Памирлик кыргыздардын ханынын Нарында жаңы төрөлгөн тууганын үйүндө ун чачып тосуп алышты (сүрөт)

Памирлик кыргыздардын ханынын Нарында жаңы төрөлгөн тууганын үйүндө ун чачып тосуп алышты (сүрөт)

Ооганстандын Кичи Памиринен Нарын шаарына келип көз жарган 19 жаштагы Ширинбү Абдулваид кызы наристеси экөө кечээ, 24-сентябрда ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

 

Жаш эне Памирден Нарынга билим алуу үчүн жолдошу жана туугандары менен 2017-жылы келген. Ал 31-июлда Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө уул төрөгөн. Балага Нарынбек деген ысым ыйгарышкан. Ымыркай айына жетпей ара төрөлгөндүктөн уулунун ден соолугу жакшы болгуча 2 айга жакын ооруканадан чыгарылган эмес. 24-сентябрда ооруканадан чыккан келини Ширинбүнү менен небереси Нарынбекти чоң энеси Шарапат апа жана таята, таенелери өздөрүнүн ырымдарын жасап, ун чачып тосуп алышты.

 

«Биз абдан сүйүнүп жатабыз. Келинибиз, неберебизди үйгө чыгарып келишти. Ден соолуктары абдан жакшы экен. Ооруканада иштегендерге рахмат айтам. Келинимдин дагы ден соолугун жакшы карашыптыр. Баланын таенеси Жамбы кудагыйым, таятасы Абдулваид дагы кубанып жатышат. Биз өз ырымыбызды жасап тосуп алдык. Келген кишилердин баарына ырымдап, улпак (ун) чачып тосуп алдык», - деди Шарапат Абдыкалык кызы.

 

Ширинбүнү үйүнө өкмөттүн Нарын облусунун ыйгарым уктуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Кадырова жана башкалар атайын белектерин берип чыгарып келишти. Баланын таятасы Абдулваид Жээнбек уулу бийлик өкүлдөрүнө, жалпы дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

 

«Бүгүнкү келгендерге ыраазычылык билдирем. Аманбай Кайыпов, Жаркын эжелер белекке бешик беришти. Салтанат эжелер жууркандарын алып беришти. Ошондой эле кызыбыз менен неберебизди жакшы карап, төрөтүп, дарылап берген жалпы дарыгерлерге рахматыбызды айтып кетебиз. Неберем Нарынбектин да, кызым Ширинбүнүн дагы абалы абдан жакшы»,- деди ал.

 

Нарын облусунун жетекчисинин орун басары Жаркын Ибраева жаш энеге акчалай жардам да көрсөтүлгөндүгүн кошумчалады. «Ширинбүнүн көз жарганына 2 айга жакын убакыт болуп калды. Бала ара төрөлгөдүгүнө байланыштуу абалы жакшырганча ооруканада болушту. Бүгүн тун уулу Нарынбек экөөнү Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Кадырова жана башка кызматкерлерибиз менен бирге барып куттуктап, белектерибизди берип, үйүнө чыгарып бардык. Үйүндөгүлөр атайын боорсок бышырып, дасторкон жайып, өздөрүнүн ырымдарын жасап тосуп алышты. Аманбай Кайыповдун атынан 5 миң сом жана бешик араба (коляска) берилди. Ал эми мэриядагылар эне менен балага кийим-кече, жууркан-төшөгүн алып барышты. Чыдамсыздык менен күтүп жатышыптыр, бардыгы кубануу менен тосуп алышты», - деди ал.

 

Ширинбү айым жолдошу Фазилхак Абубакир уулу экөө 2017-жылдын август айында баш кошушкан. Ошол жылдын октябрь айында Улуу жана Кичи Памирдеги туугандары менен биргеликте Кыргызстанга билим алууга келишкен. Алардын биринчи баласы Нарынбек Нарындан төрөлдү.

 

Фазилхак Абубакир уулу памирлик кыргыздардын азыркы ханы ажы Буту хандын тууганы.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены