Памир кыргыздарына гуманитардык жүк Оштон 3-октябрда чыгат

Памир кыргыздарына гуманитардык жүк Оштон 3-октябрда чыгат

Аталган жардам жайында эле жөнөтүлүшү керек болчу, бирок Пянж суусунун деңгээли көтөрүлүп, автоунаанын өтүүсүнө тоскоолдук жаралган. Эми Кыргызстандан чыккан колонна Тажикстан аркылуу Афганистанга бет алат.

 

Памир кыргыздарына арналган гуманитардык жардам Оштон 3-октябрь күнү чыга турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакытбек Адылов билдирди.

 

 

Анын айтымында, Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймагына жети жүк ташуучу унаа барат. Транспорт каражаттарын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлмөй болду. Аталган жардам жайында эле жөнөтүлүшү керек болчу, бирок Чянж суусунун деңгээли көтөрүлүп, автоунаанын өтүүсүнө тоскоолдук жаралган. Азыр суунун деңгээли төмөндөп, кадимки калыбына келген.

 

"Жолго үч күндүк убакыт кетет. Жети жүк ташуучу унаа 50 боз үй, ун, күрүч, шекер жана кийим-кече жеткирет", — деди Адылов.

 

Делегациянын курамында ӨКМ, Саламаттык сактоо министрликтеринин, өкмөт менен парламент аппараттарынын өкүлдөрү кирген. Дарыгерлер памир кыргыздарынын ден соолугун текшерип келмекчи.

 

Памирдеги этникалык кыргыздардын өздөрүнүн айтымында, учурда алардын саны 1500 адамга жетет. Адылов алардын өз мекенине кайтуу маселеси дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүү, Афганистан бийлигинин буга карата мамилеси жана этникалык кыргыздардын калоосу сыяктуу бир нече факторлордон көз каранды экенин белгиледи.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены