«Мугалим болом»: Памирлик Парвийнанын кыялы (видео)

«Мугалим болом»: Памирлик Парвийнанын кыялы (видео)

Кичи Памирден Кыргызстанга билим алууга келген этникалык кыргыздардын бири — 8 жаштагы Парвийна Нурланбек кызы Нарын шаарындагы мектептердин биринде 2-класста билим алууда. Ал келечекте класс жетекчисиндей мугалим болуп, балдарга билим берүүнү кыялданат. Максатты бийик коюп, ага аракет кылган памирлик Парвийна менен аймактык кабарчы маектешти.


«Мен Жапар Чолпонбаев атындагы №10 орто мектебинин 2-классында окуйм. 5 кыз, 16 бала болуп чогуу окуйбуз. Сабактарымды жалаң "4", "5" деген баага окуйм. Кыргыз тили жана орус тили сабагы аябай жагат. Тамгалардын баарын билем, китепти да жакшы окуп калдым. Чоңойгондо класс жетекчим Алтынай эжемдей мугалим болгум келет», - деди ал.


Күндөлүгүмө тапшырмаларды жазам. Эжейлер жакшы окусам, баа коюп берет. Дептерлериме да жалаң "4","5" деген баалар коюлган.

 

mugalim-bolom-pamirlik-parviinanyn-kyialy 2 mugalim-bolom-pamirlik-parviinanyn-kyialy 3 mugalim-bolom-pamirlik-parviinanyn-kyialy 4

 

«Парвийна сабактардан жазган дептерин, күндөлүгүн көрсөтүп, орус тилинде ыр дагы айтып берди.


Буквы разные писать тонким пёрышком в тетрадь,

Учат в школе, учат в школе, учат в школе.

Вычитать и умножать, малышей не обижать,

Учат в школе, учат в школе, учат в школе.

Вычитать и умножать, малышей не обижать,

Учат в школе, учат в школе, учат в школе — ушул ырды орус тил сабагынан жаттаганбыз», - дейт ал.


Парвийна үйдөн сабактарына даярданып бүткөндөн кийин бөбөгүн карап, апасына жардам берет. Ал 3 бир туугандын экинчиси.


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены