Сары-Колдон өткөн Жибек жолунун баяны

Сары-Колдон өткөн Жибек жолунун баяны

Жибек жолу тууралуу айтылганда албетте Сары-Кол жергесин айтпай кетүүгө болбойт. Ааламга таанылган Жибек-Жолу Чыгыш Памир, болгондо да так ушул Сары-Кол аркылуу өтүп анан ааламга кеткени тарых барактарында таамай жазылып келет.


Азыркы мезгилде ошол Жибек-Жолунун эскирген изи менен ошол кездеги кыймыл башталып калгансыды.

Буга Мургаб районуннун аймагындагы Көлмө ашуусу аркылуу ачылган автомобиль жолу күбө болуп жатат.

 

Аличор өрөөнүнүн жашоочуларынын оозунан Дүйшөнкул Ташбаевдин жыйнаган материалдарынын негизинде алып карасак Жибек жолу Кытай тараптагы Таш-Коргон шаарынан башталып Базар-Дара шаарчасын карай кеткендиги боюнча маалыматтарды билебиз.

 

Аличор өрөөнү боюнча Аличор дарыясынын оң жана сол жак жээктерин бойлото өткөн кербендердин жалгыз аяк жолдорунун издери ушул бүгүнкү күндө да байкалып турат. Ал жолдордун көпчүлүк жерлеринде машина жана мотоциклдер каттагандыктан ошол жолдор билинбей калган. Ал эми кээ бир бурум жерлерде, жар боорлорунда корум жерлерде байкалып, ал гана эмес улоолуулар ошол жолдор менен азыркы күндө да каттоодо.

 

sary-koldon-tk-n-zhibek-zholunun-baiany 2

 

Аличор дарыясынын оң жагы боюнча өткөн Жибек жолу Мургаб кыштагынан бери Найза-Таш аркылуу Боз-Теринин оң жак тумшугунан Чатыр-Ташка кайрылат да андан Түндүк Аличор тоолорунун күңгөй этеги боюнча өтүп, Аличор кыштагынын түндүгү Чолок-Текенин оозунан өтүп, Аличор суусун кечип, Сүмө, Жашыл-Көлдүн оң жана сол тарабы аркылуу өтүп Буурамандын белин карай кетет. Ушул эле жол Көбүргөндү жылгасынан оңго бурулуп анын башындагы Терген-Корум аркылуу Базар-Дара тарапка карай кеткен.


Ушул жол Базар-Дара жылгасынын башындагы Базар-Айрык белинен да Базар-Дарага түшүп кетет. Ошол Базар-Дарадан Мадиянга түшүп, Мургаб дарыясынан өтүп ылдыйлап Чат-Токойго түшүп, андан Муз-Көл сууларын бойлоп Пышартка же бел ашып, Кара-Көл тарапка өтүп кетет.


Аличор дарыясынын сол жээги аркылуу жибек жолу Кош-Агылдан ары Көлмө жолунан түшкөн, Шаймактын үстүндөгү Бейит жана башка ашуулардан түшкөн жол жана Мургаб суусунун башталышы Бозой-Күмбөз жактардан келген жолдор Үч-Колдун Горумду, Кең-Шибер, Орто-Үчкол жана Дөбө-Өтөк же Чат аркылуу өтүп, Кара-Секи белинен Көбүргөн-Секи белиге ашып түшүп Баш-Гүмбөз жылгасынын Кара-Дөмөрдөгү Кош-Таштан секиге чыгып алып Түштүк Аличор тоо кыркасынын тескейи менен Кылыч-Суурду, Көл-Горумду, Сээри-Таш, Горумду, Жантык, Шыгымбет, Тамды, Кумду аркылуу өтүп үч тарапка бөлүнүп кетет.


Биринчиси Боз-Ала аркылуу Аличор дарыясын бойлоп Сүмөгө түшүп кетет да андан Буураман беш аркылуу Бачорго же, Маржанай жылгасы аркылуу оңго бурулуп Кара-Дара Шайданга ашып Сарез көлүнүн аягы аркылуу Рушанга түшүп кетет.


Экинчиси Туз-Көл, Тааркакты жана Кой-Тезек бели аркылуу экиге бөлүнүп бири Упаалы суусун бойлоп Шугнанга, ал эми экинчиси Тогуз-Булак аркылуу Жоошаң-Көзгө түшүп Рошткала суусунун боюна түшөт. Экинчи жол Туз-Көлдүн оң жагы аркылуу Булуң-Көлгө түшүп андан Сасык-Булактын бели аркылуу Жашыл-Көлдүн сол кылаасы менен корум жолду аралап Бачор аркылуу да Шугнанга түшүп кетет. Бул жол аркылуу жөө жана өгүз менен гана катталган. Ат, төө жүрө албайт.


Үчүнчү жол болсо Харгуш аркылуу Кара-Горумду жара аралап өтүп экиге бөлүнөт. Оң жагы Көк-Белес белинен ашып Вахан дарыясынын боюна түшүп Ишкашим районуна карай кеткен, сол жагы Ооганстандын Чоң Паамылына (Чоң Памир) башкача айтканда кыргыздар жашаган аймакка өтүп кетет.


Сары-Кол жергесинин тургундары илгертен эле бул жерлерден соода сатык иштерин жүргүзүп келишкендигин жергебиздин улуу муундагы адамдары азыркы күнгө чейин айтып келишет.


Буга байланышкан көңүл бурарлык маалыматтарды Шаймак айылынын жашоочусу Акылбек Маматумаровдун эл оозунан чогулткан материалдарынан да тапсак болот. Алардын айтымында Жибек-Жолунун каттоо мөөнөтү 1900-1911-жылдарга таандык. Кытайдын буладан алынган жибек кездемелерин, сатылуучу алтын, жамбы, марбет, шуру сыяктуу кымбат баалуу буюмдарын, аштык катары азык-түлүктөрүн ж.б буюмдарын тарткан соода кербендери Кытайдан Кызыл-Рабатка, Ооганстан, Индия, Пакистанга, Чоң-Памыл аркылуу Кундуз ж.б ушул жол жаздын башталышынан, жайдын саратанынан, суук күзгө чейин үзгүлтүксүз сапар карытып турган.


Жибек жолу Таш-Коргондон Базар-Дарага чейин бир күндүк жол болгон. Ошол мезгилде Аличор өрөөнүндөгү Базар-Дара чоң соода борбору болуп, ар тараптан келген кербендер ал жерде соодаларын жүргүзүп, улоолорун тыныктырып, өздөрү эс алып эки-үч күндө кайра жол тартышкан. Кайрадан Базар-Дарадан багымдат намазынан кийин жөнөгөн соода кербени асир намазында Таш-Коргонго жеткен экен. Бул жагы Кызыл-Рабатка кеткен соодагерлер Элчибай байдын айылы Ак-Иймекке барып түнөшкөн. Түшкү тыныгууда пешин намазын ошол жерде окуп, анан жолго аттанышкан. Ал жерде көп үйлүү айыл жайлоолоп турушкан. Кийин Ормонбай өлгөндө ошол даңгинин оозундагы бейитте төөнүн кымыранына жуурулган ылай менен салынган биринчи гүмбөз түшкөн, андай гүмбөздөрдөн 5-6 гүмбөз жайгашкан. Соодагерлер Элчибайдын айылында түнөшүп. Орто-Бел менен Ооганстанга кетишкен. Андан Тегирмен-Суунун ичи менен Пакистан, Индияга чейин кетип турган. 1977-жылдагы Ооганстандагы апрель революциясынан кийин Рахманкул хан да ошол жол менен Пакистанга өтүп кеткен. Ак-Иймек, Чоң-Памыл (Чилап) тарапка кеткен соодагер кербендер Солоңгур көлдүн баш жагы менен Кең-Жылганын, Жыртык-Үй, Айдың-Көл, Бешик-Боз деген жылгалардын катар сууларын кечип өтүп, Сары-Корум аркылуу Зор-Көлдү жээктеп Ишкашимга өтүп, андан ары Ооганстандын Кундуз шаарына чейин барышкан.


Ак-Таш өрөөнүндөгү, Хан-Жолу, Бейик, Ак-Суу өрөөнүндөгү отурукташкан калк Базар-Дарадан соода-сатык жүргүзүшкөн. Албетте, эл көп отурукташкан, көптөгөн окуялардын күбөсү Базар-Дара болгон. Анын маңдай жагында орун алган эски мүрзөлөр буга толук далил экендигине шек жок. Ак-Бейит жайканасындагы күмбөздөрдө да, мүрзөлөрдө канча тарыхтын сырлары жатат, аны тарых өзү билет. Ал күмбөздөр өз сын-сыпатын жоготпои азырга чейин саклалып турат. Ак-Бейит аталган бул күмбөздөр чынында төөнүн кымыранына жуурулуп салынгандыгы азыр дагы көрүнүп турат.


"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

С.Таджидинов, Ж.Ибраимова

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены