Үркүн. Улуу Памир кыргыздары…

Үркүн.  Улуу Памир кыргыздары…

Пакистандын түндүгү. Сыртта ызгаардуу кыш. Адырлуу шаардагы дүкөндөрдүн бирине эки чет элдик баш бакты. Европадан келгендей түрү бар, сулууча келген аял асма баштык көтөргөн, узун бойлуу эркектин колунда фото аппарат. Ичкери киргенде күйөөсү орундукта отурган кишини көрөт.

 

Бернард Репонд ооган кыргыздарынын советтик оккупациянын алдында Пакистанга ооп баргандагы татаал турмушун өз көзү менен көргөн саналуу адамдардын бири: – 1979-жылдын январы болчу. Биз Пакистандын түндүгүндөгү Гилгит деген шаарда жүргөнбүз. Иранда лыжа боюнча инструктор болуп иштечү элек, Гилгитке саякаттап барганбыз. Калчылдаткан суук болчу. Гималай тоолорунун кучагында, Индия менен талашка түшкөн.

 

Кашмир аймагында жайгашкан Гилгит шаары Кытайдан келүүчү Каракорум жолунун боюнда турат. Бул тарапта элдин көбү шииттер болгондуктан, жергиликтүү калктын Пакистандын борбордук бийлиги менен мамилеси анчейин эмес. Бернард Репонд ал кезде кырктын кырындагы жаш ишкер болгон. Дал ушул Гилгитте Репонд Рахманкул хан менен таанышат.

 

Жакында Швейцариядагы үйүнө барганымда Репонд Рахманкул хан менен 30 жылдан кийин Түркияда көз жумганга чейин созулган достуктун башатындагы ал окуяны мындайча эскерди:

 

– Сүрөт тартканга пленка издеп жүргөнбүз. Сыртында KODAK деген чоң жазуусу бар дүкөнгө кирсек, ичинде эки киши бар экен – бири пакистандык дүкөнчү, экинчиси салабаттуу, чоң киши. Четте отургучта отуруптур. Мен ал кишиге кол жаңсап, Розмариге «Бул Рахманкул хан, Ооганстандын Кичи Памириндеги кыргыздардын башчысы» дедим.

 

Аялым «Кайдан билдиң?» деп таң калды. “National Geographic журналынан ал тууралуу макала окугам, ошол жерден сүрөтүн да көргөм” дедим. Ал кезде миңден ашык памирлик качкындын көбү Гилгиттин айланасында чачылып, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн эле. Рахманкул хандын бир ууч эли Кабулда ооган коммунисттери бийликти басып алгандан көп өтпөй үрккөн. Алар Пакистанга муз-мөңгүлөрдү басып келишкен эле. Ал кезде Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чекте азыркыдай күзөт болгон эмес.

 

Туурасы ондогон чакырым келген мөңгүлүү өткөөлдөрдө качкындар бир топ малынан кол жууйт. Арасында орто бой, каратору Кудаяр деген кыл мурут жигит да бар эле:

 

“Муздуу даван (бел, ашуу) бар экен, ошону ашканда муздун жаракаларына көп кой түшүп кеткен. Мен да койлорумду ошондо жоготком. Сууга акканы сууга акты. Дагы бир бала бар эле, ал да агып кетти. Бизден бирөө ат менен барып, суудан алып чыкты” – деп эскерет тагдырдын татаал сыноосун Кудаяр Субанкул уулу.

 

Бул үркүндө Кудаяр Субанкул уулунан үч жаш улуу Саим да кой артынан келген. Саим көк көз, ак жуумал келген 17 жаштагы жигит эле:

 

- Пакистанда чатырыбыз да жок эле, шалча-кийизди ташка жаап жатчубуз. Качканда билинип калат деп, тигилген бойдон калтырганбыз. Орустун, азыркы Тажикстандын чек арасына жакын эле, аркы тараптан советтик чек арачыларды дүрбү салганда бири-бирибизди көрүп калчубуз. Бирлер түн ичинде жолго чыкты, кээ бирлери күндүз качты. Мен кой менен келгем ошондо.

 

Мен Кудаярга жакында Бишкекте, ал эми Саид Мулла Аса уулуна Түркиядагы Улуу Памир кыргыз айылында жолуктум. Күбөлөрдүн эскерүүсүндө жол татаал болуп, анын үстүнө артынан кууган эч ким жок экенине көздөрү жеткенден кийин, качкындар жол ката токтоп, кой союп жеп, улам эс алып жүрүп отурушкан. 1978-жылдын августунда жолго чыккан 300 чакты түтүн эл бир жума дегенде Пакистандын эң түндүгүндөгү айылдардын бирине келип түшөт.

 

Түндүктөгү асман тиреген тоо тараптан жер жайнаган мал айдап, өңү бөлөк, тили буруу жүздөгөн киши атчан, жөө-жалаңдап каптап келгенде, Имит деген бул чакан айылдын тургундары айран таң калышат. Анткен менен өздөрү да тоолуктар эмеспи, алик алып, үйүнө киргизип, чай беришет. Анын үстүнө келгиндердин малын көрүп, булар укмуш бай болсо керек деп ойлошот. Эл башчылары кымбат баалуу чапан жамынып, кийимдери тыкан, кыздары кызыл-тазыл көйнөк кийген, салабаттуу байбичелердин колдорунда күмүш шакектер жаркырайт.

 

Имиттеги кыйын кезең

 

Ооган кыргыздарын изилдеген Назиф Шахрани келгиндерди Пакистанда өтө шектенүү менен кабыл алышканын эскерет: – Пакистандыктар алардын ким экенин билген эмес. Кыргыздар аларга өтө шектүү көрүнгөн. Ооган дегенде алар пуштундарды гана билишчү. Бирок булар пуштундарга окшош эмес эле. Тилдери да бөлөк. Пакистандыктар өтө шек санаган, кыргыздарга алгачкы жыл өтө оор болгон.

 

Памирде турганда Рахманкул хан баш болгон бай-манаптар Кабулга жылда барып, Закир шахтын кабыл алуусунда болуп, аркы-теркини жакшы түшүнүшчү. Ооган Памирине чет элдик саякатчылар да көп келишчү. Рахманкул хан аларды эл башчысындай сыйлап, коноктоп узаткандыктан, батыштык саякатчылар, совет таануучулар, изилдөөчүлөр арасында анын кадыры жогору болгон. Бирок Пакистанга келген анын жердештеринин көбүнүн бул тоодон биринчи жолу түшүшү эле. Тоо болсо да, жери чөлгө окшоп какыраган, турмушу жакыр Имитте жайыт жокко эсе болчу.

 

“Пакистандын жери тар болот. Малчылыкка болбойт. От жок, малдарыбызды саттык” – деп эскерет ал күндөрдү Кудаяр Субанкул уулу. Тыңыраактары койду ылдыйдагы Гилгитти көздөй айдап барып, текейге сатышат. Байлардын малын айдагандардын арасында Касымбек Шакир уулу да болгон: – Памирде Рахманкул хандын 10 миңдеген майда жандыгы болгон. Топозу, төөсү көп эле. Анын көбүн Пакистанга айдап келген. Пакистанда малды сатышкан, анткени бага алмак эмес. Сатып, акча кылышкан.

 

Касымбек Шакир уулу азыр Түркиядагы Улуу Памир айылында жашайт, быйылга чейин айыл башчысы болгон

 

Ошол кыйын кезеңде кыргыздар бытырап, ар тарапка чачылат. Негизинен Гилгит, Хонза деген шаарларда жан сакташты. Аялдар үйдө калып, эркектер текейге жалданып иштешет. Күндүн ысыгынан балдардын ичи өтүп, өлүм көбөйөт. Ай айланбай улам бир үйдөн өкүрүк чыгып, кошок кошулат. Азыр эр ортону 50 жаштын курагындагы Түркиянын жараны Кудаяр Субанкул уулу да ошол кезде туугандарынан ажырайт: - Менин Абдыпазыл деген бир чоң абам бар эле, акамдан зор (улуу болчу), ал киши өттү. Чоң кайненем дүйнөдөн өттү. Кичинекей балдар, кемпирлер, чалдар касал (оору) болуп, көздөрү өтүп кетти. Азыр Түркияда жашаган памирчилер күнү бүгүнгө чейин Пакистан жеринде көмүлгөн туугандарынын атын өчүрбөй, арбагына куран окутушат.

 

Турдакун ажы Атабек уулу памир кыргыздарынын ооган парламентиндеги мурдагы депутаты болгон:

 

- 200-350 чакты, негизинен кыздар, аялдар, жаш балдар аптапка, ооруга чыдабай өлүп кеткен экен. Мен муну 2010-жылы Түркияга барганда айтышты. Эркектер арасында өлүм көп болгон эмес экен. Ошол кезде бир нече кызды тили буруу элге күйөөгө беришет, кээлери элден бөлүнүп, дайыны табылбай калат.

 

Турдакун ажынын уруусу Рахманкул ханга кошулбай, Памирде калып калган. Азыр Кабулда жашаган Турдакун ажы мындан 10 жылдай мурда Гилгит тарапта болуп, ошол кыргыздардан кабар алган: – Кыргыздын кыздарынан 3-4 кыз күйөөгө чыккан, дагы 3-4 эркек Гилгитте, Чатралда жана башка жерлерде калган. 1200 чакты кыргыз ошондо ар бир төртүнчүсүнөн ажыраган. Дүйнөдөгү эң суук аймактардын биринен келген памирликтер ысыктан айрыкча азап тартышкан.

 

Кудаяр Субанкул уулунун айтымында, көнбөгөн тамактан да кыйналышкан:

- Ылдыйда кан басымы түшүп кетет. Пакистанда суу жок, ичсеңиз да жылуу ичесиз. Микробдошуп, куртташып, ич оору болду. 45-50 градус ысыкта тамак иче албайсың. Кыргыздар биз эт жегибиз келет, (бирок) жакшыраак эт таба албайбыз. Ал арада профессор Шахрани памирчилердин Пакистанга ооп кеткенин угуп, көңүлү тынбай, Америкадан учуп келет. Алардын акыбалын көрүп, эл аралык уюмдарга шашылыш кат жөнөтөт. Англисче макала жазып, ал кезде эч ким билбеген памирлик качкындар тууралуу дүйнө коомчулугун кабардар кылат. - (Алар Памирлик кыргыздар советтик баскынчылыктын алдында Ооганстандан кеткен биринчи качкындар болгон.) Гилгитке мен 1979-жылы июнда бардым. Абалдары оор, жардам берген киши жок. Малын сатып, сойгонун союп түгөтүшкөн. Ач-жылаңач. Мен БУУнун Качкындар агенттигине кат жаздым. Ошондон кийин кыргыздарды чогултуп, Гилгиттин жанына чатыр лагер куруп беришти. Чыгыш Түркияга кеткенге чейин кыргыздар ошол лагерде үч жыл жашашты.

 

Качкындар лагериндеги турмуш

 

Какыраган талаага түшкөн ак чатырлуу лагерде памирчилерге тамак уюштурулуп, дарыгерлер келип турушкан. Балдар мектепке жиберилген. Андай мектептердин биринде окуган Азиз Айтмамбет уулу ошол жерден жаңы тилдерди үйрөнгөн: - Түркияда кийин түркчө окудук. Пакистанда урду тилинен баштаганбыз. Гилгиттин жанындагы Ишкашам деген райондо мектепке бардым. Урду, анан ошол жердин жергиликтүү тили – чатыралча окутат эле. 46 жаштагы Азиз Айтмамбет азыр Стамбулда туристтик агенттикте иштейт. Ал орто муундагы памирчилердин көбүндөй эле, түрк тилинен тышкары фарсы, урду тилдерин билет.

 

Гилгитке келген кыргыздарга баш калаа Исламабадда да бийликтер шектенүү менен мамиле жасашкан. Ошол кездери Памир кыргыздарын изилдеген дагы бир этнограф, франциялык профессор Реми Дордун кеңеши менен Гилгитке британиялык тележурналисттер барышат. Алар Рахманкул хан менен жолугууга Пакистан бийликтеринен кыйынчылык менен уруксат алышат. Чет элдик журналисттерди такай атайын кызматтардын өкүлдөрү коштоп жүрөт. Алардын көзүнчө Рахманкул хан пакистандыктар түшүнгөн фарсы тилинде сүйлөөгө мажбур болот. “Эл башы” деген макамына жараша Рахманкул хан өзүнчө короосу бар, бак-шактуу үйдө жашоого уруксат алат. Ал ошондой эле Гилгитте дүкөн иштеткен.

 

Рахманкул ханга Гилгитте жолуккан швейцариялык ишкер Бернар Репонд кыргыздардын соодасы анча жакшы жүрбөгөнүн эскерет. Чет элдик журналдан окуп, өзүн дүкөндөн тааныган Бернард Репондду Рахманкул хан Имит айылына жиберет. Бернард келинчеги Розмари экөөнү хандын уулдары Акбар менен Ариф тосуп алып, бир жума коноктойт. Акбар Кутлу бүгүн Түркиянын Ван шаарында айкелчилик боюнча профессор болуп иштейт. Ошондо чет элдик коноктор Памирде ээн-эркин жашап көнгөн кыргыздын кыз-келиндери камалып, жергиликтүү элдин салты менен, үйлөрүнөн чыга албай калгандыгына күбө болушкан. Азыр швейцариялык университетте сабак берген профессор Розмари Бернард ошондо кыргыздын айымдары менен жакындан таанышып калган. Учурда швейцариялык университетте информатикадан сабак берген Бернард “Алар тамак бышырып, шырдак жасашчу, кийиз бышырышчу. Бир жума чогуу болдук. Экөө фарсы тилин билчү. Тың, кыйынчылыкка бышкан, ары чырайлуу айымдар болчу” – деп эскерет.

 

Айрым маалыматтар боюнча үркүнгө чейин эле, памирлик кыргыздар жамаатында ички кризис болгон. Профессор Сулайман Кайыповдун айтымында, Борбор Азиядагы акыркы хандык атыккан Рахманкул хан башкарган элдин ичинен ыдырашынын башкы себептеринин бири баңгилик болгон: - (Памирлик кыргыздар) өздөрүнүн салты менен, өздөрүнүн дини менен жашабай, көп кылымдардан бери калыптанып калган турмушунан четтеп кеткен. Ошондон памирлик кыргыздардын хандыгы ичинен ыдырай баштаган. Ал эми Кудаяр Субанкул уулу айтымында, айрыкча апийимди көп чеккен памирчилердин арасында баңгилик Пакистанга барганда дагы күч алган: - Апийимди кара дары дешчү. Пакистанда кара дарыны кадимкидей эле дүкөндөн сатып алышчу. Аны элдин жарымына чукулу чекчү. Профессор Каиповдун маалыматында, памир кыргыздары Түркияга келгенде түрк өкмөтү алардын арасындагы баңгилерди атайын дарылаттырган. Памирде өлүм-житим көп болгондуктан, ал жакта элдин саны өскөн эмес.

 

Сөз соңу

 

Назиф Шахрани «Ооганстандагы кыргыздар жана вахилер» деген китебинде 1921-жылы Ооганстанда жүргүзүлгөн эл каттоодо 1800 чамасында кыргыз болсо, 1970-жылдары алардын саны ошол бойдон калганын жазат. 1982-жылы Түркияга көчкөндөн бери кыргыздар көбөйүп, айрым эсептөөдө азыр саны 5-6 миңге жеткени көрсөтүлөт. Алды жогорку билим алып, дарыгер, мугалим болуп иштеп жатышат. Түрк коомуна толук жуурулушуп кетпесе да, алар бүгүн салыштырмалуу бардар турмушта күн кечиришүүдө. Ушуларды эске алганда, памирлик кыргыздар үчүн Пакистандагы жылдар заманбап турмушка алгачкы кадам таштаган маанилүү баскыч болуп калган. - Пакистандагы мезгил алар үчүн өткөөл кез болгон. Ал мезгилдеги катастрофа деп эсептеген туура эмес. Ал мезгил ооган Памириндеги феодалдык эски турмуштан Түркиядагы заманбап жашоого көпүрө болгон, – деп Бернард Репонд эскерет.

 

Маалымат булак:  © Айбат - коомдук саясий гезити

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены