МУРГАБ: “Отун алуучулардын эң маанилүү орду” (видео)

МУРГАБ: “Отун алуучулардын эң маанилүү орду” (видео)

Жети жыл мурда, мен Мургаб районунун эң негизги адамдары менен иштеп баштадым. Алар калкты терскен (отун) менен, атам-замандан бери эле, камзыс кылып келе жатат. А бирок аларды көпчүлүктөр (окмуштуулар жана башкалар) жаратылыштын душмандары катары көрүп келишет. Жети жылдык илимий ишимдин негизинде, алар эч кандай жаратылышка терс таасир алып келиши байкалган жок. Болбосо азыр терскен (мал оту & эл отуну) тоолордо жок болуп кетиши мүмкүн эле.

 

Cебеби бул жерде отун алуучулар эң маанилүү орду бар. Алардын тажрыйбасы жаратылыштын сактоочулары экенин көрсөттү. А бирок, көп жылдап чет өлкөлүк окмуштуулар ушул ойго келген жок, эгер ушул ойго келгенде мумкун терскенчилерге маани болмокбуз жана алар менен тыгыз иштешмекбиз. Көпчүлүк билгендей эле, отунчулардын коомдук орду өтө төмөн. Бир эле отун эмес, терскенчилердин жашоосу бул эл менен же болбосо жаратылыш (ресурстары/ырыскы) менен тыгыз байланышта. Ушул эле жылдардын ичинде мен ар кандай «жаратылыш коргоо» долбоорлорун байкадым. Бизде жаратылыш (ресурстары/ырыскы), аяабай көп а бирок терскенчилер долбоорлодон алыс. Ушуларды билип туруп, мен кантип отунчулардын жашоосун тиешелүү элдерге жеткизишим керек болду. Ар кандай аракеттерди кылдым бирок натыйжага жетбедим.

 

Ошентип жүрүп, 2016 жылы мен (http://www.highlandasia.net) окмуштуулар менен иштеп калдым. Бул мен үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду себеби терскенчилер аркылуу Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусун (ТБАО) Мургаб элинин жашоосун документальный тасма аркылуу кичине четин ачышка мүмкүнчүк түздү. Билебиз Мургабта кыйын каармандар көп, а бирок бул тасма аркылуу мен бир эле отунчулардын ордун белгилебестен, башка маанилүү көйгөйлөрдү көтөрдүм. Алар, жаш балдардын келечеги, билим, каада салт, тарых, журтчулук, жашоо шарт жана башка көйгөйлөрдү көрсөтө алдым. Менин негизги максатым, ушул сыяктуу иштер аркылуу Мургаб элинин көйгөйлөрүн белгилебестен, мүмкүнчүлүккө жол ачуу. Андан сырткары, бул тасманы Мургабдагы кичинекей балдар кыздары көрсүн деп тартып. Алардын келечегине оң таасир этишине ишенем.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены