Сарыколдук кыргыздардын оймо, таар кол өнөрчүлүгү

Сарыколдук кыргыздардын оймо, таар кол өнөрчүлүгү

Сарыколдук кыргыздарга оймо, таар кол өнөрчүлүгүн келиши

 

Кыргыздардагы оймо чийме кол өнөрчүлүгүнүн пайда болгондугу көп илгери башкача айтканда кыргыздар Енисей тарапта жүргөн кылымдардан бери келе жатат. Ал жерде кыргыздарды Эдил ажо башкарып турган мезгилде, ал киши ат жабдыктарды, үйлөрдү жасалгалаганга буйрук бергенден бери келе жатат.

 

Долон бий Енисейден качып келгенден кийин, аны артынан кууп келишип Нарын тарапта өлтүрүшөт. Ошондо Долон бийден Акуул, Куу уул, Кызылуул деген үч уул калат. Бул уүч уулдан жалпы кыргыз тараган деген версиялар бар.

 

 

Акуулдан түндүк кыргыздар, же болбосо сарыбагыш, солто жана башка ушул сыяктуу кыргыздын уруулары тарайт. Ал эми Куу уулдан отуз уул уруулары таралган.

 

Ал эми Кызыл уулдан ичкилик уруулары тараган. Ичкилик кыргыздардын «булгаарычы» деген лакабы болгон, бул жип ийрүүчү, кездеме согуучу дегенди билдирген. Мына ошол Кызыл уулдун Ажархан, Темирхан деген аялдары ошол жип ийрип кездеме соккондорду башкарып жетектеп турган экен. Алар өздөрү ар түрдүү кооз көчөттөрдү ойлоп чыгарышып аны соккон таарларга түшүрүшүп ат жабдыктарды, үй жабууларын, эмеректерин жасашкан. Ошондон уулам Ажардан «гажары», ал эми Темирхандан «терме», калган делип жүрөт.

 

Ошол аялдар кол өнөрчүлүк менен алектенгендерге башчылык кылып жүргөндө төмөнкүдөй ыр саптары калган экен.

 

Боз коюмдун жүнү бош,
Мен муну, аркан кылдым кош.
Ак коюмдун жүнүн аралаштырдым,
Кызыл бурма, пиязга.

 

Мында жүндөрдү алар кызыл, сары боекторго боешкон, кызыл бурма деген чепке кызылы, ал эми сарысы пияздын кабына боелгон.

 

Кара коюмдун жүнү, камыштан катуу,
Күзүктү буга уладым кылдан татык.
Көк коюмдун жүнү көпмө,
Мен муну баары кештеге салам төкмө.
Буурул коюмдун жүнү, басык
Баары түрүмө салдым, туз, ачык.

 

Ташбеков Жээнбек



Материалды толугу менен "мынабу жерден" таанышсаңыздар болот.


"Сарыкол легендалары"  Жумагүл Ибраимова

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены