Памирдеги кыргыз балдарын окутууга даярбыз

Памирдеги кыргыз балдарын окутууга даярбыз

Мамлекеттик миграция кызматынын чакыруусу менен келген Ооганстан республикасынын Бадахшан провинциясынын губернатору Бикзат Ахмад Фейсал баштаган делегация вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова менен жолукту.

 

Өкмөт аппаратынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы, билим берүү, саламаттык сактоо жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөрдү талкуулашты.

 

 

Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстанда окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маселе каралды.

 

Вице-премьер-министр Памирдеги кыргыз балдарын окутууну уюштуруу милдетин Кыргызстан өзүнө алууга даяр экенин билдирип, мекендештердин социалдык абалын жакшыртуу маселеси өкмөт тарабынан чечилүү деңгээлинде турганын айтты.

 

Бүгүнкү күндө Памирде жалпысы болуп 2 миңге жетпеген этникалык кыргыз жашайт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены