Сары-Колдук уз-усталар

Сары-Колдук уз-усталар

Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү - бул калк казынасы. Атадан балага, энеден кызга өткөн мурас.

 

Биздин Сары-Кол өрөөнүндөгү Мургаб районунда жашаган бир ууч кыргыз элибиздин башынан эмне деген кыйынчылыктар өтсө да, өз эне тилин, маданиятын, кол өнөрчүлүгүн жоготпой сактап келе жаткан элбиз.

 

Сары-Кол кыргыздары ар түрдүү кол өнөрчүлүкө бай келебиз. Байбичелердин ар бир сайган саймалары, жасаган кийиздеринин бетине түшүргөн оймо-чиймелери буюмдун дүйнөсүнүн ички маңызын ачып, жыргал турмушубузду көркөмдөп турат.

 

Биздин турмуштук шартыбызга байланыштуу кол өнөрчүлүгүбүз кээде өзгөрүүгө, кээде токтоп калууга да учурап келди. Бирок, ушул оор шартка карабай элибизден чыккан уз-чеберлерибиздин колунан жаралган эмгектери көп жана сакталып келе жатат.

 

Сары-Колдо жүндөн кийиз жасоо, сайма сайуу, таар согуу, чий согуу, аркан эшүү ж.б. кол өнөрүнүн көп түрүн жасоо - бул аялдардын кадимки милдеттеринен болгон.

 

Ушунун негизинде 11-май күнү Маданият каналынын түз эфирде Сары-Кол элинин кол өнөрчүлүгү жөнүндө айтып берүүгө таарчы Акбутаев Аскар агабыз, саймачы-сокмочу Ооматова Шарапат эжебиз жана Улуу Мекен коомдук фондун төрагасынын орун басары Кудайбердиева Махабат болду.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены