Памирлик кыргыздар көчүп келүүнү кааласа Чоң-Алайдан 20 гектар жер бөлүнөт

Памирлик кыргыздар көчүп келүүнү кааласа Чоң-Алайдан 20 гектар жер бөлүнөт

Афганистандын Бадахшан провинциясынын губернатору Биг Зад Ахмад Файсал менен Вахан районунун акими Наел Насратуллахды өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабыл алды.

 

Эки элдин достугун чыңдаган 23-декабрдагы жолугушууда Афганистандын Вахан районунда күн кечирип жаткан памирлик кыргыздардын абалын жакшыртуу, медициналык жактан, билим берүү жаатында жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүү болду. Өкмөт өкүлү Т.Сарыбашов балдардын паспорт маселесин чечүүдө жардам берүүнү суранды.

 


«Афганистан мамлекети менен Кыргызстан илгертеден коңшу мамлекеттерден болуп келишкен. Биздин боордошторубуз Афганистанда жашап жатышат. Биз балдардын билим алуусуна шарт түзүп берүүнү колго алып жатабыз. Эгерде сиздер паспорт маселесин тез арада чечип берсеңиздер, ошол чөлкөмдө күн кечирип жаткан балдардын да билим алуусуна көмөк көрсөтөбүз. Мындан сырткары медициналык, гуманитардык жардамдарды көрсөтүп турабыз. Сиздер менен жакындан таанышып алдык. Мындан аркы соода-сатык жаатында да биргеликте иш алып баралы», - деди Т.Сарыбашов.

 

Pamir kg Alai 20 gektar 2 Pamir kg Alai 20 gektar 3 Pamir kg Alai 20 gektar 4

 

Афганистан Ислам Республикасынын Бадахшан провинциясынын губернатору Биг Зад Ахмад Файсал Афганистан мамлекети катаал мезгилди баштан өткөрүп жатканын, күн жылып калгандан тартып памирлик кыргыздарга жол каттамдары жакшыртылып, медициналык жардамдар бериле турганын билдирди.

 

«Кыргыз эли меймандос калк экенине ишеним арттым. Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар менен таанышып чыктык. Белгилүү болгондой, бизде 40 жылдан бери согуш токтобой келе жатат. Памирде жашаган жарандарга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк жок болууда. Элибиз эл аралык уюмдардан келген жардамдардын эсебинен күн кечирип жатышат. Азыр биздин мамлекет кыйын сыноолорду баштан кечирүүдө. Бүт мамлекеттер согушка каршы турса, бизде болуп жаткан согуш дагы токтомок. Мени балдарды окутуп берүү тууралуу демилге кубандырды. Ал эми паспорт маселесине жардам беребиз», - деди ал.

 

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында памирлик кыргыздар көчүп келүүнү кааласа Чоң-Алай районунан 20 гектар жер бөлүнүп бериле турганы маалым болду. Жолугушуунун соңунда эки тарап бири-бирине белектерди тапшырышты.

Комментарий

Алым

Четверг, 05 Января 2017 22:47

Бизди алып кеткиле деп эки козу торт болуп кутуп журушотко ошол кыргыз туугандар. Алып келсенер жакшы болот эле, канча гектар жерлерди казактарга,озбектерге ,кытайларга берип койдунарго. Эмне ошол кыргыздар батбай калдыбы экен биздин жерге же силер чондордун колунан эч нерсе келе албай журосунор ушул убакытка чейин.Эч нерсени чече албагандан кийин алдагы местада кайсы бетинер менен отурасынар уялбай кок мээлер!!! Канчалаган кыргыздар ошол памирде кыйрап кыйналып журушот, аа силер канчалаган жерлерди саттынар акмактар. Кайсы убакытка чейин ушунтип журобуз бири-бирибизге жардам бербей, дагы силер чондор ак уйдо отуруп бири-биринердин арканарды чукулаштан башканы билбейсинер уят кылдынарго кыргыз элин бут дуйного уят уят 120 кой кок мээлер.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены