Нарын шаарындагы памирлик кыргыздар эңсеген жана кыялданган жашоо (сүрөт)

Нарын шаарындагы памирлик кыргыздар эңсеген жана кыялданган жашоо (сүрөт)

Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыздардан кабар алып, учурдагы жашоосу менен таанышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

 

Нарын район аралык социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, Нарын шаарында памирлик 8 түтүн үй-бүлө жашап жатат. Мындан сырткары Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында 2 түтүн үй-бүлө жергиликтүү тургундардын мал-жандыгын карап жатышат.

 

Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Нарын шаарындагы памирлик үй-бүлөлөрдөн учурдагы эң негизги көйгөйлөрүн сурады. Анда эки адам айдоочулук курсту окуп, окууну ийгиликтүү аякташканын, бирок жарандыгың жок деп документ беришпегендигин айтышты.

 

«Андай болгон соң эмнеге окутканын түшүнбөй келебиз. Дагы бир көйгөй — жер маселеси болууда. Нарын шаары памирлик кыргыздар үчүн башка, чоочун, көнбөгөн чөйрө. Биз 2-3 үй-бүлөдөн болуп бөлүнүп, шаардын аягында, ортосунда жана башында жашап күн көрүүдөбүз. Эгер биз бир көчөдө жашасак, бири-бирибизди карап турмакпыз. Балдарды бирөө багып, калгандары иштеп каражат табууга жеңил болмок», - деди алар.

 

Жолугушуу учурунда памирлик кыргыздардын айрымдары жарандык, жер, турак жай маселеси чечилбесе орозо аяктагандан кийин кайра Памирге кетүүгө аргасыз болуудабыз дешти. Мындан тышкары инсандык, моралдык-психологиялык багыттагы маселелер да көтөрүлдү. Себеби, Памир кыргыздары өкмөттөн, ар кандай уюмдардан, элдерден азык-түлүк алып жан багуусу адамдардын ички дүйнөсүндө чоң дискомфортту пайда кылууда.

 

«Өмүр бою өзүбүздү өзү багып, башка бирөөнү да багып келген адамдарданбыз. Нарынга келип, ар кимден жардам алып жашоо бизге дагы кыйын», - деп кошумчалашты.

 

Жолугушуунун соңунда памирлик кыргыздар мамлекеттин социалдык жардамынын эсебинен жашоону каалабай турганын, жарандык алып, жер маселеси чечилсе турак жай кура турганын айтышты. Ошондой эле пайызсыз ссудалар берилсе, аны иштеп төгүүгө кудуреттери жетерин баса белгилешти.

 

Былтыр жайында Нарын облусундагы айрым, тактап айтканда 18 памирлик кыргыз Ооганстанга сапар алышкан.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены