Мургаб чеберлери-Сары Кол көчмөн маданиятынын жарчылары

Мургаб чеберлери-Сары Кол көчмөн маданиятынын жарчылары

Мургаб районундагы ACTED эл аралык уюму, Кристенсен фондунун колдоосу менен 2017-жылдын 23-30-июнь күндөрү Чүй ѳрѳѳнүндө Чункурчак жайлоосунда өткѳрүлгөн “Кийиз дүйнө - көчмөн руху” көчмөн турмушка тиешелүү салттуу билимдерди сактап калуу жана өнүктүрүүгө карай багытталган долбоорго, Мургаб районунун алты фермердик чарбасынан уз аялдардын катыштырып келди.

 

Долбоордун алкагында, жайлоодо боз үйлөр тигилип, көчмөн жашоо-тиричилиги практика жүзүндө ишке ашырылды. Долбоордун концепциясына ылайык бул күндөрү атайын тандалып алынган катышуучулар, уюуштуруучулар жана салттуу билимди алып жүрүүчүлөр салттуу кол-өнөрчүлүк, салт-санаа, узчулук, тамак-аш боюнча тажырыйба алмашуу түрүндө окутуу-көрсөтүүлөрдү өткөрүшту. Ошого ылайык райондон барышкан уз-чебер айымдарга АКТЕД уюму тарабынан 500 сомониге атайын кездемелер жана ийне, жип алынып берилип, ал эжей- лер чеберчилик окутууларга катышышып, улуттук салттуу стилде бычылган көйнөктөрдү өздөрүнө жараштыра тигип кийип жогоруда аталган долбоордун катышуучуларына көрсөтүштү.

 

Негизги басым кыргыз элинин салттык көчмөн кийимдерин калыбына келтирүүгө багытталып, баардык катышуучулар өзү тиккен кийимдерин кийип, жайлоодо нукура көчмөн жашоосунда жашап келишти.

 

murgab-cheberleri-sary-kol-k-chm-n-madaniiatynyn-zharchylary 2 murgab-cheberleri-sary-kol-k-chm-n-madaniiatynyn-zharchylary 3

 

Чүй ѳрѳѳнүндөгү Арашан айылындагы Чункурчак жайлоосунда өткѳрүлгөн “Кийиз дүйнө - көчмөн руху” көчмөн турмушка тиешелүү салттуу билимдерди сактап калуу жана өнүктүрүүгө карай багытталган иш чаранын катышуучусу Казыева Паризат Султановнанын эскерүүсүнөн:

 

Бул долбоордун алкагында бул иш чаранын уюштуруучусу Айдай Асангулова өзүнүн мастер-классында кыргыз элинин салттуу билимдерин алып жүрүүчү чебер-уздары менен сары колдук чеберлердин өз ара тажырыйба алмашуулары болду. Бул эсте каларлык иш чарада салттуу кол өнөрчүлүк, элечек ороо, улуттук тамак-аштарды даярдоо, ар түрдүү өрүмдөр, салттуу кийимдерди тигүү боюнча тажырыйба алмашып келдик. Биздин уз-чеберлерибиз эң сонун жана баалуу билимдердин күбөсү болду жана үйрөнүштү. Эң негизгиси биз дагы өзүбүз тиккен салттуу улуттук кийимдерибизди кийип, ошол күндөрү ата-бабаларыбыздын чыныгы жашоо-турмушунда жашап, кыргыз жайлоосунун жашоо ыракатын баштан кечирдик.

 

Эң негизгиси, бул жайлоо фестивалында биз кыргыз элибиздин көптөгөн баалуу салттуу билимдери боюнча тажрыйба алмаштык. “Кийиз дүйнө-көчмөн руху” долбоорунун уюштуруучусу Айдай Асангулова жана АКТЕД уюмунун менеджери Суюнтбек Тажидинов Мургаб районунан барышкан айымдарга бардык шарттарды түзүп, иш чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, иш сапарыбыз натыйжалуу жана эсте каларлык болду. Мен жалпы биздин чеберлер тобунун атынан ушул демөөрчөлөргө, уюштуруучуларга алкышымды айтамын жана иштерине ийгиликтерди каалаймын!

 

Агай

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены