Памирдик кыргыздардын мергенчилиги

Памирдик кыргыздардын мергенчилиги

Аңчылык

 

Аңчылык негизинен тоо жаныбарларына /аркар. кулжа, бөру, түлкү, аюу, илбирс, улар- убак, коён ж.б. / жүргүзүлүп, колдо жасалган милтелүү түтөтмө кара мылтык, сары найза /мылтыктын аты/, чигит, машадар деген мылтыктар, капкан жана тузактар колдонулган.

 

Колдо ар түрдүү /кыркма дары, кара дары, ж.б. / дары жасашып аңчылыкка гана керек кылбастан, коншулаш калктарга да берип турган.

 

Мергенчилик өтө күчтүү өнүккөндүктөн, ата мурас же салт катарында көрүнүп келген.

 

Памирдик кыргыздардын өтө чебер мергенчилигине токтолуп, XIX кылымдын аягында Памир өрөнүндө болгон Т.Ш. Путята «... ал жердеги кыргыздар өтө чебер мергенчилер болгондукган, алар 50 гө жакын аркар, кулжаны жылына атып алышып кышка тамак-ашты камдап алышат» деп жазган. Мындай пикирлердин негизинде элдик оозеки чыгармачылыгында ырдалган ырларга да кароого болот.

 

Мисалы: Мамажусуптун «Кыйын болду замана» деген ырында:

 

Куурай чыкпас куу какыр,
Жерини көрдүк Сары-Колдун.
Гулжа атып гөш жеген,
Элини көрдүк Сары-Колдун.
Чыгыш Памир Чеш-Дөбө,
Жерини көрдүк Сары-Колдун.
Аркар атып гөш жеген,
Элини көрдүк Сары-Колдун.
Эшилген таза кум экен,
Эли да айавай шум экен - деп Сарыколдо жашаган кырыздардын элин-жерин, жашоосун, кесибин айтып, тан берет. Памирдик кыргыздар мергенчиликке бала кезден үйрөнүшүп, атадан балага, баладан небереге өтүп тукум кууган. Мергендер кийик уулаганда тоо кезип, конуп-түнөп келишкен. Айрым учурда таң ата кетип, күн батканда кайтышкан. Мындай мергенчиликти кийикчи, айдама иттер менен же айрым учурда 4-5 тен топтошуп чыгып, кийик качып чыгуучу чокуларды бирден тоскон да, бир адам кийиктерди төмөн жактан үркүтүү жолу менен атышат. Атылган кийикти адамдардын санына жараша бөлүштүргөн. Кээде мергенге кийиктин кэлдэси /башы/ гана калып калган. Мергенди ээрчиген адам санчы /сан алар/ деп аталып /эгер бияр адам болсо/ 4 сан алууга тийиш болгон.

 

Мергенчиликти көп кылып дасыккан адамдарга «пир» токтоп же «сыр» болгон же «оңко» турган.

 

- «Пир» токтогон мергенчилерди кийик көрүп турса деле качпай канча кааласа ошончо атыб алып кете берген.

 

- «Сыр» көбүнчө мергенчи кийикти 5-10 жылдар бою атып жүргөндө «муйузу жок» кийик болуп же «аткан кийиги такыр жыгылбай» же «бир жолу атканда 2 кийик жыгылып» көрүнгөн.

 

- «Оңко» мергенчинин аткан кийиги миңге жеткенде бир оңко турган.

 

Памирдик кыргыздар мергенчиликтин эң жогорку баскычы деп, «Пир» токтотуп «оңко» тургузганды жогору баалашкан. Бирок, «Пир токтоо» бир түрдүү көрүнүш болбостон, ар түрдүү көрүнүш болгон. Кээ бир мергенчилердин пири ит болсо, кээ бириники түлкү же аял ж.б. болгон. Мисалы: Ити /пири/ бар мергенчи кийикке барса ошол ити көзүнө көрүнүп же кийиктерди алдына айдап келип турган. Мындай пир токтогон мергендерден уламышта Куланчы, Ташбек, кийинчерээк / 1900 -жылдан кийин/ Бактыгул, Бекебай, Темир, андан кийин Курманалы, Исражидин, Олжобайлар болгон.

 

 

 

Мергенчиликтин салты

 

Мергенчиликке 12-15 жаштан баштап мергенчилер өздөрү менен бирге алып жүрүп атуунун жолдорун өңүттүн түрлөрүн: сааргы өнүт, кечки өнүттөрдү, төө карын /дөңсөө/кампас. далдаа/ жерлерде кантип атууну, кийиктердин түшүүчү оттоосун, кайсы убакта кийиктердин тылаанга /муздуу чокуларга чымындап чыгып кетет/ чыгарын ж.б. 1-2 жылга чейин үйрөтүп жүрүшкөн. Бала мылтык атууну, өңүгтү жакшы билгенден кийин кийикти балага аттырып, өзү кездеген.

 

Памирдик кыргыздар 20 жаштан өткөндө мергенчи болгонду «чыныгы мерген катары» эсептеген эмес. Кийик аткан мергенчи, кийигини көөдөнөн /гевдэн/ салып элди чакырат. Эл келип этти жеп болгондон кийин мергенчиге:

 

«Басканын горум,
Атканын согум болсун.
Жатканың кумай.
Атканың -сувай болсун» же «Атканыңдан жазба, огуң зэйэ кетпесин» деп алкап патаа беришкен. Мергенчи калган кийигинин этин айылына кол-сан кылып таратып берет, Өзу башы менен төшүн гана алат.

 

Кийиктердип жашьш эсептөө

 

Ак кийиктер Кызыл кийиктер
Кулжа Аркар Эчки Теке
1. Козуга Козуга Улак Улак
2. Бодо Бодо Сувай калды Бакчык
3. Көкмөк Эки тишти аркарчак Эки тишти эчки же сувай калды Эки тишти текечер
4. Делдегей Аркарчак Төрт тишти Чот башы
5. Как муйуз Төрт тишти аркар Эчки Алты тишти теке
6. Чары чык-ма как муйуз Алты тишти аркар Катта эчки Теке
7. Гулжачар Аркар Гез кайтарган эчки Гез кайтарган теке
8. Гулжа Гез кайтарган аркар Харыган эчки Харыган теке
9. Бир айланган гулжа Харыган аркар
10. Эки айланган гулжа
11. Үч айланган гулжа
12. Гез кайтарган гулжа
13. Харыган гулжа.

 

Мүйүзү үч айланган кулжалар аябай чоң кулжа деп эсептелет. Текенин жашын алты тиштүү болгондон кийин мүйүзүн бутагы аркылуу эсептеп жашын /чыгарат/ билет. Эгерде мүйүзү 12 карыш чыккан теке болсо, «алжыган теке» деп коюшат. Текелердин мүйүзүндөгү экиден бутагы /будуру/ бир жашты билдирет. 

 

Памирдик кыргыздарда кийикке байланыштуу жер-суунун аттары. макалдар, салыштыруулар жана табышмактар, сөздөр кездешет. Мисалы: Бодо, Гол теке /көк теке/,Теке чапты/теке сүздү/ Ак-аркар, Бодо-Качты ж.6. Жер-суунун аттары; «Гуздаган текедей» /суукка тоңгон текедей деген мааниде/ ж.б. Салыштыруулар; «Бакчыктын жаткан жери», «мергенчилик - болсо чылык, болбосо оварачылык». «Аркар атып гөш бербесе, товдагысы жакшы» «Гулжа жүгүрдү күн кайтты», деген сыяктуу макалдар бар.

 

Ошондой эле сыйрым - кабырганын майы, жилиги татыр (чучугу татыйт) маанисинде, аркар жатыш -кырка тартып жатуу, чучугу куйулма - орто семиз, теке чечилди деген сыяктуу татаал жана жөнөкөй сөздөр кездешет.

 

Mepгенчиликке байланыштуу тергөөлөр, ырым-жырымдар, ишенимдер

 

1.Мерген жолго чыгаарда арча жыгачтын бир талын отко салып, түтүнүнө мылтыгын жана өзүн ысырыктайт. Башкача айтканда түтүнгө мылтыгы менен тумагын тосуп аластап киет дагы «гайывыдан берсин» деп жүрүп кетет.

 

2.Ысырыктоочу атайын «ысырык» деп аталган майда тоголок чөп менен да мылтыкты жана башкаларды ысырыкташкан. Бул ысырыкты чыныгы ысырык катары башкача айтканда мылтыкты же мергенчини «жолго салуучу касиети бар» деп эсептешкен.

 

Мылтыкты кырсыгып калуусу

 

Мерген көп убакыттар бою кийиктебей жүрүп, кийин улам- улам кийиктеп, кийик ата албаса мылтыгы же өзү кырсыккан. Мындай учурда жогоруда айтылгандай «ысырыктоо» жолу менен же мүрзөдөгү кепин менен тазалоо, жыландын «пусун» /кабыгы/ ж.б. башкаларды мылтыктын стволуна салуу жолдору менен ырымдап кырсыкты чыгарып келишкен.

 

Мылтыкты кырсыгып /жолдон чыгып же жарасы жеңилдеп калышы/ калышынын себеби көбүнчө мындай болот деп эсептелинген.

 

1. Үйдө көпкө илинип турган мылтык “кан качты" болуп калат да кийикти өлтүрбөйт.
2. Мерген мурунтан көп эле атып жүргөн болсо да, "талгак болгон кош бойлуу аялдын, ошол атылган кийиктин этинен жеп алышынан" болот.
3. Мерген же башка эле жөнөкөй адам «коңду» /карганы/ атып эгер тийгизе албаса, мылтыгы да жана аткан адам да 40 күн "жолдон чыгып" жолу болбойт.
4. Түлкү же сары итти атса мылтык кырсыгат деп эч атышкан эмес.
5. Кээ бир мергендер ууга чыкканда алдынан түлкү, аял чыкса же коён тетири качса "жол болбойт" кийик атылбайт деп тергешкен.

 

Мылтыктын кырысыгын жолго коюу

 

1. Биз башта айтып кеткен кош бойлуу аял мергенчинин атып келген кийигинин этин жеп, жолу болбогондугун билсе мергендин жолуна арнап "жол токоч" жасап, кийикке жөнөөрдө чөнтөгүнө же мылтыктын бир жерине жашыруун кыстарып койгон. Мергенчи аны кийиктеп жүргөндө жесе жолу ачылган да, кийик аткан.

 

2. Кырсыккан мылтыкты эч кимге билгизбей боз үйдүн босогосуна туурасынан таштап коёт. Кирген-чыккан адамдар же боюнда бар аял аттап өтсө, мылтыктын "кырсыгы" ачылат.

 

3. Кырсыккан мылтык менен биринчи кийик атылганда мылтыктын оозун, кундагын кандап коюшкан. Мындай кылуунун себеби: биринчиден, «кырсык чыгат» деп, экинчиден, мергенчинин салтанаты, белгисии шааниси катары эсептелинген.

 

4. Кийиктерди бул кудайдын "гайывы" ыйык малы ошондуктан сөөктөрүн күйгүзүп, таза эмес жерге таштоого болбойт. Эгер сөөгү "хар" болсо мылтык кырсыгып мергенчи да бир жамандыкка дуушар болот деп билишкен.

 

Памирдик кыргыздардын мергенчилик кесибинде мьна ушундай ырым- жырымдар жокко ишенүүлөр өкүм сүрүп келген. Албетте азыркы учурда мындай көрүнүштөрдүн айрым гана элементтери болбосо, көпчүлүгү жоголуп, жаңыча мергенчилик орун алууда. Мурунку эски кара мылтыктардын ордуна советтик 28-32 мылтыктар, чып этмелер, беш атарлар. автоматтар орун алган. Too кыдырьп жөө жүрбөй, мотоцикл, машина менен кийик уулашат. Мергенчилик менен катар капкан коюп, кийик атууну да эң жогорку денгээлде өздөштүрүшкөн.

 

Капкан коюу

 

Памирдык кыргыздардын бардыгында дээрлик мылтыктары болбогондуктан, айрымдары тоолордогу, белдердеги кийиктердин жалгыз аяк жолуна капкан коюп 2-3 күндө кабар алышып турган.

 

Кийикке бөрү-түлкүгө, илбирске койгон капкандай эмес узундугу 2,5 кулач жоондугу ичке билектей аркан эшкен. Капаканды жолго койгондон кийин, токмогуна байланган казыкты жерге житире кагып. аркандын бир учун байлаган. Экинчи учун сыйыртмак кылып, капкандын жаагынан кенеңирээк кылып жаактын үстүнө койгон да топурак менен көмгөн. Кийик келип капканды басканда аркан серпилип капкандан жогору жагынан кармап калган. Кийик болсо арканды үзө албай, байланып, тура берген. Эгер үзүп кетсе. капкандын токмогу оор темир болгондуктан алыс кете алган эмес.

 

Көп жолу капкан коюлган жолду кийик туйлап жатып казып жиберген. Ошондуктан капканчы капкан коючу жерди улам алмаштырып турган. Кыш мезгилинде текенин же аркардын мүйүзүн жерге бекитип «тоңдурма» казык менен коюшкан. Жайында «таш казыкты» пайдаланышкан.

 

Капкандын бөлүнүшү

 

1. Кашкар капкан - Кашкар бийлиги мезгилинде памирдик кыргыздар ар түрдүү буюмдарга кашкарлыктардан капкан сатып алган.
2. Орус капкан - кийинки мезгилдерде орустардан сатып алып пайдаланган капкан. Бул капкандардан бири-биринен эч өзгөчөлүгү, айырмасы жок.
3. Чычкан капкан - чычканга ылайыкталган кичине капкан.
4. Коён капкан - коёнго коюлуучу капкан.

 

Капкан өзү түндүк, түндүккө бекитилген эки жаак, эки жаакты бекитип турган чегелерден жана эки харыдан турат.

Түндүгүнө күлтүк (кийизден, курумшудан жасалат) илмеги менен кошо көктөлүп бир туура тетик, бир узун тетик жасалат.

Туура тетиги күлтүктүн ортосуна көктөлүп узун тетиктин бир жагы илмегине илинип, бир жагы туура тетикке илинет.

Күлтүк көктөөнү ынгайсыз деп эсептешип, анын ордуна «жатып калма» колдонушкан.

Жатып калма - капкандын түндүгүнө чеңелип зымдан түндүк жасалып, ага кийиз (курмушу) көктөлгөн. Узун тетикти илүүчү илмек жасалган. Капканга кийик түшүп калса. капкан бутунда «жатып калма» ордунда калган.

Тоңдурма - текенин мүйүзүнүн эки учун жерге сайып суудан куйган да тоңгондон кийин казык катары аркан байланган.

Таш казык -ташты казык ордуна пайдаланышкан.

 

Памирдик кыргыздар коёндордун жолунадагы капкан коюшуп келген. Коёндун жолу тоом деп аталат. Тоомдордун урунт- урунт жерлерине «коён капкаларды» көбүнчө кар жааганда коюшуп күндүгүнө бир-экиден коён алып турушкан. Ошондой эле улар, увак. кекиликтерди, газ жаа сыяктуу аталуучу курал менен атып кыл тузак менен кармашкан.

 

"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ"

Айдарали Сапарбаев

Кубанычбек Темиркулов


Комментарий

Байышов

Байышов

Понедельник, 03 Марта 2014 13:36

Супер. Бир кылымга жакын мурун тартылган тасма. Ушу адамды Сары колдо тааныган бар бекен

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены