орун басары М.Шабозов А. Акжолбековду куттуктоо учуру.

 

Ушул жылдын октябрь айынын аягында республикадагы белгилүү укук таанучулардын бири, жогорку даражадагы юрист, «Тажикстандын прокуратурасынын эмгек сиңирген кызматкери» Мургаб районунун мурдагы прокурору Анварбек Мамараймович Акжолбековдун 65 жашка толгондугуна байланыштуу иш чара райондук аткаруу органынын чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Бул иш чара райондун төрагасынын демилгеси жана аткаруу органынын иш пландарына карата уюштурулду.

 

Мааракеге райондун жетекчилери, эмгек ветерандары, юбилярдын тууган туушкандары чогулушту. Ошону менен бирге маарке ээсинин урматына өткөрүлгөн бул иш чарага, Тажикстандын Парламентинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары Мерганд Шабозов жетектеген парламенттин депутаттары Акрамшо Фелалиев, Махфират Хидирова, Бибидавлат Авзалшоева жана Парламенттин улуттар жыйынын мүчөсү Жамила Кенжекулова катышышты.

 

Мааракенин ээсин куттуктоо үчүн сөзгө чыккан Мургаб районунун төрагасы Мурзабай Жоошбаев Анвар Акжолбековдун басып өткөн эмгек жолуна кыскача токтолуу менен, анын райондогу мыйзамдуулукту орнотуудагы зор салымдарына кеңири токтолду. Ошону менен бирге анын учурда эмгек ардагери катары жаштардын арасында дагы эле тарбия, таалим жанан мыйзамдарды түшүндүрүү иштеринде алып барып жаткан иштери үчүн ыраазылык билдирди. Ошону менен катар эле юбилярга райондук аткаруу органынын атынан баалуу белекти тапшырды.

 

Андан соң сөзгө чыккан Тажикстандын Парламентинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары М.Шабозов Анвар Акжолбековду юбилейи менен куттуктап, анын жалпы республиканын мыйзамдуулуктарын коргоодогу эмгектерин баса белгилөө менен ага парламенттин атынан акчалай белекти тапшырды. Ошону менен катар эле мааракеге катышып отурушкан парламенттин депутаттары да сөз алышып куттуктоо сөздөрүн айтышты.

 

Андан кийин куттуктоо сөздөрү менен Мургаб районунун прокурору Д.Музофиршоев, эмгек ардагерлери Т.Көчөнов, Б.Таипов, Т.Колчокбаев, О.Ноорузбаев, ошндой эле бардык жамааттардын жана мекеме уюмдардын жетекчилери куттукташып чын дилдеринен жакшылыктарды ыроолошту.

 

Жыйындын акрында сөз алган Анвар Акжолбеков аны куттуктагандардын бардыгына, ушул мааракени өкмөттүк деңгеелде өткөрүүнү уюштурган райондун жетекчисине жана жалпы эле анын ак эмгегин баалап, урматтап ушул иш чарага катышкандарга терең ыраазылыгын билдирди.

 

"САРЫКОЛ" гезити ноябрь 2013

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены