Памирлик (ооган) кыргыздарга жардам берүү акциясы кызуу уланууда

Памирлик (ооган) кыргыздарга жардам берүү акциясы кызуу уланууда

Бишкек шаардык казыяты тарабынан уюштурулган "Памирдеги бир тууган кыргыз боордошторго жардамдашуу" акциясы кызуу уланууда. Кайрымдуу элибизден кийим- кече жана накталай акча түрүндө жардамдар келип түшүүдө. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Акцияга өз салымын кошуп жаткан жарандарыбыз колдорунан келишинче өз салымдарын кошуп, алыскы Памир өрөөнүндөгү боордош мекендештерибиздин жашоо-турмушуна кайдыгер карашкан жок.

 

"Ар кандай кыйынчылыктарга карабай элдин активдүү катышып жаткандыгы, элибиздин берешен экендигинен кабар берет. Алла Таала дагы берешендикти жакшы көрөт. Баарыңыздарга ыракматымды айтамын",-деди Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов.

 

Эскерте кетсек, кайрымдуулук акциясы 22-январда башталып, үстүбүздөгү жылдын 10-февралына чейин улантылат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены