Сары-кол кыргыздарынын кыз узатуу салты

Сары-кол кыргыздарынын кыз узатуу салты

Мен этникалык кыргыздардын катарын толуктайм. Тажик Республикасынын тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районун жердеген Сары-Колдук кыргыздарбыз. Каныбыз, жаныбыз, ата-тегибиз кыргыз болгондон кийин кыргызбыз деп сыймыктанып, кыргыздын нукура каада-салтын, үрп-адатын жоготпой кармап жашап келебиз. Сиздерге Сары-Кол кыргыздарынын кыз узатуу салты жөнүндө баяндап бермекчимин.

 



Кыз ала качуу жокко эсе

Сары-Кол кыргыздарында кыз ала качуу кылмыш деп эсептелет. Өзүнүн жактырган кызын ала качып үйлөнгөндөр чанда эле кездешет. Ата-энесинин батасын алып, андан соң той кылып үйлөнгөн жаштар 95 % десем жаңылышпайм. Жаш жубайлар баш кошуп, тою бүткөн соң, кызды тойдон кийин бир жумада өзүнүн бүлөсүнө жеткиришет. Бул салт жердин алыс-жакынына да карайт. Кыз бара турган үйгө арналып нан, боорсок жасалып, кыздын сандыгына барган жердеги аялдарга чачык, кол жоолук, колдо жасалган курак чай туткучтар, чайнектин астына кое турган буюмдар, жаш балдарга оюнчуктар, идиш-аяктар салынат. Нан, токоч, чий боорсок жана башка таттуулар, бир койдун эти алып барылып, ошол жердеги аялдарга таратылат. Кызды көчүрүү дүйшөмбү, шаршемби же ишемби күнүнө белгиленет. Анткени ушул күндөрдү жакшы күн деп санашат.

 

«Бешигиң алдыңдан түшпөсүн…»

Колукту болчу кыздын жакын адамдары, таежелери, кошуналары болуп кыздын чачын экиге бөлүп өрүшөт. Экиге бөлүп өрүүнүн себеби, түгөйлүү болгонунун белгиси. Союш союлуп, тапкан таттууларын алып кирип тартышат. Кыз отурган бөлмөгө жаңы килем, андан соң калың төшөк салышып кызды отургузушат. Аялдардын ичинен сый-урматка татыган жашы улуу энеге кыздын чачын экиге бөлүп өрдүрүшөт. Андан соң чач кеп кийгизип, элечек оройт. Кыз узатууга барган ар бир аял жоолук ала барып, башына салып, шакек ала барып чачына өткөрүшөт. Андан соң алардын эң улуусу бата берет. Кызды алып жөнөгөндө кымбат баалуу материалдан бут астына материал же килем салат. Кызды ошонун үстү менен бастырышып, сыртка алып чыгышат. Эшиктин сыртына оң жак босогого жерден бийигирээк столго чакырышат. Атасы жоолук менен кызынын белин бек курчайт. Бул дегени «барган жериңде белиң бек болуп, кайраттуу бол» деген маанини түшүндүрөт. Андан кийин апасы «Курсагы ачпай жүрсүн, барган жериңде ар дайым токчулук болсун» деп койнуна, ортосуна май салынган токоч катып берет. Ошентип кыздын атасы ошол жерден төмөнкүдөй батасын берет: «Ата-энеңе жагымдуу бол, кайыныңа кайрымдуу бол, айылыңа абройлуу бол, алганыңа жайдары бол, берерге белең аш болсун, көрөргө көсөм жашың болсун, бешигиң алдыңдан түшпөсүн, башыңдан жакшылык кетпесин. Оомийин!»

Андан соң апасы, жеңелери, эки-үч курбу кыздары болуп кызды көчүрүп кетишет.

 

Аркан тосуу ырымы

Сары-Кол элинде кыз узатканда кошок айтышпайт. Келин кайын-журтунун үйүнө бара жатканда, тагырагы беш метр аралыкта аркан тосуу салты бар. Ал жерден келиндин көчү бара турган машинаны токтотуп, аркан тосушат. Аркан тоскон жаштарга жилик, кол жоолук сыяктуу буюмдарды беришип, андан ары жолун улайт. Кыз бара турган үйгө жүз, эки жүз метр калганда келинди жеңелер машинадан түшүрүп, жөө алып жөнөшөт. Ошол мезгилде келиндин кайын журту тарабынан жеңелери тосуп келишет. Жеңелердин колундагы табакта "жалчиман" (мыкчыма) болот. Байбичелердин бири оозандырып, келиндин бетине көшөгөсүн тосуп алып жөнөшөт. Ал эми келиндин жүгү бар машина үйгө келип, жүк түшүрбөй турат. Келин эшиктин алдына келгенде ошол үйдөгү аялдар тосуп чыгышып келинди үйгө алып киришет. Ошол мезгилде «Майлуу, жолдуу келин бол» деп уул тараптын жакын туугандарынын бири оозандырат. Сары майды оозуна салып, калганын «Казаныбызда дайым май кайнасын» деп отко салат. Дагы онго, солго салам айттырып, көшөгө тартылып, келин өзүнүн жеңелери, кошо келген курбулары менен көшөгөгө кирет. Бул учурда келиндин жүгүн түшүрүүгө камынышат. Жүктүн үстүнө кыз тараптан 13-14 жашар баланы отургузуп коет. Бул ырым «Жүк басты» деп аталат. Ал балага калпак кийгизип, көйнөк беришип, жүктүн үстүнөн түшүрүп үйгө киргизишет. Андан соң келиндин жүгү түшүрүлө баштайт. Келинге берилген эмеректер өз ордуна коюлуп, жерге терме чадарлар, шалча салынып, жүгү жыйылат. Жер төшөктөр, килемдер бир үйгө салынат. Келинге берилүүчү эмеректерден эки сандык, эки жабан, жана башка жыгач эмеректер ар ким өз шартына жараша беришет.

 

«Келин келген күнү кайнене үн катпайт…»

Келиндин жүгүн күйөө баланын эки жеңеси жыят. Жүк жыйган эки жеңеге себинен эки чачык же эки жаздык, кээде эки сүйөмө кылып беришет. Келиндин жүгү жыйылып, килем, төшөк салынган соң уул тараптын туугандары ушул үйгө киргизилет. Мындан сырткары үйдүн ичине тегерете жип тартылып, кыздын септери илинет. Мисалы, жүк алды, керебет жапкыч, кийим жапкыч, пардалар, дубалга тосор. Баары саймаланган, чачы жана тор бастырылган. Ошондой эле келиндин ата-энеси, кайын журту тарабынан кийимдер илинет. Ушул учурда кайненеси оозуна жалчиман (мыкчыма) салып үн катпай отурган болот. Yн катпай отурганынын себеби, бир-бирибизге ооз ачпай ынтымакта жашайлы дегендин белгиси. Келин жайланышып бүткөн соң кайненеси көшөгөгө кирет. Келин жеңелери менен туруп ийилип салам салат. Кайненеси «Кудай жалгасын, көшөгөң көгөрсүн, ак элечегиң ообосун, жолдошуңа тирек бол, сарамжалдуу, сабырдуу бол, дайыма жайдары бол, кайын-журтуңа кайрымдуу бол» деп ыраазычылыгын билдирип, алкайт. Келиндин башындагы сырткы жоолукту алып, өзүнүн неберелерине же кыздарынын бирөөсүнө берет да, өзү арнаган жоолугун салат. Ошол мезгилде очокто «чөмүч көөлөргө» арналып «шавла» кайнап жаткан болот. Кайненеси очоктун башына келип кайнап жаткан тамакты өзү бир катар көөлөп, андан кийин жеңелерине келинди алып чыгып казан көөлөшүнө уруксат берет. Бул «Казанды келиниме тапшырдым» деген сөз. «Акжолтой келин болсун» деп кепкирдин сабына ак буланы ороп, келиндин колуна карматат. Келин тамакты табакка толтура салып көшөгөгө алып кирип жеңелери, курбу-курдаштары менен жешет. Толтура салынган себеби «Ар дайым ырыс-кешиктүү болсун, кемибесин, дасторконуң тамак-ашка толтура болсун» деген маанини билдирет. Ал эми казанда калган тамакты жаңы келинди көргөнү келген аялдарга беришет. Келинди оозандырган жалчимандын (мыкчыма) ашканын дагы аялдарга беришет. Кайрадан дасторконго патир нан, боорсоктор төгүлүп, келин кешик деп аталган койдун эти тартылат. Тамактанып бүткөн соң бата берилип, дасторкон жыйылат.

 

«Келин сандык»

Андан кийин келиндин сандыгы ачылат. Сандыкты кайын журту тарабынан бекитилген аял ачат. Сандыкты ачкан аялга кездеме берилип, калган сандык ичиндеги кол жоолук, чачык, оюнчук сыяктуу нерселерди ошол жерде отурган аялдарга таркатышат. Ошону менен үйдө отурган аялдардын карысы же жашы улуусу келинди алкап бата берип, өз үйлөрүнө таркап кетишет.

 

«Кудагый сыйлоо»

Ал эми кийинки бөлүк «кудагый сыйлоо» деп аталат. Келин менен кошо келген конокторду сыйлоо болот. Уул тараптан кудагыйларга аталып бир кой союлат. Келинди көчүрүп келген жакын адамдарына өзүнчө сый көрсөтүлөт. Аларды конок үйгө киргизишет. Жүк басып келген жаш бала баш болуп тамак, таттуулар тартылып, андан соң бир койдун эти тартылат. Келиндин апасына баш-аяк сарпай (кийим) кийгизишет. Калгандарына да сарпай беришет. Койдун башы эркек адамга тартылат. Кудагыйга куймулчак, андан кийин жашына карап жамбаш, кашка жилик, жото жилик, токмок, кары жилик жана башка устукандар тартылат. Дасторкон жыйылып бата берилет. Кудагыйлар кетүүгө камынып жөнөгөндө, кызын төшөккө отургузуп, этегине күрүч, туз, балка, балта бастырып чыгышат. Бул дегени «Күрүчтөй урукташып көбөйсүн», «Таш түшкөн жеринде оор, кызыбыз да таштай оор болуп ушул жерде тынып-тынчысын» деген маанини билдирет. Кыздын апасы кетип жатып кудагыйына кызын тапшырат. «Кудагый, мындан ары менин кызым сиздин кызыңыз. Билбегенин билдирип, өз кызыңыздай көрүп, бүлө кылып тарбиялап алыңыз. Кызымды сизге тапшырдым, сизди кудайга тапшырдым».

 

Кызына кайрылып: «Мына, менин кызым элең, эми ушул бүлөнүн кызы болдуң. Эми ата-энең ушул. Ушуларды капа кылбай, бир сөзүн эки кылбай, алдынан туура өтпөй, жакшы мамилеңди, жакшы сөзүңдү аябай, тиричилигиңди кыл. Кудайым бакыт-таалай, ырыскы-кешик берсин. Көшөгөң көгөрсүн. ушул жерден өнүп-өсүп, бактылуу келиндерден бол. Алганың менен тең карып, бири-бириңерге жөлөк-таяк болуп, ынтымакта жашагыла» деп батасын берип, өзү менен кошо келген адамдарды алып жөнөп кетишет. Кыз апасын узатып чыкпайт.

 

Сары-Кол элинин кыз узатуу салты кыскача ушундай.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены