Мургаб элинин мурастары

Мургаб элинин мурастары

Урматтуу жердештер жакында "Мургаб элинин мурастары" китебинин бет ачары болду.

 

Бул китепте Тажикстан Республикасынын Мургаб районунун жалпы тарыхы, маданияты жана табияты тууралуу маалыматтар камтылды. Мургаб районунун аймагы жайгашкан Сары-Кол өрөөнү илгертен бери өзүнүн татаал климаты менен, бай тарыхы, нукура элдик маданияты менен белгилүү.

 

Ошол касиеттүү, ыйык мурастарды кийинкн муундарга калтыруу жана алар тууралуу кеңири маалымат берүү максатында жалпы Сары-Кол жергесинин тарыхы, чыгаан инсандары, элдик үрп, адат-каада салт, элдик оозеки чыгармачылык, кол өнөрчүлүк, акындык, ырчылык өнөрлөр менен катар эле райондун экономикалык, социалдык өнүгүүсү изилденип чыгып даярдалып киргизилди.

 

Китеп үч бөлүмдөн турат.

 

Биринчи бөлүгүндө Сары-Кол жергесинин тарыхы, тарыхый инсандар, Мургаб районунун жергиликтүү мамлекеттик уюмдары, райондун жетекчилери тууралуу маалыматтар камтылган.

 

Экинчи бөлүгүндө Сары-Кол жергесинин табияты, жаратылышы, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү тууралуу маалыматтарды аласыз.

 

Ал эми китептин үчүнчү бөлүгү Сары-Кол жергесинин маданиятына, башкача айтканда элдик үрп, адат, каада-салтына байланышкан оозеки баяндар. кызыктуу окуялар, уламыштар камтылган.

 

Түзүүчүлөр: Ж. Ибраимова,

                        С. Таджидинов.

Сүрөттөр Баястан Небреходжоевке таандык

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены