Памир кыргыздарынын тилеги, сүйүүсү жана калыңы. Боордоштордун ыймандай сыры (видео/сүрөт)

Памир кыргыздарынын тилеги, сүйүүсү жана калыңы. Боордоштордун ыймандай сыры (видео/сүрөт)

Нарындан келип, биздин редакцияга кире кеткен памирлик жаштар менен маектештик. Түпкү мекенге келүү, изги тилектер, билим алуу, сүйүү туурасында кеп салып, ал тургай калың темасына да кирип кеттик. Биздин маектештер алды 23, ал эми арты 18 жаш курагында экен.

 

Баса, маектештерибиздин тилдик сүйлөө өзгөчөлүгүн сактап, сөздөрүн өзгөртпөй бердик.

 



— Кыргыз жерин аттагыныңыздарга үч ай чукулдап калыптыр. Сиздерге бул канчандыр бир кезде кол жеткистей сезилсе керек да. Азыркы жашооңуздар, маанайыңыздар тууралуу билгибиз келип жатат?

 

Фазылхак Абубакир уулу: — Элестетчүмүн… Памирде жүргөндө ойлор көп болду да. Кыргызстанга барсак, окусак, билим алсак деген тилектерди айтчубуз. Телевизион аркылуу көрөт элек. Биз да ушинтип жашап калсак, боордошторубузга барсак, алар менен жүз көрүшсөк дечүбүз. Азыр Нарын жергесине келип, кубанычта болуп жатабыз. Мен эле эмес, ушул жерде отургандарда деле ошондой бир сезим пайда болсо керек, ал топук кылуу сезими жана көңүлүңдүн толуп турушу.

 

Биз эми Афганистанда тартынып, корунбайбыз. Барып калсак, "силер карабасаңар жок, Кыргызстаныбыз, мекенибиз бар" деп ооз толтура, канааттануу менен айта алабыз. "Кыргызстаныбызга кетип калабыз" дей алабыз. Пас эмеспиз, мамлекетибиз бар, эстей турганыбыз бар.

 

u-nas-chasto-umiraiut-rozhenitcy-i-deti 4

 

— Памир кыргыздарынын келе жатканын уккан кыргызстандыктар толкунданып, кубандык. Чек арадан өткөндө сиздердин сезимдер да өзгөчө болсо керек?

 

Кадыр Камал уулу: — Чек арадан өтүп бара жатканда сүрдөгөн, кызыктай бир сезимдер болду. Кыргызстанга киргенде жолдон машинелер улам көбөйүп отурду, дарактар көп экен, бийик үйлөр көзгө урунду. Анан байкаганым, Нарын менен Чоң Памирдин тоолору окшошот экен.

 

u-nas-chasto-umiraiut-rozhenitcy-i-deti 2

 

Фазылхак Абубакир уулу: —Ишкашымга келип, чек арада турдук. Кыйла эле убакыт өтүп кетти. Анан "ээ, Кыргызстанга өтпөй калат бекенбиз" деген ой кетти. Аябай капаландык. Бул жактан Жаркын эже (Жаркын Ибраева, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары – ред.) жана башкалар өтүп барышты. Анан бизди кайра алып өттүлөр. Кыргыздын желегин көрүп сүйүндүк. Анан Кыргызстанга келгиче өңүмбү, түшүмбү деп билбей келе жаттым.

 

— Бул өмүрдөгү бурулуш учурлардын бири катары калса керек. Кыргызстанга келдиңиздер, эми көңүл тындыбы же түйшөлткөн учурлар барбы?

 

Абдувакил Турдакун уулу: — Жакшы окуп, жакшыраак кесипке ээ болсок, биз ватаныбызга (мамлекетибизге — ред.) кызмат кылсак, үй-бүлөбүздү багып, бирөөгө жүк болбосок деген ой бар да.

 

u-nas-chasto-umiraiut-rozhenitcy-i-deti 7

 

Сардарвали Садрулла уулу: — Памирдеги тууган-уругубузду да алып келип, баарыбыз ушул жерде болсок деген тилегим бар. Памирге караганда бул жерде жашоо жакшы экен.

 

— Билим алсак деген тилектериңизди билдик, кайсы кесипти аркаласак деген ниет бар?

 

Сардарвали Садрулла уулу: — Мен компьютер үйрөнүп, анан дохтур болсом, Памырга барып, элимди карасам дейм. Памырда дохтурдун жоктугунан кыйынчылыктар көп болот. Дары саткандар бир жылда бирден 3-4 күн ар айылда болуп, кайра кетет. Дохтурдун жоктугунан жаңы төрөгөн аялдар менен балдардын көбү өтүп кетет. Памырдагы эл-журтубуз, кедейи да, байы да ушул жерге келип жашаса, Кыргызстанда калсак дейбиз да. А эгерде ондогулар келе албай калып калса, биздин мында жашаганыбыз болбойт… кайра барып элге жардам кылып, дохтур болуп дарыласак, мугалим болуп бизден кичүүлөрдү окутуп, билим алдырсак дейбиз. Биз ушул ойдобуз.

 

u-nas-chasto-umiraiut-rozhenitcy-i-deti 3

 

Фазылхак Абубакир уулу: — Памырлык кыргыздардын арасынан депутат же башка болгондор жок да. Бул жактан билим алып барсак, анан Афганистанга барып, аралашып, биз деле депутаттык же дагы башкаларды колубузга алсак деген тилек бар. Анан да Памырда калган боорбошторбузду алып келсек, бул жерде Кыргызстандын желегинин алдында турсак деген да ойлор бар. Мен мугалим болгум келет. Эгер туугандарым, досторум келсе мында турам, эгер келе албай кыйынчылык болсо аларга барып, балдарды окутсам деген оюм бар. Түшүнбөгөндөрдү Кыргызстанга алып келүүгө жардам этсем дейм. Биз жакта, Афганистанда ар кыл себептерден документ, жарандык алуу кыйын. Мен кайра барып, документтин зарылдыгын айтып, түшүндүрүп мекенге кайтып келсек деген тилегим бар.

 

Кадыр Камал уулу: — Компьютер жана англис тилин үйрөнүп, дохтур же мугалим болсом дейм. Дарыгер эмне үчүн десеңиз, Памырга барып, ошондогу туугандарды дубалаш үчүн.

 

— Кадыр, бул жердегилердин эң кичүүсү экенсиз. Сагыныч болуп жатабы?

— Ооба, Памырды, ага-туугандарыбызды сагынып жатам.

 

Сардарвали Садрулла уулу: — Сагыныч бар, ал жак киндик кан тамган жерибиз да. Ата-эне, бир туугандар, өскөн жерибизди, ал тургай Памырдын шамалын сагындым. Анын күчтүүлүгү ушунда, бийик жерге чыккан адамды тоголотуп кетет эле.

 

Фазылхак Абубакир уулу: — Сагыныч деп сурасаңыз, апамдарды айткым келип жатат. Өткөндө Нарындагы үйдүн алдына бир коңкарга учуп келип, конуп жатпайбы, анда апамдар "ээ, окшошпойт экен. Памырдын коңкаргасынын үнү башкача эле" деп коюшат. Демек, алар да баскан-жүргөн жерлерин сагынганын байкадым.

 

Ширинбү Абдувахит кызы: — Кыздарды, сиңдилеримди, жеңелеримди улам эстеп коюп жүрөм. Алар менен сүйлөшкөн бир кызык эле. Бирге сууга барып, бирге топоз сааган, торпок байлаган учурларды сагындым.

 

u-nas-chasto-umiraiut-rozhenitcy-i-deti 5

 

— Биздин кепке акыры сиздерди араңыздарда жалгыз аялзаты — Ширинбү аралаш баштады. Сизге суроо узатсак, Нарынга көнүп калдыңызбы?

— Ооба. Азыр тамда жашайбыз, негизи эле Кыргызстан мага жакты. Лицейге барып жатам.

 

— Тамактарын жасаганды үйрөнүп алдыңызбы?

— Салат, манты, бешбармак жасайм. Бирок бешбармакты жасаган кыйыныраак экен. Камыр жаям. Боткону жана гречкадан тамак жасаганды үйрөндүк. Бул жакта тамакты бышырган Памырга караганда оңой. От калап, нанды, тамакты казанга бышырчу элек, бул жерде духовка бар экен. Баары оңой болуп жатат. Тезек, көң колдончубуз. Азыр Нарында көмүр жагабыз. Памирде колго жууйт элек. Азыр кирди машинеге салсам, 20 мүнөттө таптаза кылып чыгарып берип коет экен. Ал жакта сууну узактан ташып келет элек, Нарында үйдүн ичинде.

 

— Мени Памирдеги туугандарыбыздын жашоо-турмушу, карманган салт-санаалары кызыктырып жатат. Анын үстүнө бул жерде отургандардын ичинен Фазылхак менен Ширинбү жубайлар экен. Сиздерде үй-бүлө куруу маселеси кандай?

 

Фазылхак Абубакир уулу: — Памырда оокаттуу кишилер малды арбын берип, үйлөнөт. Малсыздар кайчы куда болушат. Мен деле үйлөнгөндө кайчы куда түштүк. Түшүнбөй калдыңыз окшойт, ал деген мындай: менин байкемдин кызын келинчегим Шириндин инисине, кайнатамдын баласына бердик. Мен Ширинди алдым. Бул Памырда көп кездешет. Бул жердегидей сүйгөн деген жок да аякта (күлдү). Кыздар ата-энеси каалап берген адамга тиет.

 

Жунус Жээнбек уулу: — Бизде Кыргызстандагыдай кыз менен бала сүйлөшүп үйлөнүү деген болбойт. Жуучу (уулдун атасы) барат да, баласы үчүн кыздын колун сурайт. Макул деп тапса, кыздын атасы оң жооп берет, болбосо "жок" дейт. Бул жердегидей кыз "баланчаны сүйдүм, ошого тием" деген кеп болбойт.

 

Абдувакил Турдакун уулу: — Кыргызстанда кыз менен жигит бири-бирин сүйүп үйлөнгөнү жакшы экен. Мындай жашоо абдан кызык болот да. Биз жакта андай гептер жок. Ата-эне жуучу барып, кыз жигит бири-бирин көрбөй туруп үйлөнөттөр.

 

Сражилхак Абубакир уулу: — Кыз жакшы көрүп калган жигитине турмушка чыгам деп айтпайт. Мыйзам ошондой. Кыз дилдегисин атасына айта албайт. "Атам мага капа болбосун, жаман көрүп калбасын" деп ичине сактап кала берет.

 

u-nas-chasto-umiraiut-rozhenitcy-i-deti 8

 

— Анда кыз баланын тагдыры өзгөчөрөөк турбайбы?

 

Фазылхак Абубакир уулу: — Памырда кыздар эшикке көп чыкпайт, алыс барбайт, эркек кишилер менен аралашпайт. Бөлөк жүрүшөт. Биздин кыздардын уялып микрофонго да анча ачылып сүйлөй албаганы ошондон.

 

— Кыз, жуучу, үй-бүлө туурасында сөз болуп кетти, Памирдеги калың маселеси кызыктырып жатат?

 

Фазылхак Абубакир уулу: — Калың маселеси оор, колунда жок ишилердин үйлөнүшү катуу. Келинчек алыш үчүн акча жана топоз менен 100гө чейинки мал кылып беришет. Топозду мал менен баалашат. 1 топоздун кичирээги 5 кой, эгер чоң топоз болсо 10 койго барабар. Эми нак топоз менен эле албайт, андан сырткары кой, эчки, төө, ат кошот. Орто эсеп менен 5 топоз. Бул 50 баш малдын тегереги.

 

Сардарвали Садрулла уулу: — Эки Памырдын айырмасы жок. Мисалы, мен 50 кой, 15 топоз, 5 ат берип үйлөндүм. Ата-эне калыңды бычат. Эң көп дегенде 150-100 баш мал беришет. Кээде 200гө чыгып кеткенде ортого түшкөндөр малдын санын азайтып, ортодон бир пикирди жаратат.

 

u-nas-chasto-umiraiut-rozhenitcy-i-deti 6

 

— Кайсы тилдерде сүйлөйсүңөр, интернетти көп пайдаланасыңарбы?

 

Абдувакил Турдакун уулу: — Интернетти дайыма колдонуп турабыз, Google мага жагат, көп нерселерди таап, окуйбуз. Кыргызстан тууралуу кабарларды да карап турчубуз. Негизинен фарсы тилинде окуп, жазабыз. Фейсбукта катталгам. Көп эмес, бирок 1-2 саатка кирип, колдоном.

 

— Тилдик айырмачылыктардан кыйналган жоксуздарбы?

 

Фазылхак Абубакир уулу: — Сиздер аз-аздан орусча кошуп жиберет экенсиздер, ал эми биздин тилге да бир аз фарсы аралашкан болсо керек. Ал эми тил боюнча жалпысынан алсак, кыйналган жокпуз.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены