Мургабда чач өрмөй тойдо кыздын чачына 40тан ашык шакек өрүлөт

Мургабда чач өрмөй тойдо кыздын чачына 40тан ашык шакек өрүлөт

Чүй өрөөнүнө келип отурукташып калган мургабдык кыргыздардын бири – Улукбүбү Жунусова. Аны менен жолугуп, түпкү мекенине келип калуусунун себептери менен азыркы жашоосу, мургабдык кыргыздар тууралуу билмекке Кара-Балтага жол тарттым.

 

ТҮШҮНДҮРМӨ


Мургаб району – Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусундагы район. Мургаб эли жашаган өрөөн Сары-Кол деп аталат. Памирде деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан. Калкы – 6,3 миң адам.



Каарманым мени үйүнөн тосуп алды. Ичкери баш бакканда эле колго согулган килем менен таар, ал тургай илгерки унутулуп бараткан буюмдар да көзгө урунду. Суктануу менен караганымды байкаган Улукбүбү «булар менин кол иштерим деди.


murgabda-chach-rm-i-toido-kyzdyn-chachyna-40tan 2– Кол өнөрчүлүктү кимден үйрөнгөнсүз?


– Маркум апам Турна уз эле. Кичинемден килем, өрмөктүн түрлөрүн согууну, сайма саюуну үйрөтүп чоңойтту. Мында келгени улуттук колориттеги көйнөк, чапан, кемселдерди тигип, саймалап таар согуп, кыздын себин даярдап сатып, балдарымды багып келе жатам. Тапкан акчамды чогултуп эптеп үй да алдым дегендей.


– Өнөрлүү өлбөйт деген ушул эмеспи. Мургабдан Чүйгө кандайча келип калгансыз?


– Чүйгө башка мургабдыктарды ээрчий 2004-жылы келгем. Мургабдын жалаң кыргыздар жашаган Раң-Көл айылынан болом. СССР кезинде экономикалык абал жакшы эле. Союз таркагандан кийин электр жарыгы, көмүрү жок калдык. Тажикстандагы атуулдук согуштун да кыйыр таасири тийди десем болот. Кышкысын суук 40-45 градуска чейин жетет. Кар, жамгыр аз жааганы менен, карандай какшаткан суук. Көмүр жоктугуна байланыштуу ар жактан темселеп терскен (жапыз бадал) кыркып келип, аны жагып калдык. Тамак-аш, кийим-кече таңсык тартып, жашообуз кыйындады. Маркум атам СССР учурунда кесиби жок болсо да, геологдор менен иштеп, Сары-Колдогу топаз, лаал, кварц чыккан жерлерди изилдешип казышып, акча тапчу. Кийин ал да жумушсуз калды. Мен 4 баламды алып башкалар сымал эле жакшы жашоо издеп Чүйгө келдим. Мында келгендердин базарда соода кылгандары, тигүү цехинде иштегендери, ижарага алып жер иштеткендери, араба түрткөндөрү да кездешет. Бутуна туруп калгандары там салып, өз бизнестерин баштап алышкан. Кара-Балтадагы мургабдык кыргыздардын коомунун жетекчисинин маалыматына караганда, мында 1800дөй мургабдык кыргыз жашайт экенбиз.


– Азыр киндик кан тамган жериңизге барып турасызбы?


– Келгенден кийин адегенде бат-баттан каттап турдук. Кийин ата-энемдин, жалгыз бир тууган эжемдин көзү өтүп кетти. Азыр жылына 1 ирет гана барабыз. Учурда Мургабда жаңы курулуштар түшүп, спутниктик антенналар аркылуу 20дан ашык каналды көрүп калышыптыр. Чөнтөк телефон бар экен. Атам өзү атадан жалгыз болчу, аны тартып мен да жалгыз калдым. Азыр илгери бир себептерден улам Сибирге сүргүнгө айдалып, жолдо качып Кытайга барып жашап калган чоң атамдын 7 уул-кызы менен катташып жатам. Алар Кызыл-Суу автономиялуу облусунда турушат.

 

murgabda-chach-rm-i-toido-kyzdyn-chachyna-40tan 3 murgabda-chach-rm-i-toido-kyzdyn-chachyna-40tan 4
"Элечектин ичинен кийилүүчү кеп такыя. Азыр муну кооздоого керектүү күмүштү табуу кыйын болуп калды" Кыздын себине керектүү маталарды Кытайдын Үрүмчү шаарынан алып келет. Даярларын базарда саттырат

 

– Канга сиңген салт-санааңыздарды бул жакта да сактайт чыгарсыздар?


– Албетте. Кийин байкасам, салт-санаабызда бир топ айырма бар экен. Мисалы, Мургабда той берсек айылдагылардын баары чакырылып, жиликтер бүтүн тартылат. Андыктан 8-12 койго чейин союлат. Баланы бешикке салууда бешиктин үстүнө бир баштык тыйын чачылат. Бул бала барчылыкта жашасын деген тилек. Тушоо той бизде бааланбайт, айрымдар гана өткөзөт. Кыздар 5-7 жашар кезинде «чач өрмөйң тойчугу өтөт. Ага айылдагы улуу аялдардын баары келет. Кыздын башын жууп, алып келишет. Алгач улуу байбиче кызды алдына алып, бир өрүмүн өрөт. Ала келген шакегин өрүмгө кошо өрүп кетет. Анан кийинкилер бирден өрүм өрүп, шакектерин кошуп кете беришет. Ошентип 40 өрүм өрүлөт. Эгер аялдар көп болуп, аларга чач өрүү кезеги жетпей кала турганы байкалса, анда бир өрүмдү 2-3 аял өрүп калат. Ошентип кыздын чачына 40тан ашык шакек өрүлөт. Кыздын апасы келгендерге «чач өрүмдөн чачылаң деп күзгү, тарак, самын сыяктууларды таратат.


Үйлөнүү тою тууралуу айтайын. Кызды көчүрүп келүүнү «куржун тойң дейбиз. Ага чейин калың жеткирилип берилген болот. Калың көбүнчө үч-үч, беш-беш деп бөлүнөт. Үч-үчү – бул 30 кой, 30 миң сом акча, 3 кара (топоз). Беш-беши – бул 50 кой, 50 миң сом акча, 5 кара (топоз).


Куржун тойдо бала тараптан бир киши бир көзүнө эт, быжы, олобо (сүт куюлган өпкө), экинчи көзүнө күзгү, тарак, самын сыяктуулар салынган куржунду көтөрүп, 1 койду жетелеп алат. Коюнуна бир жилик этти бышырып салып коюшат. Барганда кыздын жеңелери куржунду алып, койдун үстүнө ун себелеп (ак той болсун деген ырым) анан алат. Анан коюнундагы жиликти кыздын да, баланын да жеңелери тартып алууга аракет кылышат. Утулуп калган тарап ызасын чыгарыш үчүн ала барган ундарын беркилерге чачып ойношот. Кыздын тою 3 күн болот. Сепке колго согулган 2 килем менен 2 таар, 2 шырдак, 2 сандык, 12 жер төшөк, 6 жаздык, 12 даана артка жөлөнгүч, идиш-аяк, эмеректерди берет.


– Сөздөрүңүздөрдө да айырмачылыктар бар экен...


– Ооба, биз чай кайнаткан чоң чайнекти чөөгүн дейбиз. Көмөч казанды кол казан, электи элгек, көлдөлөңдү бостек, үбөлүктү нургуч, дагараны кир жуучу табак, элечекти калак дейбиз.

 

murgabda-chach-rm-i-toido-kyzdyn-chachyna-40tan 5
Улукбүбү боз үйдүн жип-шуусу, чыны кап, таар, мургабдык кыргыздардын элечеги үчүн өрмөк колдонот


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены