Нарындагы памирлик кыргыздарга паспорт берүү маселеси каралууда

Нарындагы памирлик кыргыздарга паспорт берүү маселеси каралууда

Этникалык кыргыздардын бирине социалдык паспорт толтурулган

 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар менен жолугуп кайтты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

 

Мамытова этникалык кыргыздардын жашоо шарты менен таанышып, ар бир үй-бүлө менен аңгемелешүү өткөргөн.

 

naryndagy-pamirlik-kyrgyzdarga-pasport 2 naryndagy-pamirlik-kyrgyzdarga-pasport 3
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар менен жолугуп кайтты Ал эми Нарын райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Сейдилдаев ар бирине социалдык паспорт толтурулуп (башка өлкөнүн жарандарнынын өздүгүн тактоочу документ), тынымсыз жардам көрсөтүп туруу үчүн социалдык кызматкерлер бекитилгенин билдирген.

 

Ал эми Нарын райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Сейдилдаев ар бирине социалдык паспорт толтурулуп (башка өлкөнүн жарандарнынын өздүгүн тактоочу документ), тынымсыз жардам көрсөтүп туруу үчүн социалдык кызматкерлер бекитилгенин билдирген.

 

"Учурда паспорт жана балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары, мыйзам чегинде мамлекетик жөлөк пулдарды чегерип берүү каралууда", — деп айтылат маалыматта.

 

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены