Памирден келген кыргыздар үчүн Нарындагы жатаканада кандай шарттар түзүлдү (сүрөт)

Памирден келген кыргыздар үчүн Нарындагы жатаканада кандай шарттар түзүлдү (сүрөт)

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейи Кыргызстанга көчүрүлүп келген этникалык кыргыздарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган лицейден билдиришти.

 

Маалым болгондой, өкмөттүк экспедиция 11-октябрь күнү Ооганстан Ислам Республикасындагы Кичи жана Чоң Памирден этникалык кыргыздардын 17 баласы менен бирге алардын ата-энелеринин жана жакын туугандарынын коштоосунда өлкөгө кайтып келди.

 

Мекендештерге колдоо көрсөтүүгө багытталган иш-чара Кыргызстандын жана Ооганстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында уюштурулду.

 

 

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, этникалык кыргыздардын үй-бүлөлөрү Нарын шаарына бүгүн, 13-октябрь күнү кечинде келип, аймактагы облустук бириктирилген ооруканасында 10 күн бою медициналык кароодон, дарылоодон өтүшмөкчү. Андан кийин Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейде жайгаштырылып, балдар билим алса, чоңдору атайын ийримдерге катышат. Учурда кесиптик лицей толук түрдө памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр болгон.

 

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө көчүрүлүп келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар.

 

 

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

 

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены