Түп району Памирден 5 үй-бүлө кыргызды көчүрүп келип жайгаштырууга даяр

Түп району Памирден 5 үй-бүлө кыргызды көчүрүп келип жайгаштырууга даяр

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри
Т. А. Сариевге

 

Кайрылуу

Баарыбызга маалым болгондой Афганистан мамлекетинин Памиринде жашаган кыргыз бир туугандарыбыз деңиз деңгээлинен 4200-5000 метр бийиктигинде, эч бир жашоо шарттарсыз, өтө оор акыбалда жашагандыгына байланыштуу алар эрте көз жумуп, Памирдеги боордош кыргыздардын саны кескин түрдө азайып баратат.

 

КСДПнын жаштар канаты Памирлик боордошторго жардам кылуу ирээтинде Ысык-Көл областынын Түп районунун Акими И.Кожалиевге кайрылганбыз. Түп районунун Акими И.Кожоналиев биздин сунушту четке какпай бир тууган элди тосуп жана жайгаштырып алаарына даяр экенин билдирди.

 

КСДПнын жаштар канатынын Памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү демилгесин Эл аралык «Кыргыздар» ассоцияциясынын башчысы Н.Минбаев колдоду жана ассоцияция тарабынан көчүп келүүчү үй-бүлөлөрдүн, көчүп келгенге кетүүчү акча каражат жагынан жардам берээрин билдирди.

 

КСДПнын жаштар канатынын лидери Р.Самудинов, Түп районунун Акими И.Кожалиев жана Эл аралык «Кыргыздар» Ассоцияциясынын башчысы Н.Минбаевдер кенешип биринчи Памирден беш үй-бүлөнү көчүрүп келүүнү макулдашышты. Беш үй-бүлөөнү көчүрүп келүү бул биринчи эле кадам, андан соң дагы үй-бүлөөлөрдү көчүрүп келүү улантылат.

 

Жогорудагы айтылган нерсени эске алып, Биз Кыргыз Республикасынын Премьер Министри Т.Сариевге кайрылабыз, Памирлик Кыргыздардан беш үй-бүлөнү көчүрүп келүү үчүн уюштуруу маселесине жардам берүүнүздү өтүнөбүз. Ушул демилгени колдоо көрсөтөм дегендер бар болсо, биз өзүбүз тараптан толук кандуу кызматташууга даярбыз.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены