Памир кыргыздарын Алайга көчүрүү аракети башталат

Памир кыргыздарын Алайга көчүрүү аракети башталат

Памирлик кыргыздарды Алайга көчүрүү боюнча алгачкы аракеттер башталды. Алыстагы боордошторго расмий өкүлдөр 10-февралда экспедиция жөнөтүүнү пландаштырышууда. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражттан сырткары, Бишкектеги жаш активисттерден турган “Элден-Элге” коомдук уюмунун мүчөлөрү да колдоо көрсөтүп, 4-февралда кайрымдуулук акциясын уюштурганы жатышат.

 

Бул топтун эң негизги максаты Памирликтерди сактап калуу, куру дегенде материалдык, моралдык жардам берүү дешет уюштуруучулар. Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы Сапаргүл Pamir kg Alai kochuruu 1Абдинабиева “Элден-Элге” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Элвира Акимованы жана Замир Айылчиевди кепке тартып, адегенде Памирлик кыргыздарга кандай жардам күтүлүп жатканы тууралуу сурады.

 

Замир Айылчиев: Памирдеги боордоштор сыяктуу этникалык кыргыздарга жардам берүү биздин коомдук бирикменин негизги милдеттеринин бири. “Элден-элге” коомдук бирикмеси памирликтерге гуманитардык жардам берүү максатында 4-февралда кайрымдуулук акциясын уюштурганы жатабыз. Биз жөнөкөй жарандардан жардам чогултсак деп пландадык. Анда тамак-аш, кийим кечелердин баары кабыл алынат. Алар деңиз деңгээлинен 4000 метр биийиктикте жашагандыктан жылуу кийим: тумак, шарф, жемпир, куртка, маасы, байпак сыяктуу жалаң калың кийимдер болсо жакшы болот. Буларды жеткирүү менен кандаш кыргыз эл аларга кайдыгер эмес экенин далилдегибиз келет.

 

Элвира Акимова: Ар бир үй-бүлөдөн бирден самын келсе да ыраазыбыз. Элден келген дары-дармек, азык-түлүктөрдү атайын баштыктарга салып, ирээттеп чыгабыз. Бирок буюм-кийимдер жаңы болсо деген ой. Атайын алып барганга жараша таза, жаңылары барса жакшы болот. Баса, буюм алганга убакыт жетпегендер жардамды акчалай да көрсөтсө болот.

 

Би-Би-Си: 4-февралда чогултулган каражаттар аларга кантип жеткирилгени жатат?

 

Элвира Акимова: Буюрса 10-февралда үчүнчү ирет экспедиция башталат. Аны өлкөнүн миграция кызматы менен биргеликте уюштуруп жатабыз. Ага негизинен врачтар, этнографтар, айрым депутаттар барышат. Жана элден чогулткан аманатты жеткирүү да чоң жоопкерчилик эмеспи, андыктан биздин коомдук бирикменин да эки мүчөсү кошулат.

 

Би-Би-Си: Памирликтерге маал-малы менен жардам жеткирүү болуп турат эмеспи. Бирок материалдык жардам аркылуу эле ал жердеги көптөгөн маселелерди чечүү мүмкүн болбосо керек. Дагы кандай аракеттер көрүлуп жатат?

 

Замир Айылчиев: Сиз айтып кеткен маселе абдан опурталдуу. Алар чындыгында жапайы турмушта өмур кечирип келатышат. Негизинен памирликтердин ден соолугун чыңдоо, экинчиси билим берүү багытында көмөктөшүшүбүз керек. Аларды көбүрөөк карап, сүйлөшүп көрүп, анан Алайга алып келели деген оюбуз бар, буюрса.

 

Элвира Акимова: Бул жылкы мамлекеттик экспедициянын өзгөчөлүгү бар. Биринчиси, “Элден-элге” коомдук бирикмесинин элден жардам чогултуп мамлекетке өткөрүп берүүсү. Экинчиси, ал жакка барган экспедициялык топтун төртөөсү Памирде калат. Алар бир ай бою беш үй-бүлө менен иштеп, абдан көңүл буруп, Кыргызстанга көчүрүүгө даярдашат. Моралдык, психологиялык жактан иштеп, байкаштырып туруп, бир айдан кийин Алайга көчүрүп келишет.

комментарии

Админ

Админ

Суббота, 06 Февраля 2016 05:32

Туура ооган кыргыздарына.

Sopuev

Sopuev

Пятница, 05 Февраля 2016 20:57

Эн сонун...жок дегенде окуп алып суйундум.Бул жардам ооган кыргыздарына окшойт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены