Мургабдагы кыргыздарга китеп берүү акциясы өтөт

Мургабдагы кыргыздарга китеп берүү акциясы өтөт

Журналист, активист Эльвира Акимова Тажикстандын Мургаб районундагы кыргыз мектептери үчүн предметтик жана адабий китептерди, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорду жеткирүүнү пландап, китеп чогултуу акциясын баштады.

 

Демилгечинин боордошторго китеп тартуулоо идеясын “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду колдоп, китеп чогултуу, атайын флеш мобдорду уюштурууга жардам бере турган болду. Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев бул демилгени колдоого алаарын айтып, Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, китептерди жеткирип берүү маселелерин чечип берерин убада кылды.

 

Демилчеги Эльвира Акимова Мургабдагы этникалык кыргыздарга китеп тартуулоо идеясы кандайча жаралганы тууралуу буларга токтолду.

 

Өткөн жылдын октбярь айында Памирдеги кыргыздарга барып келгенбиз. Ошондо Мургаб аркылуу өтүп, анда үч күн туруп калдык. Жергиликтүү тургундарга жолугуп, мектептерге барып, окуучулар менен учураштык. Жолугушууда мугалимдер бизде кыргыз китептери жетишсиз деп айтышты. Мүмкүнчүлүк болсо чогултуп берсеңер, же болбосо бул жакка алып келсеңер сатып деле алабыз деген өтүнүчүн билдирдишти”,- ал.

 

Китеп чогултуу акциясы март айында болот.

 

Тажикстандын Мургаб районунунун тургундарынын 90 пайызын этникалык кыргыздар түзөт. Бирок, орто мектептерди кыргызча окуу китептеринин жетишсиздиги көп жылдан бери көйгөй болуп келет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены