Мургабга 2 жума мурун кеткен 30га жакын жүргүнчү Кызыл-Арт ашуусунан өтө албай турушат

Мургабга 2 жума мурун кеткен 30га жакын жүргүнчү Кызыл-Арт ашуусунан өтө албай турушат

Ош шаарынан Тажикстандын Мургаб районуна 2 жума мурун кеткен 30га жакын жүргүнчү Кызыл-Арт ашуусунан өтө албай турушат. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдүн тууганы Акжол Кудайбердиев билдирди.

 

Анын айтымында, Сары-Могол айылынан ары 17 чакырымдагы Кызыл-Арт ашуусунда 6 унаадагы 30га жакын жүргүнчү бар.

 

Ошондой эле, 140 чакырым алыстагы Кара-Көл ашуусунан Мургабга өтө албай турган жүргүнчүлөр бар экени айтылууда.

 

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Сары-Моголдон атайын техника жалданып, жолду ачуу аракеттери көрүлгөн.

 

Бирок, катуу боорон кайрадан жолду жаап калууда. Кара-Көл ашуусунан Мургабга баруучу жол дагы жабык болгондуктан Тажикстандан дагы техникалар кире албай жатат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены