Памирлик кыргыздарды - кантип сактап калабыз

Памирлик кыргыздарды - кантип сактап калабыз

Бизде биометриялык маалыматты чогултуу ушинтип жалпы өлкөнүн кампаниясына айланса, Памирлик кыргыздар жөнөкөй эле паспортторго жете албай келишет. Баарыбыз билгендей эле Памирдеги боордоштор өтө татаал шартта, тоо койнунда -40 градус суукта жашашат.

 

Көчмөн Памир кыргыздары Кыргызстандагы орус окуппациясынан сактанып 19-кылымдын аягы менен 20-кылымдын башында Ооганстандын чыгышы менен Кытайдын батышын бириктирген Памир тоолоруна жайгашкан.

 

 

1978-жылы Ооганстандагы жаңы коммунисттик режимден коргонуу менен көпчүлүк Памир кыргыздары Түркиянын чыгышына качып кеткен. Көп жылдан соң бүгүнку күндө этникалык кыргыздар өз элине кошула албай келет жана алардын жалгыз тилеги Кыргызстанга келүү.

 

Жашоонун катаалдыгынан ал жактагы кыргыздардын саны да суюлуп баратат. Учурда Ооганстанда 3миңге жакын кыргыз бар. Памир кыргыздарынын биринчи душманы бул - оору. Бардык ооруларга аял эркегине карабай бир дарыны колдонушат. Адамдар маданият менен билим жагынан артта калган. Жаркын келечегин ойлогон эч кимди көрө албайсың. Дагы бир жолу айта кетели, болгону Кыргызстанга кайтууну максат кылышат.

 

Мына ушу Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү бир нече жылдан бери уланып келет. Биринчи жолу Памирге гумжардам 5 жыл мурда жөнөтүлгөн. Бул сапар өлкөдөн гуманитардык жардам жеткирген экпедициялык топ менен биздин кабарчылар да барып келген назар салыңыздар.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены