Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам барат

Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам барат

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтуусунда, памирлик кыргыздардын маселесин президент Алмазбек Атамбаев Ташкентте Ооганстандын лидери Ашраф Гани менен сүйлөшкөн учурда көтөргөн:

 

"Бул маселе мамлекет башчыбыздын Ооганстандын президенти менен болгон сүйлөшүүсүндө көтөрүлдү. Оор абалдагы ооган кыргыздарына эки тараптан тең кам көрүү жөнүндө сөз болду. Биз жакынкы күндөрү памирлик боордошторго тамак-аш, дары-дармек менен чоң бир гуманитардык жардам жиберип жатабыз. Аны медиктер коштойт. Ошол жүктү жеткирүүгө ооган тарап көмөктөшмөк болду", - деди Сапар Исаков.

 

Сапар Исаковдун айтуусунда, учурда бул сапар боюнча Тажикстандын бийлигинен жооп күтүлүп жатат.

 

Памирде бир жарым миңге жетпеген кыргыз отурукташкан. Алардын 80% Ооганстандын жараны. Айрым маалыматтар боюнча, памирлик кыргыздардын саны кескин азаюуда, себеби аймактын климаттык шарты катаал, жашоо деңгээли төмөн.

комментарии

Элнур

Вторник, 28 Июня 2016 06:06

Абдан жакшы болуптур.

Давут.

Воскресенье, 26 Июня 2016 20:51

Оогандык кыргыздарга жардам берген ар бирине чон рахмат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены