Мугалим агай, эжекелерге

Мугалим агай, эжекелерге

Бизди окуткан агай, эжекелерибизге чын жүрөктөн ыр дестебизди сунабыз жана ошондой эле узун өмүр, чың ден-соолук каалайбыз. Абдыкадыр Ахмедшарипов, Бакир Абдыкадыров, Муса Абдраимов, Шермат Жусупов, Мажит Зайырбеков, Кубатбек Кудайбердиев, Сыпайы Имаева, Касиет Ахмедшарипова, Какен Иманалиева, Алмахан Султанова, Алима Файзулдаева, Зоя (Буужан) Акботоева, Зулпу Сайназарова, Саламат Саякбаева, Мырза Гапаров, Анатай Өмүрканов, Эрнис Турсунов, Мелис Искаков, Малика эже жана башкалар.

 

Ошондой эле Бишкек шаарындагы Архитектуралык Университеттин мугалимдери Базарбай Боронбаев, Тагай Мурзаевдерге.

 


                            МУГАЛИМ

 

                             -1-

Мугалим суусу соолбос кайнар булак,
Мугалим сулуу гана арча дарак.
Мугалим жарык нурун кенен чачкан,
Мугалим кылымдарга өчпөс чырак.

 

Мугалим илим-билим жолун самап,
Мугалим жаштар үчүн сыймык тагат.
Мугалим мөмө-жемиш дарак бизге,
Жүрөктө түбөлүккө ардакталат.

 

Мугалим ата-энедей мээрим төккөн,
Мугалим көзүмдү ачкан медер көркөм.
Биз дагы унутпайбыз, эскеребиз,
Мугалим агай, эже беттен өпсөм.

                         -2-

Мугалим тагдыр, турмуш жолун ачкан,
Мугалим чын жүрөктөн өчпөс дастан.
Памир, Ош, Чүй жактарга тарап кеткен,
Көрүүгө биз куштарбыз кайра баштан.

 

Мугалим учурашат жылуу сурап,
Мугалим асмандагы Ай, Күн сымак.
Картайып элүү ашып баратсак да,
Сиздерге окуучулар ырын сунат.

 

                         -//-

 

Халил Мурзахматов
Мургаб району

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены