Президент А.Атамбаев Памирдеги кыргыздарды массалык түрдө көчүрүп келүүнү колдобойт

Президент А.Атамбаев Памирдеги кыргыздарды массалык түрдө көчүрүп келүүнү колдобойт

Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандагы кыргыздарды массалык түрдө көчүрүп келүү демилгесин колдобойт. Мындай пикирин ал 20-июнда Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда памирлик кыргыздарга байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирди.

 

«Мен өзүм айылданмын, силердин көпчүлүгүңөр дагы айылда өстүңөр. Өмүр бою айылда жашаган чоң аталарыбыз менен чоң апаларыбыз шаарга көнө алышпайт. Биз андан көрө памирлик кыргыздарга жардам беришибиз керек. Эгерде аларды күч менен көчүрүп койсок жашай алышпайт. Андыктан аларды милдеттүү түрдө көчүрүү тууралуу айткан туура эмес. Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү барып көчүп келүүнү каалагандарды тактап көрсүн, алардын саны аз болот», - деди президент.

 

Өлкө башчы памирлик кыргыздардын балдарына билим алууга шарт түзүүгө жардам берүү үчүн Кыргызстанда толук мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

 

Өкмөт менен Жогорку Кеңеш буга чейин Памирдеги кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү маселесин талкуулаган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены