Түркияда дарыланган ооган памириндеги кыргыздар

Түркияда дарыланган ооган памириндеги кыргыздар

Ооганстандын Памиринде жашаган кыргыздардын айрымдары Түркияга келип дарыланып кетүүгө аракеттенет.

 

Забухилло Карими 14 жаштагы карындашы Ракыйбанын жүрөгүнө операция жасатуу үчүн Түркияга алып келген.

 

Памир деңиз деңгээлинен 5 миң метр жогору турат. Бул тоолуу аймакты байырлаган кыргыздардын арасында тубаса жүрөк дартына чалдыккандар арбын. Аялдар төрөттөн каза тапса, балдар сууктан жана ар кандай тумоо-бучкактан чарчап калат.

 

- Ооганстанда дарыланганга аракет кылдык, бирок өкмөт каржылабады. Эми Түркияга келдик, кыйынчылык жок эмес. Канча күндөн бери ушул жерде жүрөбүз. Бул жактагы вандык кыргыз туугандар жардам берип жатат, - деди 31 жаштагы Забухилло Карими.

 

Turkia darylangan pamir kg 2Жүрөгүнөн операция болгон Ракыйбага догдур жазып берген дарынын бир кутусу эле 1500 лира (416$) турат экен.

 

Забухилло карындашы бул дарыны өмүр бою ичерин айтып, кейип отурду.

 

- Биз аны төлөй албайбыз го. Ракыйба эки жашында ооруп калган. Памирде дары да, догдур да жок. Кемпирлер бар, ооруп калсаң кара жүндү койдун майына чылап сүйкөшөт. Биз тымоо (тумоо) дейбиз. Карындашыма да тымоо тийип айыкпай, өтүшүп кетти. Агам Пакистанга да алып барды, бир ай дарылап келишкен, бирок айыккан жок. Эми минтип Түркияга келдик. Ооганстандагы ооруканага алып баралы десек, тааныш жок. Түркия менен келишим барбы же жокпу биле албай, анан бул жактагы кыргыз туугандардын жардамы менен Ван шаарына келдик. Туугандар ээрчитип жүрүп догдурларга көрүндүк. Түрк догдурлар колдон келген жардамды көрсөтөбүз дешти.

 

"Азаттык": Карындашыңызды Түркиянын башка шаарларына жиберип, дарылатса болот бекен?

 

- Так диагнозун кое албай жатышат. Анкарага жиберели дешет, бирок биз түрк жараны эмеспиз да акчасы кымбат болуп калат экен. Мен өзүм үч жыл мурда келип, жүрөгүмдөн операция болуп кеткем. Мал-жан каралбай калбасын деп Памирге кайтып кеткен элем. Былтыр дагы келип догдурларга көрүндүм, анда дары-дармек берип кетиришкен. Быйыл карындашымды алып келдим, ушуну менен Түркияга үчүнчү ирет келишим.

 

"Азаттык": Ооганстандагы ооруканалар карашпайбы?

 

- Акчаң болсо карашат. Акчаң жок болсо карабайт.

 

"Азаттык": Ооганстанда Мазари-Шарифке барасыздарбы же Кабулгабы?

 

- Кабулга барабыз.

 

"Азаттык": Памирде эмне жумуш кыласыздар?

 

- Кой, топоз күтөбүз. Ооруканабыз, жакшы бир мектебибиз жок. Бадахшандан мугалимдер жылына үч айга келип окутушат. Келсе келет, кээде келбей да калат. Суук түшкөндө жол жүрүү кыйындайт. Өзүбүз оорусак төрт күн жол жүрүп, эки кырды ашып түшөбүз. Жолдо каза тапкандар да жок эмес.

 

Turkia darylangan pamir kg 3"Азаттык": Үй-бүлөңүз барбы?

 

- Аялым Перигүл, ал да оорукчан. Бутунун бармагы ириңдеп, өтүшүп кеткен. Бул жакта түрк догдурлар операция кылып, бармагын кесип салды. Төрөттөн калган дарты да бар экен. Эки балалуу болгон элек, экөө тең чарчап калды. Памирде бала токтобойт. Кээ бир үй-бүлөлөрдүн 10-11ден балдары чарчап калган. Тилдин учунда эле айтылат.

 

"Азаттык": Эмне менен оорушат көбүнчө?

 

- Ушул сасык тымоо тийип анан өтүшүп кетет. Улам-улам ооруп, сакая албай, буту-колу шишип өлгөндөр бар. Аялдар көбүнчө төрөттөн каза табат.

 

"Азаттык": Кыргызстандагы ооруканаларга барып көрдүңөрбү же дароо Түркияга келдиңерби?

 

- Жок, Кыргызстанга барбадык. Карындашымдын жүрөк оорусу кыйын болгондуктан дароо эле бул жакка алып келдик. Бадахшандагы ооруканадан документтерибизди, Кабулдан паспортубузду аларыбыз менен эле бул жакка жөнөгөнбүз.

 

Кандаштардын жардамы

 

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айыл башчысы Эйүпхан Кошар Түркиянын шаардык ооруканасы жана жергиликтүү мекемелер менен сүйлөшүп, ооганстандык кыргыздарды акысыз дарылатып бергенин айтты.

 

"Азаттык": Памирден Ванга канча кыргыз келди?

 

- Алты киши. Эки аял, эки өспүрүм кыз, эки эркек келди. Ракыйбага жүрөгүнөн, Перигүлгө бутунан операция жасалды. Ошолор менен эле чуркап жүрөбүз азыр. Операцияларын түрк өкмөтү каржылады. Бирок дары-дармектерин өзүңөр алгыла деп жатышат. Аны дагы өмүр бою ичет экен. Кымбат дары экен. Ракыйбанын жүрөк оорусунан башка өпкөсүндө да илдет бар экен, каражаттан кыйналып жатышат. Айына кеминде 500 доллар акча керек дешет.

 

"Азаттык": Дарыланууну түрк тарап колдоп берген экен да?

 

- Ооба туугандарыбызга медициналык колдоо керек деп Ван шаарынын жетекчилери менен сүйлөшкөнүбүздө, макул болушту. Азыр дагы деле Ван шаарындагы Йүзүнжү Йыл мамлекеттик ооруканасында дарыланышууда.

 

Памирде 1400 кыргыз отурукташкан. Алардын 80% Ооганстандын жарандыгын алган. Айрым маалыматтар боюнча, памирлик кыргыздардын саны кескин азаюуда, себеби аймактын климаттык шарты катаал, жашоо деңгээли төмөн.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены