Нарындагы памирлик кыргыздарга кандай колдоо көрсөтүлүүдө

Нарындагы памирлик кыргыздарга кандай колдоо көрсөтүлүүдө

Былтыр ноябрь айында 33 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү тапшырылган.

 

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев учурда Нарын жергесинде Кичи жана Улуу Памирден келген 49 этникалык кыргыз жашап жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

 

Учурда депутаттар ар түрдүү маселелерди карап бүттү.

 

Темирбаевдин айтымында, 49 этникалык кыргыздын 30у орто билим берүү мекемелеринде окуп жатат.

 

"Мыйзам чегинде 14 балага жөлөк пул чектелген. Алар такай медициналык кароодон өтүп турат. Мекендештерди жайгаштыруу, үй-тиричилигине керектүү буюмдар менен камсыздоо максатында өкмөт тарабынан 2 миллион 875 миң 900 сом бөлүнгөн. Миграция кызматы 2017-жылы 8-ноябрда 33 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү тапшырды", — деди Темирбаев.

 

Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан. Кийин 2018-жылы жазга жуук дагы бир нече адам келген.

 

Ал эми 6-июлда 18 киши жайкы каникулга карата Бишкектен Памирди көздөй сапар алышкан. Алардын арасында бир нече үй-бүлө жана 6 жашка чейинки эки кичинекей бөбөк бар болчу.

 

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены