Сары-Кол эл жомокчулары

Сары-Кол эл жомокчулары

Ар бир элдин жер-суусуна жаратылышы, эл-журтуна жараша салт-санжырасы болот эмеспи. Сары-Кол, Алай элдеринде да миңдеген аалым улама-санжырачы акын-жомокчулар миңдеп өткөн. Ошолордун катарында бизге келип жеткен жана биз билген акын-жомокчуларды да кичине эскере кетсек.

 

Култайдын уулу Куу-Кулак Осмон Чоң-Алайда Чак-Така деген жерде 1857-жылы төрөлүп, Сары-Колдо 1947-жылы дүйнөдөн кайтат. Култайдын уулу Осмон апыз Абдырайым тайярмач экөө Чоң-Алайда Какүлөддөрдүн миңдей жылкысын жарга гүбүрлөтүп жиберип, тага журту Араванга Гожо арыкка тай атасына өтө качат, ал жерден да чуу чыкканда, Чүйгө, Суусамырга, Нарынга , Ат-Башыга, Ысык-Көлгө чейин барып кайра Кытайга өтө качат. Кытайда, Булуң-Көлдө болуп, Кашкардан кайтып Сары-Колго келип, Раң-Көлдө туруп калат. Арапча окуп жаза билген, латынча тамгаларды өздөштүргөн, орус тамгасына ичи күйгөн сабатуу киши болгон. Курманжан датканын уулу Абдилдабек датка жана Алике балбан менен бирге кырк жигитке кошулуп Афганстанга чейин барып, Абдилдабек датка жарадар болуп жарык дүйнө менен кош айтышканда, Алике балбан менен кошо Абдилдабекти Курманжан датканын колуна тапшырып кайткандыгы да көп айтылат жана ырларында да кездешет.

 

Жеңи жок Өтө Көкө уулу менен Жалал-Абад, Чангет, Кум-Бел, Намангандарда бирге жүрөт. Жеңижок менен намангандык Нур-Молдо шарият жөнүндө ырдашып, Нур-Молдо жеңилип калат. Азыркы биздин колубуздагы Эр-Көкүл дастаны да ушул Култайдын уулу Осмондон калган мурас. Кыскасы Осмон апыз Султанбек басмачыга кошулуп кайрадан Кытайга өтө качат. Чоң-Касым Бердибеков биринчи ревком жана Хусейинбаевдер менен бирге Султанбек басмачыны жакшы жагдайлар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Кытайдан келген жигиттери менен кайра алып кетет. Аларга райондун чегинен эч жакка чыкпасын деген чечим чыгарышып, колдоруна жолдомо кагаз беришет. Ал эми Осмон апызды сиз эл аралап ырдабаңыз, колхоздун бир короо коюн багып жата бериңиз деп, каттуу эскертүү берилет.

 

Атам менен ага-ининин балдары болгондуктан экөө тең мусулманча, латынча кат тааныгандыгы үчүн бир-бирине сырларын жашырбай, жазган дастан майда чүйдө ырларын атама таштап кетет. 1948-49-жылдары көздөн калат. Жетелеп жүргөн баласы да өлүп Нисахан комузчунун колунда калат. Бардыгы Алайдан келген бел ашты тууган болуп катташтырбай, эл аралатпай элди бир-бирине тынч коюп, ар бир кадамын эсептеп турушкан. Өзү көп эл-жерди аралап жакшы- жаманды көрүп Жеңижок акындар менен жетелешип бир-биринен таалим-тарбия алып, атагы таш жарбаса да эй деген эшени жок, колдогон кожосу жок дегендей. Ал кезде таланттуу адамдарды колдомок тургай кордоп турган. Алардын көзү өтүп кетсе да, алардан калган ата мурас деп эсептеймин. Ал кишинин чыгармалары Кытай кыргыздарында, чүйлүк туугандарда айтылып жүргөн болсо да азыркы кезде унут болуп кетпедиби?

 

Жапар Абдыкадыров (Узун Жапар)

Жапар Абдыкадыров 1910-жылы Кашкарда туулган. Кан-Кыпчак уруусунан болот. 9-10 жашында ата-энеси менен жана бир туугандары менен Кашкардан келишет. 1919-20 жылдан бери Сары-Кол жергесинде жашап калган. 1930-жылы Дүйшөмбү шаарында ликбезде окуп, Ак-Суу, Токтомушта мугалим болуп иштеген. Алчордо 10 жыл селсовет, Мургаб районунда инспектор райком партия болуп 6 жыл, Сот болуп 5 жыл иштеген. Райондо заведуший, мяссомоалпромдо-начальник, Кара-Көлдө, Кызыл- Чек арачы колхозунда райис, КБОдо жети жыл директор болуп туруп 1989-жылы 13-сентябрда ардактуу пенсияга чыгат. 5 уул, 5 кыз, 10 баласы бар. Согуш жылдарына жакын Кыргызстандан Мургабка кыргыз эл акындары Алымкул Усенбаев, Молдобасан Мусурманкулов, Барпы Алыкулов, Мыскал Өмүрканов менен келген да таанышып Манас айтышып бирге жүргөн.

 

Жапар аксакал көбүнчө Манас, Гөр-уулу Султан, Эр-Көкүл, Жалайыр жалгыз, Саринжи-Бөкөй, Кулмырза менен Аксаткын жана башка толгон токой дастандарды жатка билген дастанчы, акын, сабаттуу киши эле. Арапча, уйгурча, кытайча, латын жана орус тамгаларын да өздөштүргөн. Дүшанбе тажиктеринин тили таза сүйлөгөн тилмеч да боло кеткен абдан кадыр барктуу, эл сыйлаган улуу адам эле. Азыркы кезде балдар кыздары атасынын өнөрүн жерге таштабай дастан айтып ата кесибин жарыкка чыгарбаса да өчүрбөй келатат.

 

Гөр уулу Көчөр

Гөр уулу Көчөр качан туулуп өскөн өлгөнү белгисиз. Бирок Сары-Кол жергесинде Ак-Суу өрөөнүндө Жумабай хандын доорунда туулуп, 1940-жылга чейин жашагандыгы эскерилет. Өмүрүнүн аягына чейин Гөр уулу дастанында ырларды айтып жүрүп өтүп кетти. Ал кишинин чоң уулу Гожомкул (Кийик-Молдо) кичик уулу Нурмат, эң кичик кызы 90 жаштагы Кыргоол эже бардыгы ата кесиби Гөр уулу дастанын айтышат. Гөр уулу Көчөр, Сары-Тейит урусунда шайымдардан.

 

Молдо Үсөн Мурзакаримов

Туулган өлгөн жылдары белгисиз. Чоң-Алайда туулуп, Сары-Кол жергесинде калган. 1930-37-жылдары Мургаб районунда селсовет болуп иштеп келген. Эки уулу бал эле, бирөөсү өлүп, Ысак деген уулу калган. Өзү Чал-Тейит Көкүл уруусунан. Гөр уулу Султан жана Эр-Көкүл дастандарын жатка айтып, ал турсун кат жүзүндө да жазып калтырган.

 

Мурзахмат Сейитматов

Мурзахмат Сейитматов 1896-жылы Чоң-Алайда «Така» деген жерде орто чарбалуу үй- бүлөдө туулган. Өзү менен он эки бир тууган болгон. 1930-жылдары Сары-Кол жергесине келип туруп калган. Кыргыз эл акыны Алымкул Үсөнбаев, Барпы Алыкулов, Мыскал Өмүрканова жана башкалар менен бирге болуп айтышып ырдашкан төкмө акындардын бири болгон. Алымкул Үсөнбаевтин өрук комузун эстеликке алып калып, өмүрүнүн акырына чейин чертип жүрдү. 1970-жылы августта Сары-Кол жергесинде дүйнөдөн кайткан. 8 баланын атасы.

 

Турганбүү Жумабаева

Турганбүү Жумабай Божудар хандын кызы. 1920-жылы Ак-Суу өрөөнүндө туулган. 1995-жылы 5-августта Сары-Могол айылында Алайда дүйнөдөн кайткан. Сары-Тейит Шайым уруусунан. 3 уул жана 1 кыз калды. Гөр уулу Султан, Эр-Көкүл дастандарын жатка билген. Хан кызы болгондуктан арапча жазып окуганды Асан молдодон үйрөнгөн.

 

Матек Кулматов

Матек аксакал Чоң-Алайда «Чак» деген жерде 1897-жылы туулуп, Сары-Колдо 1986-жылы дүйнөдөн кайтат. 3 кызы бар, уулу жок. Төрөбай Кулатов менен эки бир туугандын балдары. Өзү Чал-Тейит макал-лакал айтып, ар бир баскан турганы метел же метелчи киши эле. Сабаты болбосо да санжыраны жакшы билген куйма кулак куудул киши болгон.

 

Айылчы Бекебаев

Айылчы Алай жергесинде туулуп, 1993-жылы Сары-Кол жергесинде калды. Гыдырша уруусунан Гөр уулу Султан, Эр-Көкүлдөрдү жатка айткан. Өзү сабаттуу партийний иштерде иштеп жүргөн, эки уул, бир кызы калды.

 

Ракып Такиев

Мухаммад-Ракып Такиев: түбү Чоң Алайдан Сары-Кол жергесинде туулган. 1965-66- жылдан бери Ноокат районунда жашайт. Жети уул, жети кызы бар. Баласыз болуп жүрүп 50 жашында балалуу болуп 60 жашында жогорку окуу жайын бүтүп ардактуу эс алууга чыккан. Азыр ал 90 жаштан ашты. Тейиттердин Чогорок уруусунан чыккан. Абдыганы Эркебаевдин жакын агасы дастанчы.

 

Эр-Көкул дастаны

Сары-Кол эл санжырасынан

Култайдын уулу куу кулак Осмон

 

Уламадан кеп угам,
Улуу баатыр деп угам.
Улуу элде келатат.
Эр-Көкүл менен Мырзахан.
Элге арман бул дастан
Көп апыздар ырдаган.
Кыргыз казак жеринен.
Газал, өлөң тынбаган.....

 

Уландысын “Памирим” китебинен (көчүрүп алуу) окусаңыздар болот.

 

"ПАМИРИМ" Халил Мурзахматов

Сүрөт Нурмухамед Абдалимовго таандык

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены