“Памир тоолору” ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурасына айланды

“Памир тоолору”  ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурасына айланды

БУУнун илим жана маданият боюнча бүткүл дүйнөлүк мурас комитети (ЮНЕСКО) 21-июнда Тажикстандын улуттук паркы “Памир тоолорун” Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу ЮНЕСКОнун расмий сайтына жарыяланды.

 

Ошондой эле бул тизмеге Италиядагы Этна вулканы, Мексикадагы эки биосфералык корук: Эль Пинакате жана Гран Десиерто де Алтар да катталды.

 

“Памир тоолорунун” аянты - 2,5 млн. гектар. Тажикстандын чыгыш тарабында, Памир тоо тутумунда жайгашкан. Анын чыгыш тарабында бөксө тоолор, батыш тарабында төбөсү учтуу чокулар бар, алардын айрымдарынын узундугу 7 миң метрди түзөт. Бул жерден 170 өзөн, 400дөн ашык көл, 1085 мөңгүнү табууга болот. Аймактын климаты мезгилдик температурага жараша өзгөрүп турат. Ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүнө бай. Парктан Тажикстанда жоголуу коркунучундагы жаныбарлар жана канаттууларды да кездештирүүгө болот. Мисалы, Марко Поло тегиндеги тоо кою, кар кабыланы жана кар тоо эчкиси. Бул аймакта жер титирөө тез-тез катталып тургандыктан, жан-жакасында адамдар отурукташпайт жана айыл чарба иштери жүргүзүлбөйт.

 

“Памир тоолору” – Тажикстандын Бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине кирген биринчи объектиси.

 

ЮНЕСКОнун Камбоджеде болуп аткан 37-сессиясында ушул жылы аталган тизмеге 30 объектини киргизүү каралууда. Комитетке Кытайдагы Тянь-Шань, Индиядагы Чоң Гималай улуттук паркы, Кениядагы Лев Даунстун жапайы табият коругу, Намибиядагы Намиб чөлү, Филиппиндеги Хамигуитан тоо кыркалары, Вьетнамдагы Каттьен улуттук паркы ж.б. сунушталган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены