Мургабда кыргыз мууну бар

Мургабда кыргыз мууну бар

Тагдырдын буйругу менен союз тарагандан кийин Тажикстандагы окуяларга байланыштуу Сарыкол (Мургаб) жергесиндеги бир ууч кыргыз элинин өкүлдөрү түпкү Ата мекенибизге - Алатоого көчүп келгенбиз.

 

Айкөл кыргыз элибиз боордошторуна жер берип, үй берип, бооруна батырып алды. Кийинки кездерде кыргыз тарыхчы окумуштуулары улуттун байыркы тамырларын таап чыгуу үчүн ат арытып алыскы Алтай, Кытай, Монгол жерине чейин чабагандап жүрүшөт.

 

Бул жакшы жөрөлгө токтобой уланса деп тилейм. Эгер шарты келсе биздин окумуштуулар Мургабка да көңүл бөлсө дурус болмок.

 

 

Дүйнөнүн чокусу аталган Памирди кыргыздар качантан бери жердээрин, ал аймак кандай себептер менен Тажикстанга өтүп кеткенин, ал жердеги кыргыздардын маданияты, салты кандайча нукура бойдон сакталып калганын кененирек изилдесе илимге керектүү көп маалыматтар табылар эле. Мен билгени аякка белгилүү тилчи Ж.Мукамбаевден башка бир да окумуштуу басып баралек.

 

Жээнбек Айдаров

Жайыл району

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены