Мектептердин арасындагы жаш мугалимдерге жардам берүү 2018-2019-окуу жылы

Мектептердин арасындагы жаш мугалимдерге жардам берүү 2018-2019-окуу жылы

Мектептердин арасында атайын ар бир предметтер боюнча методикалык бирикме уюшулган, бул метод бирикменин уюшулган себеби, жаңыдан келген жаш кадрларга өтө жакшы таасирин тийгизе тургандыгын көрдүк. Алып карай турган болсок, ноябрь айында №9 мекемесинде математика, физика, информатика боюнча методика өтүлдү. Мугалим К.Назирова математикадан ачык сабак жана физиканы окутуунун жаңы методикасы боюн- ча М.Эргешов реферат окуду жана талкууланды.

 

Декабрь айында №5 Конокбаев мектебинде, физика сабагынан ачык сабак Абдиламитова жана И.Назиров математиканы окутуунун кээ бир усулдары боючна семинар өттү. Мугалим К.Эркинбаев окуучулар арасында 10-11 класстар арасында акыл ордо өттү.

 

Февраль айында №12 Н.Карабаев мектебинде Доорубекова 7-класска ачык сабак, Ахунбаева эжеке 10-11- класстарга акыл ордо таймашуусу өттү. Жаш мугалимрдерин журнал менен кандай иштөө боюнча Иганбердиев агай реферат окуду жана талкууланды жана ошондой эле февраль айында №1 А.Ахмедшарипов мектебинде Г.Турдуматова ачык сабак математикадан өттү. Окууда сабактан жетишпеген балдар менен иштөө боюнча Май- ранбаева эжеке реферат окуду жана талкууланды жана Б.Парманова менен Рысбаев тарабынан “Адис чакыруучу” жана “Кандай адам мугалим боло алат” деген темада семинар өтүлүп, метод бирикмелер жаш кадрларга тарбиялоодо өтө көп пайдасы тийе тургандыгын көрдүк. №1, №5, №9, №12 мектептердин математика, информатика, физика мугалимдери активтүү катышып жатышат, билим берүү бөлүмүнөн С. Сатаркулов дайыма текше- рип турат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены