Мургаб: Балдарын окуудан калтыргандар жазаланат

Мургаб: Балдарын окуудан калтыргандар жазаланат

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусундагы Мургаб районунун билим берүү бөлүмү жергиликтүү малчыларга балдарын окуудан калтырса айып пул төлөшөрүн эскертип жатат.

Шарты катаал Мургабда негизинен этникалык кыргыздар жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү малчылык менен тиричилик кылат. Малчылар адатта май айынан октябрга чейин жайлоодо болот. Мунун алдында кыздарын мектепке жөнөтпөй койгон топозчуга 20 миң сомони, башкача айтканда 2 миң доллардан ашык өлчөмдөгү айып пул салган эле.

 

Мургабда жергиликтүү сот топозчу Тайыр Жакыповго үч кызын окуудан калтырганына байланыштуу айып пул салды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси, тактап айтканда "негизги, милдеттүү билим алууга тоскоолдук жараткан" деген айып тагылды.

 

Murgab baldard okuudan 2Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мунир Шикориев "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришинче, Жакыпов 9-класста жана 5-класста окуган эки кызын мектепке жиберген эмес, жетидеги кичүү кызын болсо сентябрда 1-класска бербей койгон.

 

- Алардын атасы чабан, кыштоого, жайлоого чыгат. Кыздары окууга барбай кошо көчүп-конуп жүргөн. Биз азыр алардын ата-энесине билимдин мааниси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Алар малчылык менен алектене беришсин, бирок бул балдарынын билим алуусуна тоскоол болбошу керек.

 

"Азаттыктын" тажик кызматы Тайыр Жакыпов менен байланышканда ал кыздарын окуудан калтырууга аргасыз болгонун, үйдө аларды жалгыз калтыра алышпаганын, малчылык алардын жалгыз кирешеси экенин айтып берген. Бишкекте жашаган кыргыз-тажик жазуучусу Мирзахалим Каримов тажик бийликтеринин балдардын билим алуусуна тыкыр көз салып жатканын кубаттады, бирок айып пулдун өлчөмү өтө чоң экенин айтып сынга алды:

 

Murgab baldard okuudan 3- Негизи 20 миң сомони деген айып пул өтө эле оор. Ал жерде адамдардын тиричилик деңгээли, кирешелери өтө эле төмөн. Бул өтө эле аша чаап кеткен айып пул. Бирок негизи ушул маселеде Тажикстандын билим берүү системасы, же билим берүү саясаты дейбизби мен аны жактырам. Азыр Кыргызстанда деле балдарын мектепке жөнөтпөй койгондор, диний билим алууга бергендер болуп жатпайбы. Тажикстанда бул маселени абдан катуу кармап жатат. Илгери малчылар тоо-ташка кеткенде алардын балдары интернаттарда калчу, өкмөт тамак-аш менен камсыз кылып турчу. Бирок азыр Тажикстан бул маселени колго ала албай жатат. Эгер ошондой шарт болсо ал балдарын ошондой жайга калтырмак да. Анан айла жок тоого балдары менен кошо кеткен. Аны эми моюн толгоп кетти, мамлекеттин саясатына, мыйзамына баш ийбейт дегенине ишенбейм. Мен ал жактагы кыргыздарды жакшы билем, алар тажик мыйзамдарын сыйлайт. Эмомали Рахмаон дагы жыл сайын болбосо да анда-санда келип, кабар алып, жакшы камкордук көрүп жүргөн.

 

Мирзахалим Каримов балдарын ар кандай себептер менен мектептен калтырууга аргасыз болуп жаткан малчылар маселесинде жергиликтүү бийликтин дагы күнөөсү бар деп эсептейт:

 

- Ал жакта аким бар. Ошол аким эмне кылат? Алар президенттин түз буйругу менен депутат да болуп шайланышат. Ошол аким ушул маселени көтөрбөйбү. Ошол жерде бир бечара кыргыз топоз багып жүрсө, балдарын айылга калтырганга адам болбосо ошолордун маселесин карабайбы. Жерге-Талдын да, Мургабдын да акими атайын квота менен парламентке депутат болуп шайланышат. Ал жакта эми бир ууч эле калды, Кыргызстанга да көчүп келгендер бар. Ошол жакта жашагандардын укугун ошол акимдер коргошу керек. Аларга жардам бергендин ордуна ушундай кылганга нааразымын.

 

Бул макала жазылып жаткан чакта Мургабдагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен байланышып, комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

 

Аталган райондо 16 миңден ашуун адам жашайт жана анын теңинен көбү этникалык кыргыздар болуп саналат. Райондо 10 кыргыз, эки тажик мектеби бар, анда эки миңден ашуун окуучу билим алат.

Дополнительная информация

Автор:
Элеонора Бейшенбек кызы
Источник:
https://www.azattyk.org/

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены