Памирлик кыргыз: "Ооганстандагы согуштан улам окууга бара албайбыз" (видео)

Памирлик кыргыз: "Ооганстандагы согуштан улам окууга бара албайбыз" (видео)

SUPER.KG порталынын "СУПЕР ТВ" бөлүмү жакында эле Кыргыз жерине көчүп келишкен этникалык кыргыздар жана алардын билим деңгээли тууралуу памирлик кыргыз: "Ооганстандагы согуштан улам окууга бара албайбыз" деген аталыштагы видеоматериал даярдады.

 

Анда памирлик кыргыздардын Нарын облусунун Куланак айылындагы №86-кесиптик лицейден сабак алып жатышканы жана окуу тартиби тууралуу кенен баяндалат. Аларга сабак берген мугалимдин айтымында, памирлик кыргыздар мектепке алгачкы келген күнүнө караганда, азыркы кезде бир канча тамгаларды үйрөнүшүп, кыска сөздөрдү муундап окуп калышкан. Ошондой эле ден соолукту чыңдоо максатында дене тарбия сабагы да окуу программасына киргизилген.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены