Шайлоодо этникалык кыргыздар өз талапкери үчүн 27 миң добуш беришкен! Анда, мандат кайда?

Шайлоодо этникалык кыргыздар өз талапкери үчүн 27 миң добуш беришкен! Анда, мандат кайда?

Республикабыздын башка облустарын кошпогондо Чүй облусунун 44 айыл-шаарларында жашаган этникалык кыргыздардын 42 миң шайлоочусунун 27 миңи шайлоо күнү 56 шайлоо участогунда КСДПнын тизмесине кирген өз кандидаты үчүн добуш беришкен. Эң таң калычтуусу – 27 миң шайлоочунун добушуна ээ болгон талапкерге депутаттык мандаттын берилбей калышы. Ушундан улам мыйзам ченемдүү талап жаралат: КСДП фракциясынын лидери менен БШК өз талапкери үчүн добуш беришкен этникалык кыргыз боорлорунун үнүн угуп, калыс чечим чыгаруулары зарыл.

 

СССР деп аталган зор державанын кыйрашы анда жашаган улуттардын тагдырына башаламандык алып келгенин алиге эч ким унута албайт. Еврейлер Израилге, немистер Германияга, орустар Орусияга жапырт көчө башташты. Башка кыйынчылык түшкөндө ар эл түпкү Ата журтун издеп калары мыйзам ченемдүү көрүнүш тура. 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш от алып, анда кылымдап жашаган кыргыз улуту өгөйлөнө баштаганда, миңдеген кыргыздар эзелки Ата конушунан башпаанек издөөгө шашылышты. Чиркин десеңиз, ыйык Ата журтуң гана оогондо -өбөк, жыгылганда- жөлөк болгудай. Бакыттан биротоло кол жуубагандарына сүйүнүшүп, көчүп келгендер улам көбөйө берип, учурда алардын саны 60 миңден ашып кетти.

 

Согуш качкындарынын 1992-жылдын май айындагы алгачкы кербениндегилери Ала-Тоо койну “Ат байлар алтын казыгыбыз” деп жүрөк жарылгандай кубанышканын сыймыктанып айтышат. Алардын бири – 87 жаштагы Мамазаит Боронов аксакал. Ардагер мугалим Тажикстандагы Жерге-Тал аймагындагы жарандык согуштагы кыргыздар тарткан кыйынчылыкты эскерсе, көзүңө жаш тегерене түшөт. Ал тажикстандык кыргыздардын өткөрө эмгекчил, адилет жана таланттуу эл экендигин далилдер менен айтат. Көчүп келгендердин далайы Кыргыз Республикасынын экономикасына, маданиятына, айыл чарбасына чоң салым кошуп, Ата журтунун чыныгы патриоту экендигин иш жүзүндө көрсөтүп жатышат. Алар эмгектенбеген бир да тармак жок. Демек, улутташтары менен да коюндаш эмгектенишип, республикабыздын гүлдөп-өнүгүшүнө жигердүү көмөк көрсөтүп жаткан кандаштарына өзгөчө сыймыктанууга акылуу.

 

Бирок, алар жер которуп келүүнүн да өзүнчө азап-тозогун, кыйынчылыгын тартып келишет. Муну Мамазаит ата жана анын жердештери кейүү менен айтышты. Кыргыз жарандыгынын жоктугу төрөлгөн балдарга күбөлүк алууда, мектептен окушуна, жогорку окуу жайларына өтүшүнө, үйлөнгөндөрдүн нике күбөлүгүн алуусуна, ооруканалардан дарыланышына чоң тоскоолдуктар жаратууда. Укуктук жактан чектөөлөргө кабылышкан учурлар да аз эмес. Бюрократизм, тоотпогондук, теңсинбегендик сыяктуу көрүнүштөр, албетте, адамдык ар-намыска шек келтирери бештен белгилүү. Кыргызда “Бала ыйлабаса эмчек кайда” деген макал барын эстешкен этникалык кыргыздардын Сары-Өзөн Чүй аймагында жашап жаткан 65 миңден ашуун адамы былтыркы Жогорку Кеңешке болчу шайлоонун алдында арман - укугубузду бийликке жеткирип, коргоп бергендей өз депутатыбызды шайлайлы деген бир чечимге келишти.

 

Ошентип, алар сунуштаган талапкер Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тизмесине киргизилип, республикабыздын башка облустарын кошпогондо Чүй облусунун 44 айыл-шаарларында жашаган этникалык кыргыздардын 42 миң шайлоочусунун 27 миңи шайлоолор күнү 56 шайлоо участокторунда КСДПнын тизмесине кирген өз кандидаты үчүн добуш беришти. Эң таң калычтуусу – 27 миң шайлоочунун добушуна ээ болгон талапкерге депутаттык мандаттын берилбей калышы. Бөтөн республикада чыккан согушка байланыштуу уу-чуудан, адилетсиздиктен жадап бүткөн этникалык кыргыздар өз укуктарын көчө кыйкырыгы менен эмес, сабырдуу териштирүү, акыл калчап ажат ачуу аркылуу гана чындыкка жетишүү ыкмасын туура дешип, мыйзам жыйынтыгын чыдамсыз күтүп жатышат. “Сабырдын түбү – сары алтын, саргара жетет муратка” – дечү эмес беле акылман элибиз.

 

Ар нерсе салыштырууда билинет эмеспи. Жакында эле “Кыргызстан” фракциясынан 3 депутаттын мандаттары кайтарылып алынды. Фракция лидери Канатбек Исаев: “Элмира Жумалиева – 2 миңге жетпеген, Урмат Ишенбеков – 3 миңден азыраак, Чолпон Эсенаманова атасынын колдоосу менен 4 миңге жакын добуш топтошкон” деп айтпадыбы. Ушундан улам мыйзам ченемдүү талап жаралат: КСДП фракциясынын лидери менен БШК өз талапкери үчүн бакыйган 27 миң добуш беришкен этникалык кыргыз боорлорунун үнүн угуп, калыс чечим чыгаруулары зарыл! Талаптын ишке ашырылышын калайык калк КСДП фракциясынын лидери урматтуу Чыныбай Турсунбековдон жана БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдон күтөт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены