Памир кыргыздарынын турмуш-тиричилик өзгөчөлүктөрү

Памир кыргыздарынын турмуш-тиричилик өзгөчөлүктөрү

Ар түрдүү тамак-аштары

 

Мерген бижи:

Кийиктин ич майы менен боорун туурап алып. жоон ичегиге куюп бышырган тамак. Памирдик кыргыздарда «мерген» деген сөзгө байланыштуу «пас мерген (адамкерчилиги төмөн), чала мерген, мерген башы' (мергенчиликке башчылык кылган адам), бижиге байланыштуу «куйган бижидей тысырап» ( бет түзүлүшү чын, маанисинде), жарылган бижидей (былжырак маанисинде) деген татаал сөздөр, идиомалар кездешет.

 

Нарин:

Бул тамак жалпы эле кыргыздарга тиешелүү. Түндүк кыргыздарда нарын кийинчерээк беш бармак деп аталып калган. Памирдик кыргыздарда нарындын мурунку (эскиче) жасалышы сакталып келген. Кийиктин бышкан этин туурап, ага шорпо менен нанды аралаштырып жасаган. Нарынга байланыштуу «Өзун кылган нарин, иче-иче жарыл» деген макал кезигет.

 

Гөш толто:

Майга унду, тууралган этти кошуп кайнатып бышырган тамак. Бул тамак жөнөкөй чөбөгөгө караганда даамдуу келип, курсакты тез ачырбаган. Көбүнчө сууктан орууган тамакты «дагдоо» (ысыктоо деген мааниде) үчүн жасап жешкен. "Гөш" деген сөзгө байланыштуу порчо гөш (кара эт), Ала гөш (орто семиз маанисинде), чуйгун гөш (тандалган семиз эт маанисинде), гөшкө карав (аткан кийигинин этинен элге аз берген мергенчини айтат) деген татаал сөздөр орун алган.

 

Жоолу бөйрөк:

Камырдын ичине эт салып, аны оттун коруна көөмүп бышырган тамак. Жоолу деген сөзгө байланыштуу жоолу ичеги (майлуу ичеги), жоолубөйрөк, үч бөйрөк (бычылган . тэкэ) жоолуу боорсок, жоолув (эт-майы кенен үй буле) деген татаал сөздөр жолугат.

 

Көк тал бижи:

Көк боорду ушалап, ичиндеги этин майдалап салып, бошогон кабыкчага ич майды туурап салып, анан казанга же оттун күлүнө көөмп бышырган тамак. Көкталга байланыштуу "көк талын үзө кой", "көктал" (тил албас) деген идиомалар бар. Kөгөн шорпо: Илгери өтө кыйын ачарчылыкта козу байланган көгөндүн бурчагын сууга кайнатып, сасык даанадан кошуп ичкен нерсе. Көгөнгө байланыштуу "көгөн бөөрү" (дайыма көгөнгө байланган козуларды жеп кетүүчү бөрү), "көгөн-көгөн" кой, козуну ж.б. көгөн жакка тосуу, "көгөн башы" көгөндүн бурчагына байланыштуу "пырчак учурду" (карыган төө манисинде) деген татаал сөздөр жана идиомалар орун алган.

 

Май толто:

Койдун майына унду кошуп кайнатып. тузун бир аз татытып жасаган тамак. Майга карата "май томор, сызгырган май", чарвы май (ич май). Толтого карата: "көл толто" (майсыз чөбөгө), ун толто (ун кошкон чөбөгө). пат толто (майсыз, тузсуз чөбөгө) деген татаал сөздөр кезигет.

 

Кара шорпо:

Сууга бир аз май кошуп бирин-экин "туймөч" (тууралган эт) салып жасалган тамак. Шорпого байланыштуу эткел шорпо, сызык шорпо, митэн шорпо (тузсуз шорпо) деген татаал сөздөр бар. Мындан башка каттаманын кээ бир түрлөрү да кездешет.

 

Мисалы:

- Казан каттама (казанга бышырылган нандын түрү),
- буу каттама (суунун буусуна бышырылган),
- көмөч казан каттама (нан салуучу кастрюль сыяктуу жапыз идишке бышырылган) деген түрлөрү кездешет.

 

Памирдик кыргыздарда жана жалпы эле түштүк кыргыздарда жасалуучу аштын кээ бир түрлөрү да бар:

 

-Жэйгэн аш же кескен аш.
-митэн аш (тузсуз аш),
-курут куйган аш,
-үзүп салма аш (камырды чоң-чоң үзүп салат)
-"тундурма" ундун өзүнө сууга кайнатып, тундуруп, түбүн (маңызын) ооруган адамга берген. Тундурмага туз салынган эмес. Мындай каттамага, ашка казанга байланыштуу макалдар, табышмактар, сөздөр, аталыштар көп.

 

Мысалы:

"Көмөчтүн көкжал бөрүсү. аталанын апаты", "көмөч көөмп нан бербейт, көрсөтүп туруп тэң бербейт"

Каравай аттан жыгылды
Калкы журту жыйылды

(табышмак) (Каравай-казан, ат-тулга, калкы-идиш аяк)

-"Дунгул казан" (тоголок казан), кэттэ казан (чоң кара казан).


Кийинчерээк хамыр палов этти туурап курууганда камырды кесип салып демдеген. Азыркы учурда мындай тамактардын көпчүлүгү жасалбай калган.

 

Чай болуучу чөптөр

 

Памирдик кыргыздар өздөрүнүн жашоосунда ар түрдүү жерден өсүп чыккан чөптөрдү турмуш тиричилигине башкача айтканда чай катары пайдаланышып келген. Мындан пайдалануу турмуштук практикадан жана муктаждыктан келип чыккан. Натыйжада тоо-тоодон түрдүү чөптөрдү терип келмшип. аларды күнгө кургатып  "чай халтага" салып же түйүнчөккө түйүп, уук тизгичке илип коюшкан.


Мындай чай болуучу чөптөргө:

- мамыры, бозноч (тоодо өсүүчү боз чөп),
- горум чэй (бийик чокуларда же арасында өсүүчү агыш боз, тоголок, сабы узун чөп),
- таан оту (жалбырактуу көк чөп. шиберге чыгат),
- кызыл бурма, (кызыл бурманын түбүн казып алышкан),
- зэди кайсар (бүрү бар узун өскөн көк чөп),
- кэкүлөн чэй (кэкүлөн деген уруу жасап ичкен чайдын түрү) ж.б. ушул сыяктуу чөптөрдү чай катары колдонуп келишкен.


Памирдик кыргыздарда мындай көрүнүштөрдүн болушу, башка жерлерден четте тургандыгы менен (б.а. Кашкар. Ош. Афганистанга каттоого кыйын болгондуту менен) түшүндүрүлөт. Мындан тышкаары сасык дээнэ "пияз жыттуу чөп", кылдыкан көбүргөн деген чөптөрду пияз катары пайдаланышкан.


Отун болуучу жер өсүмдүктөрү

Памирдик кыргыздар "кышкысын бөксөлөрдө жана көлдүн тегерегиндеги жээктерде кыштап, жайкысын өзүлөрүнүн малынын артынан 14-15 миң фут бийиктиктеги тоолорго көчүшүп..." жүрүшкөн. Андай бийик тоолордо кар калын түшүп, күн суук болгон. Түшкөн кар жайдын күнүндө 1-2 күн кеглей да калган учурлар болгон.


Ошондой шарттарда ар түрдүү жер өсүмдүктөрүн отун катары пайдаланууга тура келген.

Кой шывак (мал жей турган жыттуу 15-20 см. келген буру-бар боз чөп).

Пахта катын (жерге жапыз өсүүчү ак баштуу кара чөп),

Куртка (тегерек чыгып. көк кызыл гүл алуучу кызгылт өсүмдүк).

Терскен, карга тырмак (жер үстүнө жайылып бутак алыт чыгуучу кара сөңгөк),

Жылкы шывак (жылкы жей турган көк өсүмдүк),

Ак тикен (жапалак чыгуучу ак өсүмдүк),

Сары жыгач (терскенден эркин 40-50 см. бийиктикте чыккан чоң кара дөнгөч сыяктуу өсүмдүк),

Көврэк (куурай сыяктуу чыгат. Бүрү сары, өңү кара, терскенден күчтүү күйүүчү отун),

Какмач (терскендин куурап, жерге өспөй калган куурайы).

Чечендир (тикенектуу чыккан бозгуч өсүмдүк).


Бул отун болуучу өсүмдүктөргө байланыштуу "чечендир отун жакпаска тоова",  "алганың көврэк жэш бала, кадырын билбес жар алды",  "кара шывактай дүрт этил (тез күйөт маанисинде), кэмэл какмач (адамга карата айтылган), чатырап күйөт (жалындап күйөт), шиш калам отун жок (жагарга эч отун жок маанисинде) сыяктуу макал-лакаптар, сөздөр, идиомалар, ыр сапгары бар.


Малга зыян келтирүүчү чөптөр


Памирлик кыргыздарда негизги чарбачылык малчылык болгондуктан кой, топоздорду көп өстүрүшкөн. Жердин шартынын татаалдыгына байланыштуу кой, топоздор ар түрдүү оорулар (гылчын. гөмүр, кара өпкө, так секирик ж.б.) менен ооруп, өлүмгө көп душар болгон, натыйжада мындай ооруларга мал жей турган түрдүү чөптөр да зыян тийгизбей койгон змес.


Мысалы:

кой шывак, боз тармал, ноктек, кара шывак, парсылдак (боз тоголок чөп). чьтыр, чүчкүрткү (узун чыккан тамеки жыттуу кызыл чөп) сыяктуу чөптөр койлордун ичин көптүрүп, дароо өлтүргөн.

Чекендини жеген мал оозунан ак көбүк чыгып жатып өлгөн.

Таштын энилчеги гылжын (жинди) кылган.

Шораттын көкбоорун (көктал) шишиткен.


Бул чөптөргө байланыштуу "боз тармал жегендей эле чавалактайсын", "чүчкүрткү тийди беде", шывак жеген койдой буркурап, кара шывактай үрпөйүп деген сыяктуу салыштыруу маанисиндеги сөздөр жолугат.


Турмуш - тиричиликке керектелүүчү таштар


Памирлик кыргыздар ар түрдүү турмуштук муктаждыктардын негизинде таштарды, заттарды пайдаланып келишкен.

С.М.Абрамзондун пикири боюнча "Памирлик кыргыздардын айрым бөлүктөрү жерден чыгуучу тоо хрусталдарын, алтын, туз ж.б. пайдалуу кендерди казып алышып пайдаланган". Ошондой эле дарылыкка, зергерчиликке, чарбачылыкка да иштетишкен.


Хантевер- тамагы ооруган балага эзип сүртөт. Өзү жылмакай күрөн таш. Көбүнчө шишик ооруларга жана желини ооруган койлорго дары болот.

Осмо таш кара таш- отко көмп бышырып "чекү таш" менен сүрүп туруп көзгө коёт. Осмо ооруган көздү айыктырып, карда көздү карыктырбайт.

Жибек- ачык таш сары, тунук ак таш. Боёк үчүн колдонулат.

Күкүрт - сары болот. Казанды майлап, эчкинин майына кошуп кайнататда б.а. нактап пайдаланат.
1) мылтыктын дарысы
2) бегену жоготуу учун котур оорусуна суртуп пайдаланат.
3) котур оруусуна сүртүп пайданалат.

Шopo- шордун кара түрү. Мылтыкка дары кылуу үчүн колдонулган.

Деңсе-  боз таш. Ар түрдүү жараларга сүртөт. Деңсени табуу кыйын болгон.


Керектелүүчү таштарга байланыштуу "көк таштай овдарып түштү" (куйкаланып кетти), "чакмак таш" (жеңил кыймылдайт), "чакмак таштай чакылдайт", (тың сүйлөйт), "тым эле күкүрт (көк чай ачуу чыгыптыр маанисинде) ж.б. ушул сыяктуу салыштыруу маанисиндеги сөздөр. идиомалар орун алган.


Ар түрдүү орууларды дарылоо жана ырымдоо


Памирдик кыргыздар ар түрдүү ооруларды өздөрүнүн түшүнүктөрүнө жараша табылган таштар, чөптөр, аң терилери менен дарылап, шаман, ислам динине байланыштуу түрдүү ырымдарды колдонуп келишкен. Илгери мындай ооруу, сырколорду айыктыруу максатында түрдүү дарыларды, айлама-амалдарды колдонуу турмуштук практикадан, зарылдыктан келип чыккан. Анткени ал убакта атайын дарылоочу дары-дармектер болгон эмес.


Натыйжада ар түрдүү мал ооруларын б.а,

койдун: бовул баскак, гылжың, так секирик, бөгөжү бөгөк. аксыл;

эчкинин: кара өпкө, котур;

жылкынын: кылов. тели. ноколо, жаталак;

топоздун: аксыл, мөртүлдөк, гемур, бовул баскак деген ооруларын дарылоого аракет кылышкан.


Адамдардагы: шишик, мэрэз, күйүк. жөтөл. жара, тең. желкавыз, тиш оору, котур, көз оору, учук, кой оору ж.б, ооруларды дарылашкан жана ырымдашкан.

Кээде дарылоо пайда берген, кээде бербеген. Айрым ооруларды дарылону билишпей, жылкы, кой, топоз, ж.б. малдар жана адамдар көп өлүмгө учурап турган.


Дарылоо


Гөмүр- көбүнчө гөмүр оорусу менен топоздор ооруп, от жей албай оозунан шилекейи куюлган. Бул оорунун дарысы болгон эмес.

Мөртүлдөк- жалаң топоздордун аш казаны ооруган. Мөртүлдөк оорусу тийген топоз "мөөрөгөн" да эки жакка чуркап жүргөн.

Жэйэп- төөлөр көп минилип, иштетилип жүрүп жэйэп (буту-колу аксап) болуп калган. Бул ооруну айыктыруу үчүн көп күндер бою байлап баккан. Жэйэпкэ байланыштуу "нимне эле жэйэптэп калгансын" (басалбай калгансын маанйсинде). Жэйэп болгон төөдөй жантыңдайсын (аксайсын д.м.) деген сөздөр жолугат.

Кылов- малдын денеси ар түрдүү жарага айланып кеткен оорунун бир түрү, көбүнчө жылкылар ооруган.

Гылжың- таштын эңгилчегин көп жеп алган мал гылжың (жиндй) болуп, туш келди жакка басып кете берген. Кээ бир учурларда айыгып да кеткен. Гылжыңга байланыштуу: "гылжың баш" (башы токтобойт деген маанисинде), гылжыңдава (кыйшаңдаба) деген идиомалар бар.

Мэрэз кэсэл- адам оорусу. Көбүнчө тукум кууган жугуштуу оору. Мэрэз менен ооруган адамга аюунун өтү гана дары болгон.

Тамак ооруга улардын өтүн эзип ичирген. Эгерде улардын өтү табылбаса кептердин (кэптэр) каны менен дарылаган же хантевер сүрткөн.

Бөйрөк ооруну "бөйрөк жовуз"-деген данек сыяктуу дары менен айыктырган.

Жараны арстын терисин тартып айыктырган. Эгер арстын териси табылбаса чычкандын терисин жапкан.

Төвө ооруга жеңил малдын 6.а. улак, эчки же серкени мууздап, уюган кандын ысыгы кете электе төбөгө тартышкан б.а. "кан токтоткон".

Бөгөжү- малдын буту-колдорунун муунунан кармаган оорунун бир түрү. Бул оорунун дарысы болгон эмес.

Кой оору- ич оорунун бир түрү. Кой оорусу бар адам, кез кезде ичи катуу ооруп жатып калган. Катуу оорудан кээде күтүүсүздөн көз жумган. Бул ооруга ундун кебегин кууруп тартышкан.


Ырымдоо


Тең- адамдын башы айланып, көзү ымыр-чымыр болуп ооруп калса "шакыйна" болуптур деп, ал адамдын башын теңдейт. Башкача айтканда атайын бир бала шоона (жип) "тең-тең" деп башына чороп алып ченейт да муштум менен чеке, кежиге, маңдайга, төбөгө ургулайт. Бул ырымдоону "тең" деп коюшат.


Түйнөк- козу, улактын ичтеринин түйүлүп ооруган ооруларынын бир түрү. Түйнөк болгондо эме албай тырышып калат. Мындай учурда (козуну же улакты) жаткырып туруп союмуш (б.а. калп эле мууздап. буту-колун жиреп терисин сыйрыган түрдө элестетет) болот. Андан кийин буту-колун керип туруп "чык түйнөк, чык!" деп тумак менен козуну бир-эки чаап тургузуп жиберет.


Кан токтотуу- төбөсү катуу ооруп төшөктө жатып калган адамга (көбүнчө аялдарга) эчки-серке же кой союп, мууздоо канын ысыгы кете электе төбөсүнө токтотот. Эгерде "токтоткон төбөгө" кандын ысыгы өткөн болсо, оору кайтат деп эсептешкен.


Чий учук- учук оору менен же бир нерседен чочуп ооруп калган адамды чий учук кылышкан. Бул чий учуктун 3 түрү болгон:
1-жети учук, 
2-кырк бир учук,
3- бир жүз бир учук болгон.

Чий учук кылганда үйдүн чийин алып учукталуучу адамды анын ичине киргизии туруп сыртынан муздак суу менен "учук-учук" деп чачышкан. Учукталган адам үйгө кирери менен тонго оронуп. чүмкөнүп ысык жаткан.


Пэтек учук- ооруган адамды кээ бир учурларда муздак суу менен кечинде жылдыз көрсөтпөй кийизди сууга малып алып учукташкан же жылдыз такта болгондо аткарылат.


Бөрүнүн кэлдэси- мал көп кыргынга учурап көрүстөнгө тегеретүү жардам бербесе, көбүнчө короого карышкырдын "кэлдэсин" көөмп коюшкан. Башкача айтканда, кырсыктын бардыгы качып, ошол короого "жолой" албайт деп түшүнүшөт.


Pamkg turmugh 2


"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ" 2003 ж

sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены