Сейитбеков Бейше Азизович

seiitbekov-beishe-azizovich 2Эмгек жолун 1986-жылы Сарык-Могол айылындагы №3 Жданов атындагы орто мектепти аяктагандан кийин «Ленин жолу» колхозунда малчынын жардамчысы болуп баштаган. 1987-1989-жылдары Советтик армиянын катарында Таллин, Калининград жана Ленинград шаарларында кызмат өтөгөн. 1989-1994-жылдары Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында кыргыз мамле¬кеттик улуттук университетинин геоэкология факультетинде окуган. 1994-1997-жылдары Кызыл-Чекарачы совхозунда ар кандай жумуштарда иштеген. 1998-жылдын август айынан 2001-жылдын ноябрь айына чейин райондук өкмөттө уюштуруу жана кадрлар бөлүмүндө башкы адис, бөлүмдүн башчы болуп, 2001-жылдын ноябрынан 2012-жылдын январына чейин райондун төрагасынын аппарат жетекчиси, 2012-жылдын январынан июль айына чейин райондук өкмөттүн экономика жана соода бөлүмүндө бөлүм башчы, 2012-жылдын июль айынан 2015-жылдын май айына чейин райондун төрагасынын аппарат жетекчиси болуп эмгектенип келген. 2015-жылдын май айынан бери Мургаб жамаатынын төрагасы.


БИРИМДИКТЕ АЛГА КАРАЙ БАРАБЫЗ

 

Мургаб жамааты райондогу эң чоң жамаат жана Мургаб районунун административдик борбору болуп эсептелет. Маалыматтар боюнча 1928-жылы түзүлгөн. 2018-жылдын 1-январына карата жамааттын калкынын саны 7746 адам, анын ичинен 3992син аялдар түзөт. Жамааттын жалпы аянты 122,238 км2, калктын жайгашуу жыштыгын карай турган болсок 1 км квадратка 62 киши туура келет. Жамааттын территориясы аркылуу эл аралык маанидеги Душанбе-Хорог-Мургаб-Көлмө, Ош-Мургаб-Хорог автомобиль жолдору өтөт. Мындан тышкары районубуздун борборунда 57 мекеме, уюмдар жана ишканалар, ички авиа каттамындагы аэропорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият мекемелери, 2 аскердик бөлүк, Хорог шаарынын медицина колледжи менен техлицейинин филиалдары, 4 эл аралык уюмдар жана 11 коомдук уюмдар, ошондой эле “Сарыкол” базарында 137 соода түйүндөрү, 10дон ашуун коомдук тамактануучу жайлар, мейманканалар жана башка калкка турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүүчү түйүндөр жайгашып, калкка кызмат көрсөтүүдө. ТБАОнун төрагасынын 22-ноябрь 2016-жыл №408 чечими менен “2016-2020-жылдарга Мургаб районунун жамааттарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндөгү программасы” кабыл алынган. Программа боюнча районубуздун борборунун көркүнө көрк кошуучу бир топ жаңы заманбап административдик имараттардын курулуштары курулуп жатат жана курулмакчы. Атап айтсак заманбап эмеректер менен камсыз болгон Мургаб кыштак жамаатынын административдик имараты курулуп ишке берилди. Бүгүнкү күндө райондук мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын, жаратылышты коргоо бөлүмүнүн административдик имараттары курулуп жакында ишке берилмекчи. Ошондой эле биздин эн чон көйгөйлөрдүн бири болгон калкты электр энергиясы менен касыз кылуу маселеси буюруса жакынкы аралыкта чечилип Мургаб жана Г. Бердибаев кыштак жамааттарынын жашоочулары электр энергиясы менен камсыз болушат. Бул маселе өлкөбүздүн Президенти, тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - Улут ажосу, улуу урматтуу Эмомали Рахмондун жеке биздин районго болгон камкордугунун негизинде кубаттуулугу 1500 кВт болгон Ак-Суу-1 ГЭСинин курулушу аяктап, эгемендүүлүк күнүнө карата биздин жашоочуларыбызга белек катары тартууланмакчы. Мындан тышкары районубуздун борборунда эс алуу паркы, балдар ойноочу аянтча республикалык жаратылышты коргоо комитетини тарабынан анын төрагасы Хайрулло Ибодзоданын жеке көзөмөлү менен курулуп келечек муундарыбызга чон кубаныч тартуулады. Беш жылдык программабыздын негизинде алдыбызда дагы 2020-жылга чейин бир топ алгылыктуу иштер турат. Жамаатыбыздагы негизги эле көйгөй борборубузду көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык маселелеринде коомчулук бизди жакшы колдоого албай жатышат. Бул маселе жеке эле жамаат кызматчыларына эмес жалпыбызга, айрыкча мекеме-уюм жетекчилерине, облустук жана райондук мажлистин депутаттарына, жамааттын депутаттарына, жалпы эле жамааттын жашоочуларына тиешелүү маселелер. Ошондуктан баарыбыз бирдикте бир женден кол, бир жакадан баш чыгарып дегендей жапа тырмак киришип районубуздун борборун ар кандай таштандылардан арылтып, жашаган үйлөрүбүздү, административдик имаараттарыбызды актап, сырдап, иретке келтирип Тажикстан Республикасынын эгеменүүлүгүнүн 27 жылдыгын, мамлекет башчыбыз, тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - Улут ажосу, улуу урматтуу Эмомали Рахмондун биздин районго болгон расмий иш сапарын жогорку уюшкандыкта чон жетишкендиктер менен тосуп алууга чакырабыз.

Учурдан пайдаланып районубуздун жалпы жашоочуларын келе жаткан эгемендүүлүк майрамыны менен куттуктап, эң биринчиден ынтымак, биримдик, тазалык, токчулук каалаймын, жергебизде ар дайым тынчылык болсун.

 

"САРЫКОЛ" пресс

Г.С.Ниязбеков

 

seiitbekov-beishe-azizovich 3

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены