Сары-кол согуш ардагерлерине данк

Сары-кол согуш ардагерлерине данк

9 - май жеңиш күнү, кубанычтуу майрам болуп эскерилгени менен бул күндүн тарыхы узак жылдарды камтыйт, бул жеүиш майрамы үчүн канчалаган адамдар жаш каары дебей курман болду, канчалаган өмүрлөрдү алып кетти, эчендеген кандар төгүлдү, албетте мекен үчүн, биздин бүгүнкү жаркын келечек үчүн, ошол кездеги тынчтык жашоо үчүн күрөшкөн.

 

1941 - жылы фашистик Германия тынч жаткан СССР мамлекетин дүрбөлөнгө салып экинчи дүйнөлүк согушун баштайт.

 

1945 - жылга чейин уулаган согушу акыры СССР мамлекетинин жеңиши менен аяктайт. Төрт жыл ичинде канчалаган СССР жарандары биздин да ата-бабаларыбыз колуна курал кармап душмандын огуна тик карап, мекенди кооруп, биздин эртенги тынчтык үчүн баатырча согушуп, баатырча курман болушкан.

 

Мына ошол кездеги согушка СССР мамлекетинин алакандай жерин ээлеп жашасакта мекенибиздин тынчтыгы үчүн Сары-кол жергебизден да ата - бабаларыбыз согушка барып катышып келген. Сары-кол жергеси боюунча канча адам кеткени жөнүндө так маалымат болбосо да согушка катышып келип тизмеге кирип, Сталиндин, Жуковтун медалдарын тагынып кайткан баатыр аталарыбыз 35-40 адамдын санын түзөт.

 

Буларды кээ бирлери:

 

1 - Сайипов Белек Көөнө - Коргон.

2 - Абдыкадыров Абдилай Мургап

3 - Асанов Айдар Мургап

4 - Нажимидинов Жоробай Мургап

5 - Аширов Тагай Мургап

6 - Шогуров Вазирбек Мургап

7 - Рузодоров Рузодор Мургап

8 - Таштанбеков Кожомкул Раң - Көл ж.б.

 

Бул согуш ардагерлеринин тизмеге киргени гана, ал эми тизмеге кошулбай калган, кандуу согуштан кайтпай калган баатырлар эл оозунда эскерилип келинет. Быйыл жеңиш майрамына 72-жыл толуп олтуарт. Кап ушул майрамды көзү тирүү болуп ошол баатыр аталарыбыз майрамдаса жакшы болмок. Канткен күндө да бизге улуу жеңишти тартуулаган согуш ардагерлерине анын ичинен Сары-кол жергесинен согушуп келген аталарыбызга данк жана терең таазим кылабыз. Биз улуу жеңиш майрамын майрамдаган сайын сиздерди эскерип турабыз, бул улуу күндүн артында сиздердин өмүр турат..

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены