Сары-Кол Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында

Сары-Кол Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында

Белгилүү болгондой Советтер Союзуна 1941-жылы фашисттик Германия басып кирип, Улуу Ата Мекендик согуш башталган. СССРдин бардык жерлериндегидей эле Сары-Кол жергесинин жашоочулары да бул алааматтуу согушту жүрөктөрү менен кабыл алышып, гитлердик баскынчыларга каршы экендиктерин билдиришип жалпы элге кошулушкан. Согуштун алгачкы жылдарында Мургаб районунан, аскерге эч кимди алган эмес. Анын себеби али да толук сабаттуу эмес, мал артында жүрүшкөн эл, чек аралаш жайгашкан Кытай жакка кача башташы ыктымал эле.

 

Согушка алгачкы, жолу 1943-жылы жаштарды чакыра баштаган. Ошол кезде Ыраң-Көл өрөөнүндө алтын казуучу прискиде, көптөгөн улуттардын өкүлдөрү иштешкен. Эң биринчилерден болуп ошол жердеги иштеп турушкан орус, татар, украин, өзбек ж.б. улуттагылар согушка аттанышкан.

 

Андан кийин жергиликтүү жашоочулардан армиянын катарына чакырыла башташкан. Жалпы Мургаб району боюнча 1943-44 жылдарда ЗОО дөн ашуун адам аскерге чакырылып согушка жөнөтүлгөн. Алардын көпчүлүгү Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетинен кайтыш болуп келбей калышкан. Согуштан аман кайткандары кайрадан райондун ар түрдүү тармактарында эмгектенишип райондун экономикасынын, социалдык- маданий өнүүгүсунө өздөрүнүн чоң салымдарын кошушкан, согуштагы эрдиктери үчүн орден, медалдар менен сыйланышкан.

 

Алардын катарында:

Аширов Тагай - “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Берлинди алгандыгы үчүн” медалдары менен сыйланган,

Асанов Айдар - “Эрдиги үчүн” медалы менен сыйланган,

Кожоев Шарабидин - “Кызыл жылдыз” ордени, “Сталинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйланган,

Мурзаматов Жананбек - “Германияны жеңгендиги үчүн” медалы менен сыйланган,

Айтиев Мурзамат - “Жеңиш үчүн”, “Эрдиги үчүн” медалдары менен сыйланган,

Касымов Арзыбай - “Германияны жеңгендиги үчүн” медалы менен сыйланган,

Маматисламов Маматали - “Кенгисбергди алгандыгы үчүн” медалы менен сыйланган,

Парманов Ахмат - “Берлинди алгандыгы үчүн” медалы менен сыйланган,

Раматшоев Рузадор - “Эрдиги үчүн”, “Кенгисбергди алгандыгы үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн” медалдары менен сыйланган,

Стамкулов Борошо -“Эрдиги үчүн”, “Будапешти алгандыгы үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн” медалдары менен сыйланган,

Таштанбеков Гожомкул - “Варшаваны бошоткондугу үчүн”,“Берлинди алгандыгы үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн” медалдары менен сыйланган,

Сражов Адахам -“Берлинди алгандыгы үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн” медалдары менен сыйланган,

Шогунов Вазирбек - “Эрдиги үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн” медалдары менен сыйланган,

Сеитов Заирбек - “Германияны жеңгендиги үчүн” медалы менен сыйланган,

Жутаңкиев Айылчы - “Эрдиги үчүн” медалы менен сыйланган,

Жанасулов Курмушу - “Кенгисбергди алгандыгы үчүн”, “Сталинградды коргогондугу үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн” медалдары менен сыйланган,

Абдыкадыров Абдилай - “Эрдиги үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн” медалдары менен сыйланган,

Матанов Камар - “Германияны жеңгендиги үчүн” медалы менен сыйланган,

Назаров Ибраим - “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Варшаваны бошоткондугу үчүн” медалдары менен сыйланган.

 

Жогоруда аты аталган согуштун ардагерлери, ар дайым жаштарга акыл насаатын айтып, аларды патриоттук духта тарбиялоодо көп эмгек сиңиришкен.

 

sary-kol-uluu-ata-mekendik-sogush-zhyldarynda 2

 

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Сары-Кол эли башкалардай эле, оорукта да тээ алыстагы согуштагы жоокерлер үчүн жардамдарды берүүге да өздөрүнүн салымдарын кошуп турушкан. Буга мисал катары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы ооруктагы элдин арасында иштеген Көчкүнчиева Малике апанын эскерүүлөрүн алсак болот.

 

“Менин балалык кезим согуш жылдарында Сары-Колдун, Ак-Суу жергесинде өттү - деп эскерет, Малике апа- ошол кездеги Ак-Суу өрөөнүндөгү көпчүлүк жаш жигиттерди райондун борбору Мургабка алып кетип, аларды машыктырып, марш тептирген. Ошондо айылда жалаң аялдар, келин-кыздар, жаш балдар жана карыган аксакалдар гана калышкан. Алар согушка деп май даярдап берип турушкан, ал майды даярдоо үчүн бир үй-бүлөгө 6-7 фляга май даярдоо планы берилген. А бизге окшош секелек окуучу кыздар, жаш балдар сүт бышырганга талаадан терскен алып, тезек терип берчүбүз. Ар бир үйгө 12 ден топоз инек, 30 баш саан кой бөлүнүп берилип аларды энелерибиз саашкан. Бир короодо 8-10 дон саанчы аялдар болушкан. Алардын тапшырган майларын ар бир короодо бирден эсепчи болуп, эсебин алып турган. Саалган сүттөрдү ошол аркылуу складга өткөрүп, ал жерде бир аял бышырып, салкын боз үйгө коюп каймактарын тургузушкан, анткени ал кезде сепаратор жок болгондуктан, ал каймактарды калпып алышып аны май кылышкан, алды менен жууп алып, анан аны сызгырып кайнатып сары майга айландырышкан. Ошондой склад кармаган аялдардын бири менин энем Исламова Асылхан болгон. Ага сүт бышыруу үчүн сиңдим Анал экөөбүз күн сайын отун чогултуп берер элек. Отун дегенибиз негизинен “чапак” жайып алты-жети жерге кургатылып жайылып анан отко жагылган. Кайнатылган сүттү өз учурунда иштетишкен, антпесе ал ирип кетип бузулган, ал үчүн жоопкерчиликке тартылган. Бул эмгектери үчүн жылдын аягында эмгек акы катары колхозчуларга курут берип турушкан. Май алуу кампаниясы март айынан, август айына чейин жүргүзүлгөн. Күз келери менен ошол колхозчулар кышкыга тоют даярдоо үчүн чөп чабышкан. Ал эми кышында болсо, фронттогу аскерлер үчүн кийим даярдоо жумуштары менен алектенишкен. Башкача айтканда бир үй-бүлө беш койдун терисин ийлеп, жүндөн кол кап, моюн орогуч, байпак, свитер токуп берүү жагы тапшырылган, бир сөз менен айтканда бир аскердин кийимин даярдашкан. Бул иштер үчүн бир литр керосин берилип, аны чыракка куюп, түнү бою окуучу кыздар жип ийрип, андан жогоруда айтылган буюмдарды токуп чыгарат элек”-деп эскерет Малике апа.

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены