Райондун төрагасынын кезектеги отуруму

Райондун төрагасынын кезектеги отуруму

Мургаб районунун төрагасынын кезектеги отуруму 10-июнда болуп өттү. Бул отурумга мекеме-уюмдардын жетекчилеринен тышкары ар бир жамаатардын толук аппарат кызматчылары чакырылды.

 

Отурумдун күн тартибинде эки маселе каралды:

 

1.“Тажикстан Республикасынын «Шаар жана айылдардагы өзүн-өзү башкаруу органы“ боюнча Мыйзамынын аткарылышы боюнча, ТРнын “Физикалык жана юридикалык жарандардын кайрылуулары жөнүндөгү”, “Мамлекеттик тил жөнүндөгү”, “Диний бирикмелер жана ыйман эркиндиги”, “Каада-салттарды жана салтанаттарды жөнгө салуу боюнча” Мыйзамдарынын аткарылышы, “Каада-салттарды жана салтанаттарды жөнгө салуу боюнча боюнча” райондук туруктуу комиссиясынын 28.12.2010-жылындагы Жобосунун, аялдар жана жаштар комитеттеринин жамаатардагы Кеңештеринин иштери боюнча райондун жамаатарынын жүргүзгөн иштерин текшерүүнүн жыйынтыктары.

 

2.“Мургаб районунун билим берүү, маданият, Борбордук саламаттыкты сактоо жана КАТС бөлүмдөрүндөгү “Жарандардын кайрылуулары жөнүндөгү” ТРнын Мыйзамынын аткарылышы боюнча” райондун төра¬гасынын №226 10.06.2016-жылдагы токтомунун аткарылышы” боюнча маселелер каралды.

 

Каралган биринчи маселе боюнча райондук өкмөттүн кызматчыларынан түзүлгөн атайын текшерүү тобунун мүчөлөрү билдирүүлөр жасашты; Кара-Көл жамаатынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча Исматиллаева У, Ыраң-Көл жамааты боюнча Мамаюнусов А., Бердибаев жамааты боюнча Курбанбекова Ш, Кызыл рабат жамааты боюнча Сатаров Ү, Мургаб жамааты боюнча А. Мамаюнусовтордун билдирүүлөрү өз-өзүнчө угулуп, Мургаб районунун төрагасы М.А.Жоошбаев ар бир жамаатын жүргүзүп жаткан иштерине, жогоруда көрсөтүлгөн ТРнын Мыйзамдарынын аткарылышындагы жетишкендиктерге жана орун алып жаткан кемчиликтерди ийне-жибине чейин талдоого алуу менен, ар бир жамааттын жетекчилигине, ар бир кызматчыларына так тапшырмаларды берди. Белгилей кетүүчү нерсе, бул текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде ар жамааттын кызматчыларынын ишке келип-кетүү эмгек тартибинен тартып, алардын ишке жоопкерчилиги, өз билимдерин өркүндөтүү, мамлекеттик тилди үйрөнүү, өздөштүрүү жана практикада колдоно билүү ж.б. мамлекеттик кызматчысынын адебине тиешелүү маселелерге көңүл буруп, жамаатардагы мамлекеттик кызматчыларга катуу талаптар коюп, аларды чыныгы кесипкөй адис-кызматчылардан болуу үчүн аракеттенүүгө чакырды. Өз сөзүндө кээ бир жамаатардын кызматчылары, өздөрүнүн милдеттерин жакшы колго алып, жолго коё албай жаткандыктарын белгилеп, бул боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тиешелүү жамаат жетекчилерине (Д.Осмонбаев жана Н. Исраилов) конкреттүү тапшырма берди. Райондун төрагасы өз сөзүндө кээ бир жамаатарда; Мургаб (Б. Сейитбеков), Ыраң-Көл (К. Раимжанов), Бердибаев (У. Аилчиев), жамаатарында жаш кадрлар менен толукталып, андагы жаш адистер ишти жакшы колго алып, аракеттер болуп жаткандыгын белгилеп өттү. (Аличор жамааты боюнча автожолунун катаалдыгынан улам келише албады).

 

Каралган маселелерди талкуулоодо райондун төрагасы ар бир маселени суроо-жооптор менен толуктап, ТРнын Өкмөтүнүн Мыйзамдарынын талаптарын кыйшаюусуз аткарууну талап кылды жана бул багыттарда кечиктирилгис тиешелүү чараларды көрүү боюнча милдеттерди белгиледи.

 

Райондун төрагасы М.А.Жоошбаев кезектеги отурумду жыйынтыктап жатып, келаткан жазгы аскерге чакыруу иш чарасына, Нооруз майрамына, Биримдик күнүнүн 20 жылдык юбилейине татыктуу даярдыктарды көрүү боюнча иш чараларынын аткарылышына токтолду жана аны жогорку деңгээлде өткөрүүнү мекеме-уюмдардын жетекчилерине тапшырды.

 

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены