Нооруз майрамыңыздар менен !

Нооруз майрамыңыздар менен !

НООРУЗ майрамыңыздар менен !

 

Кыргыз элибиз байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл буруп, эски жылды узатып, жаңы жылды тосуп келген. Ар бир үй-бүлө өз алдынча алдын-ала даярданышкан.

 

Ар бири бүтө элек иштерин жаңы жылга калтырбай бүтүрүшүп майрамды тосушкан. Ошондой эле элибиз бири-бирине жакшы ой-тилектерин, каалоолорун билдиришип, белектерин тартуулаган.

 

Майрам күнү сиздерди чын дилибизден куттуктообуз менен сиздерге каалап кетер элек:

Бул күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, , үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин! Нооруздун ушул күнүндө баардыгыңыздардын үйүңүздөрдө Арча түтөп, шаттык, күлкү жаңырсын !

 

“САРЫ-КОЛ” сайт жааматы

 

Сүмөлөк

 

Асманда жамгыр себелеп,
Ай аалам жашыл көгөрөт.
Айт майрам менен Ноорузда,
Айланат жаштар төгөрөк.

 

Энелер салган сүмөлөк,
Шарак-шарак кайнаган.
Шайыр жаштык, шаңдуу күн,
Бактылуу жаштар жайнаган.

 

Аталар турат бакжайып,
Ак бата берип, төр ээлеп.
Ак элечек энелер,
Небере балдар эркелеп.

 

Ак чач эне күймөнөт,
Ак буудайдан сүмөлөк.
Ак жамгырды асмандан,
Жараткандан тиленет.

 

Чоң ата да күймөнөт,
Чоң казанда сүмөлөк.
Жерге жамгыр берсе деп,
Жараткандан тиленет.


Ай сүмөлөк, сүмөлөк,
Асыл жаштар түрлөнөт.
Карысы да, жашы да,
Эл-жерге бакыт тиленет.

 

Ай сүмөлөк, сүмөлөк,
Айда, жылда бир келет.
Ак жамгыр төксө жериме,
Ак буудай даны нан берет.

 

Ай сүмөлөк, сүмөлөк,
Ай жарыкта эркелеп.
Асыл жаштар жанашып,
Селкинчек тебет селкинчек.

 

Март айында сүмөлөк,
Жаз айында сүмөлөк.
Майда, жазда туулган,
Жаштар үчүн ыр келет.

 

Ак буудай даны сүмөлөк,
Ак калпак элим тиленет.
Жараткан Алла пендеге,
Жамгыр да берет, нур берет.


 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены