Россиядагы "Сары-Кол"коомунун түзүлгөнүнө 10 жыл (видео/сүрөт)

Россиядагы "Сары-Кол"коомунун түзүлгөнүнө 10 жыл (видео/сүрөт)

2022 жылы 28-август күнү Россия жергесинде "Сары-Кол" коомунун түзүлгөнүнө 10 жыл болгонуна карата "Сары-Кол" коомунун негиздөөчүсү, төрайымы Майиз Бердибекова тарабынан уюштурулган этникалык кыргыздардын үрп адаты, каада салты, тамак ашы, суусундуктары жана оюн зоокторун көргөзү фестивалы өткөрүлдү. Фестивалда Мургаб элинин кол өнөрчүлүгү, таардын курулушу, ар түрдү саймалардын түрлөрү, жүн тытуу, ж, б, көргөзүлдү.


Келген меймандарды этникалык кыргыздардын тамак ашы: умач аш, курут, куурулган атала, ж, б, тамактар менен тосуп алдык. Меймандар бул тамактарды таң калуу менен даам татып жатышты. Биздин чий боорсок, талкан, жалчиман ж, б тамактарыбыз да дасторкондун көркүн чыгарып, келген меймандардын көңүлүн бурду. Ошондой эле дасторконго сары май кошулуп курут тартылып коноктордун маанайы ачылды, көптөн бери даам тата элекбиз деп бир топ коноктор биринчи жолу ичишип таңыркашты.


Сейдали Нажимидинов тарабынан кыргыз оюндары: "Ооган тебиш", "Ордо оюндары жогору денгелде көргөзүлдү. Оюнга биздин жигиттер Маматөрө, Жакып ж, б көптөгөн жигиттер катышты. Ошондой эле Мургаб элинин кичинекей кыздын чачын өрүү салтын көргөзү өтө жогорку денгелде өттү. Сарыколдун аялдары кийген белдемчи меймандардын кызыгуусун жаратты.


Айрыкча башка элдин Башкыр, Корея, Казак, Өзбек, Алтайлык кыргыздар жана Тажик диаспораларынан келген конокторго абдан жакты, ыраазычылыктарын айтып Алтай кыргыздарын төрагасы Акай Кине "Сары-Кол" коомуна өзү жасаган ооз комузун тартуу кылды.


"Сары-Кол талантары" деген ат менен түзүлгөн шайырлар группасы өтүп жаткан иш чараны көркунө чыгарышты. Атыны атап кетсек Абдыразак, Тургун, Отузулбек, Адахан, Абдыганы, Нурлан, Карим, Айнагул, (Чолпон). Бул кечеде Нурмухамет Болотбековдун сөзүнө жазылган "Сагындым Сары-Колум" деген ыры Тургунайдын аткаруусунда айлананы шанга бөлдү.


Кечени уюштуруу иштерине Россия жеринде эмгектенип жаткан Мургабтын кулундары өз салымдарын кошушту. Умар, Жусуп, Говарбек, Эркин, ж. б көптөгөн жигитерибиз үй бүлөөлөрү менен кызматта болушуп тикесинен тик турушту.


Иш чарага Кыргызстандагы жердештерибиз да жөн карап турбастан акчалай жардам беришти, "Сары-Кол" коомунун негиздөөчүсү, төрайымы Майиз Бердибекова тарабынан уюштурулган иш чара жогорку денгелде өз максатына жетти.


Мургаб деп жүрөгү согуп келген "Сары-Кол" коомунун төрайымы Майиз Бердибекова катышуучуларга, уюуштуручуларга, салымын кошкон Сарыколчуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

 

rossiiadagy-sary-kol-koomunun-t-z-lg-n-n-10-zhyl 2 rossiiadagy-sary-kol-koomunun-t-z-lg-n-n-10-zhyl 3
rossiiadagy-sary-kol-koomunun-t-z-lg-n-n-10-zhyl 4 rossiiadagy-sary-kol-koomunun-t-z-lg-n-n-10-zhyl 5 rossiiadagy-sary-kol-koomunun-t-z-lg-n-n-10-zhyl 6

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены