Республика боюнча 15 миңдей кайрылман кыргыз бар (видео)

Республика боюнча 15 миңдей кайрылман кыргыз бар (видео)

Республика боюнча 15 миңдей кайрылман кыргыз бар. Бул тууралуу “Улуу Мекен” коомдук фондунун төрагасы Алмаз Урустамов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

 

Маалыматка ылайык, кайрылман кыргыздардын 5 миңге жакыны Чүй өрөөнүндө жайгашкан.

 

«Быйыл Тажикистандан көчүп келгенибизге 25 жыл болгонуна байланыштуу «Улуу мекен» коомун түптөдүк. Сары-Кол өрөөнүнөн келгендер кыргыздар төрт-беш жылда элге аралашып кетет. Ал эми памирлик кыргыздарды бөлүп жардам берүүнүн кажети жок. Аларга жер берүү зарыл. Анткени алар эзелтен бери мал менен жашап келишкен. Жайыт бөлүнсө өз турмушуп эптеп кетишет», — дейт Урустамов.

 

Анын айтымында, кайрылман кыргыздардын башкы максаты Сары-Кол жергесин кыргыз элине таанытуу.

 

«Манас» эпосунда дагы аталган аймак кыргыздарга тиешелүү болгону айтылганын кошумчалайт. Сары-Колдо 17 миңге жакын жарандын 90 пайызын кыргыздар түзөт. Элдин жашоо шарты оор. Жер сары болгондуктан эч нерсе өспөйт. Жериликтүү бийлик өкүлдөрү дагы меселелерди чечүүгө көңулкош мамиле жасайт», — дейт Урустамов.

 

Ал, кайрылман кыргыздар Кыргызстанга жаңы көчүп келгенде кыргыз өкмөтү салкын карабаганын, мыйзамдарды түшүндүрүп, колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены