Үрп-адат, каада салт: Чай ичирүү жөрөлгөсүн жөнгө салса болобу

Үрп-адат, каада салт:  Чай ичирүү жөрөлгөсүн жөнгө салса болобу

Акыркы убакта чай ичирүү жөрөлгөсү баарыбызды эле түйшүккө салып ойлондура турган маселеге айлана баштады. Кокустан бир адам бир жерде кайтыш болуп калса, "өлгөндүн өзүнүн шору" болсо, ага кошулуп бул жакта калгандардын да, "шору катып" чайды кантип ичирүүнүн жолун чабып, кыжалатта жүргөндөрдү көрбөй коюуга болбойт. "Ушул чай ичирүү тойгозду го, курутмай болду го" деп чуркап жүргөндөрүбүз андан көп.

 

Бул орчундуу маселени канткенде бир жолун таап, бир жөнгө салабыз го же колубуздан келсе таптакыр эле жоюп сала алабызбы деген ой менен ушул макаланы жазууну туура көрдүм. Ушул макаланы окуп, урматтуу окурмандар, чай ичирүү жөрөлгөсү баарыбыздын эле жашообуздагы ким кимибиз болбойлу көйгөйлүү иш экенин баарыбыз эле билип көрүп жүрөбүз, ошондуктан бул макала бир адамдын кыэыкчылыгы үчүн эмес, уруулуу журттун кыэыкчылыгы үчүн жазылган. Ошого калыс жыйымтык чыгарып бир жакшы оюңуздарды ортого саласыздар го деп ойлойм. Бул маселени жазуу менен жеткирүү өтө кыйын ошол себептен кыскача эле жазылды.

 

Чай ичирүү деген биздин ата-бабабыздан калган салт катары Сары-Колдо бүгүнкү күнгө чейин келе жатат. Бул маселе союз мезгилинде арзанчылык болгондуктанбы иши кылыл, андай маселелер анча көңүлгө алынбай баары эч кандай көйгөйсүз эле өтүп келген болсо керек, менимче. Азыркы бул кыйынчылык заманда калкыбыздын көпчүлүгү "кредит" менен жашап жаткан мезгилде мындай ашыкча чыгымдар баарыбызды эле ойлондурбай койбойт. Ушундай маселелерде кыйналып бирин тапса бирин таба албай жүргөн жердештерибизге кокустан кезигип кетип, ошол көйгөй жөнүндө маектеше кетсең, ушул чай ичирүүнү такыр эле жоюп таштаса же бир жеңил жолун ойлоп тапсак жакшы болор эле дегенди да укпай-көрбөй коюуга болбойт.

 

Кайра келип эле өзүбүз эмне болсок ошол бололук таба алсак-албасак карыз да болсок намыс керек иши кылып ошол нерсеге кошулмайынча калбайбыз. Чай ичирүүнү бул негизи шариатка алып караганда туура эместиги жагынан, жада калса ысырапкерчиликтин бир чоң түрү болуп азыркы мезгилде колунда барды да, жокту какшаткан ушул маселе экенинен эч ким тана албайт.

 

Ошол себептен мен айтар элем, ушул маселенин бир жеңилирээк жолун ойлоп, канткенде аз да болсо каражатты үнөмдөй турган жолун ойлосок жакшы болор эле. Кээ бир убактарда бир эле маалда эки же үч жерге чай ичириш керек болот, буга кеткен ашыкча чыгым бир үй-бүлөнүм кеминде бир ай жашагам чыгымы бир күндө чыгып кетип жатпайбы. Мындай учурда эмне кылышыбыз керек ? Бир айласын табыш керек да, көздү жуумп качанга чейин жүрүшүбүз мүмкүн.

 

Бул боюнча менин өзүмдүн жеке пикиримди айтсам; чай ичиргенде кайсы жерде болбосун бир союш сатып алабыз же бирибиз ыйлай-сыктай бир союш соёбуз андан тышкары нан, чай, май жана башка ушул сыяктуу материалдар бир ишке жарабаган бизче айткандай “дежурный чапандар”, калпактар чогултулуп булар эч кимге керекке жарабаганын жакшы түшүнсөк дагы аны алып барып коёбуз. Андан көрө ошолордун ордуна мүмкүнчүлүккө жараша нактай пул (акча) чогултуп алып барсак, ошол оң болотко деп ойлоймун. Ошол мезгилде берилген акча ошол маркум чыккан үйдүн ээсине берилсе, ошол түшкөн акчаларды иштетип, кийин бир куран окутса болот. Ошондо кеткен чыгым аз да болсо кыскарат го деп ойлоймун. Эми чай бергени барганда бир айылда болсок чайды же тамакты күтпой эле кайтканыбыз оң болот, себеби кайра туйшук жаралтып чай бергенибиздин жообун ала келбей. Алыс жерге барсак бирден чыны чай ичип эле кайтканды адат кылсак. Барганда муси бата отурган тараптар деле намыс кылып ар нерсеге убара болбосо, ушунун баарын баарыбыз туура түшүмүп кабыл алсак.

 

Эми кайсы эле нерсе биринчи жолу жоюлса же өзгөрсө окшобогондой сезилет, бирок убакыттын өтүшү менен баары өз нугуна түшөт деп ойлойм. Кара аш алгач жоюлганда да канчалаган талаш-тартыштарды пайда кылып, акырында бардык эл түшүнө баштаганда өз нугуна түшкөндөй болду, болбосо бул да бир салттын бири болчу.

 

Заманга жараша бардык салттарыбыз өзгөрүп жатпайбы ошондой эле чай ичирүү салтыбызды да кичине кыскартсак тоскоол болбос. Биз өэүбүздү мусулман деп эсептегенден кийин шариатта тыюу салынган нерселерден канча керек алыс болгонго аракет кылганыбыэ оң деп ойлоймун. Ушул кеткен ашыкча чыгымдарды башка сооптуу нерселерге жумшасак .

 

Мисалы: бир бечара үй-бүлөгө же бир акчасы жок дарылана албай жүргөн адамдарга жана башка ушул сыяктууларга садака иретинде ушундай чай ичиргендей жамаатыбыз менен жардам көрсөткөндү салтка (адатка) айландырсак, канчалаган соопторто ээ болушубуз күмөнсүз деп ойлоймун.

 

Абдиламит Нуранов Аличор жамаатынын дин иштеринин башкы адиси
«САРЫКОЛ» - пресс
№ 7-8:2016
sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены