Оогандык кыргыздар

Оогандык кыргыздар

1989-жыл, октябрь. Бул жолку иш сапар адаттагыдан башкача болду. Редакцияда иштегениме сегиз жыл болуп калса дагы, мурда далай жолу иш сапарга чыксам дагы аябай толкундандым. Себеби азыр СССРдин аймагынан сырткары Ооганстан республикасына бараткан элем.

 

Алгачкы сапар

Кыргызстандагы экинчи чоң калаа - Оштон түш оогон мезгилде чыгып кеттик. Күн жылуу болуп турду. Оштон Алай районунун борбору Гүлчөгө барып, андан ары Сопу-Коргон кыштагына кечке жетип бардык. Кыштакта күндүн сыдырым жели согуп туруптур. Oogandyk kg ANСаргайган жалбырактар дарактардан үзүлүп, жерге карай каалгый учуп жатты. Ош калаасына караганда Сопу-Коргондо суук экен. Ушул жерде тыныгуу болду. Машиналарга май куюлду. Тамактандык. Кайрадан сапарыбыз уланды. Түн кирип калгандыктан маңдайдан чыга калган машинанын жарыгы көрүнсө айдоочу машинанын ылдамдыгын жайлата коет. Анан кайрадан ылдамдыгын көбөйтөт. Терезени ачсаң муздак аба бетке урат. Ичиркене түшөсүң.

 

Ошентип Кыргызстандын 40 жылдыгы, Кызыл-Арт ашууларын аштык. Кийинкиси деңиз деңгээлинен 4282 метр бийиктикте турат. Көпчүлүк айдоочулар ушул ашуунун чокусуна чыккандан кийин машинасын токтотуп, келген жагына көз жиберет. Чынын айтуу керек, бул ашуунун чокусунда туруп төмөн жакты тиктесең, укмуштай көрүнүшкө туш болот экенсиң. Айрыкча түнкүсүн кызык. Төмөндөн кумурскадай болгон машиналардын жарыгы көрүнөт. Ал жарыктар ушунчалык акырын жылгандыктан коңуздун жылганын айласыздан көз алдыңа келтиресиң.

 

Жолдо түнөдүк. Айдоочулар чарчашты. Кийимчен эле уктадык. Эртеси таңга маал туруп кайрадан жолго чыктык. Түшкө жакын Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын аймагындагы «Ак Байтал» ашуусуна жеттик. Бул ашуу Ооганстанга жеткенге чейинки ашуулардын ичинен эң бийик ашуу экендигин кийин билдим. Анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 4655 метр бийик. Чокусуна карай баратканда дем алуу кыйындай баштады. «Айрым оорулуу адамдар бул ашуудан аша албайт» деп айтты айдоочу.

 

Сөз кезегинде айта кетүү абзел. Кыргызстандын Ош областына караштуу Сары-Таштан өткөндөн кийин эле дарак көрүнбөдү. Жер шагылдуу болгондуктанбы айтор жылаңач зоолордон башка эч нерсе көрүнбөдү.

 

«Ак Байталдан» кийин Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб району башталды. Бул райондун калкынын 82,2 пайызы кыргыздар. Райондун жетекчилери менен жолугушуп аңгемелештик. Алардын Кыргызстандыктардан бирден-бир сурангандары - мектеп окуучуларына кыргыз тилиндеги окуу куралдарынан жана адабий көркөм китептерден жардамдашышса деген сөз болду. Туура, Тажикстандан кыргыз тилиндеги окуу куралдары жана кыргыз тилиндеги адабий китептер чыгарылбайт. Ошондуктан, китепканаларында да кыргызча китептер өтө аз. Муну Кыргызстандыктар эске алуусу зарыл экендигин ким тана алат?

 

Мургабда түнөдүк. Машиналарга май куюлду. Эртеси түшкө жакын эки топко бөлүндүк. Ошентип, биринчи топ Ооганстандын Кичи Памирине, экинчи топ Чоң Памирине бармак болдук. Биздин карамагыбыздагы он машина беш-бештен болуп бөлүндү. Түш оогондо Мургабдан адегенде Ооганстандын Кичи Памирине карай жол тарттык.

 

Ооганстандын чек арасына чейинки жол Мургаб районунун Киров совхозунун аймагын аралап барат...


Алмаз Нурдинов

 

Уландысы автордун "ООГАНДЫК КЫРГЫЗДАР" жана "РАХМАНКУЛ ХАН–АКЫРКЫ ХАН" чыгармаларында.

 

Китептерди  УШУЛ ЖЕРДЕН  бекер көчүрүп алсаңыздар болот.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены