Памир тоолорундагы мөңгүлөрдүн абалы иликтенет

Памир тоолорундагы мөңгүлөрдүн абалы иликтенет

Тажикстандагы Памир тоосундагы мөңгүлөрдүн абалын эл аралык топ изилдейт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

 

ЮНЕСКОнун демилгеси астында атайын топ, түзүлүп анда Памирдеги мөңгүлөрдүн абалын изилдөө боюнча долбоор башталган.

 

Бул долбоор “Үчүнчү Памир бийик тоолуу эл аралык геофизикалык экспедиция” деп аталат. Бул экспедициянын максаты, Памир мөңгүлөрүнүн келечектеги абалы жана Орто Азияга тийгизген таасирин аныктоо. Анткени Памир мөңгүлөрү Борбор Азияны суу менен камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.

 

Экспедицияда эң негизги көңүл, мөңгүлөрдүн аймактагы климатка тийгизген таасирине бурулат. Себеби Памир “дүйнөнүн чатыры” деп аталып, Борбор Азиядагы маанилүү обьект.

 

Учурда бул долбоорго АКШ, Германия, Япония жана Франциялык окумуштуулар катышууда.

 

Pamir toolor monguloru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены