Мургабтык кыргыздар каада-салтты сактап келет

Мургабтык кыргыздар каада-салтты сактап келет

Тажикистандын аймагында жашаган кыргыздар азыркы күнгө чейин өз эне тилинде билим алып, маданиятын, үрп-адат, каада салтын сактап келет. Этникалык кыргыздар Кыргызстандагы белгилүү делген чыгармаларды окуп, билбегендерин үйрөнөт.

 

Алишер Жүндүбаев азыр 67 жашта, ал комузда кол ойното чертип, Кыргызстандагы белгилүү чыгармаларды да жатка билет. Аксакал союз учурунда Мургаб районунда маданият тармагында эмгектенген, азыр пенсияда.

 

Мургабдыктар жашаган аймак Сарыкол деп аталып, Ооганстан жана Кытай менен чектешип турат, Сарыкол - эзелтен бери эле кыргыздардын жери деп саналат. Бул жердеги жергиликтүү элдин кылымдарды карыткан ыр-күүсү, өзүнчө обондору бар.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены